Иран согушу жана күч сыноосу

Иран согушу жана күч сыноосу
Америка жана яхудий түзүмү тарабынан Иранга каршы башталган агрессиялык согуш жөн гана Перс булуңу аймагындагы аскерий операция эмес. Бул Американын күч-кубат чегин жана дүйнөлүк системанын тең салмактуулугу тез өзгөрүп жаткан өткөөл мезгилде жаңы аймактык кагылышууларга катышуу кудуретин сыноо болуп эсептелет.
Аскерий күч маанилүү болсо да, жалгыз өзү ири стратегиялык максаттарды ишке ашырууга жетишсиз. Согуштар Перс булуңу сыяктуу сезимтал аймактардагы дүйнөлүк экономика, эл аралык энергия базарлары жана дүйнөлүк соода менен тыгыз байланышта. Айрыкча, бул аймак дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун бири болгон Ормуз кысыгына жакын жайгашкан. Ал аркылуу дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүлөрүнүн 20%ы өтөт.
Америка башында Иран менен согуш убактылуу аскерий кагылышуу менен гана чектелет деп эсептеген. Бирок ал бул согуш өз күчүнүн чектерин жана дүйнөлүк системанын кудуретин катуу сынай турган маселеге айланарын аңдаган эмес.
Согуштун биринчи күнүнөн тартып эле анын президенти Трамп Иран үстүнөн тез жеңишке жетишүү планын жарыялаган. Бирок согушка удаа окуялар бул дооматтардын туура эмес экенин көрсөттү. Натыйжада, Трамп аргасыздан Европа жана НАТОдогу союздаштарынан, ошондой эле Кытай, Австралия жана Япониядан Ормуз кысыгындагы кеме жүрүшүн камсыз кылуу үчүн жардам сурады. Башкача айтканда, алардан Иранга каршы согушка көмөк сурады. Бул болсо жарыяланган «тез жеңиш» планына иш жүзүндө карама-каршы келет.
Иран Ормуз кысыгын оңой жаап, андагы кеме жүрүшүн үзгүлтүккө учуратканы дүйнөлүк экономиканы чыныгы энергия кризисинин алдында калтырды. Бул согуштун уланышы дүйнөлүк тынчсыздануунун көлөмүн ачык көрсөттү. Ошондой эле бул Перс булуңундагы ар кандай аскерий кагылыш эч качан жөн гана аймактык маселе болуп калбастыгын, тескерисинче, дароо глобалдык экономикалык маселеге айланып кетерин тастыктады.
Учурда бул аймакта жүрүп жаткан согуш бүтүндөй дүйнөгө таасир этүүдө. Иран бул согуш аркылуу жаңы тоскоолдук эрежелерин бекемдөөгө аракет кылууда. Ал өзүнүн башкаруу режимин кулап калуудан сактап калууну, баш ийүүдөн баш тартууну жана көз каранды мамлекет деңгээлине түшүп калбоону көздөйт. Ошондуктан ал Америка жана яхудий түзүмү тарабынан берилген катуу соккуларды сиңирип, курмандыктарга барып, өз элинин азап-тозогуна сабыр кылууда. Максаты өз ордун сактап калуу жана кырк жылдан бери карманып келген башкаруу моделин улантуу.
Ал эми Европа болсо, Перс булуңундагы кеме жүрүшүн коргоо үчүн Трамп администрациясы сунуштаган деңиз альянсына Америка менен толук кошулуу маселесинде ачык эки анжы позицияда болууда. Бул алардын ортосундагы ажырым канчалык кеңейгенин жана тарыхый салттуу альянска олуттуу сокку урулганын көрсөтөт. Германия канцлери Фридрих Мерц бул согушка карата Европанын позициясын мындай деп билдирген: «Жакынкы Чыгыштагы согуш НАТОго тиешелүү эмес, ошондуктан Германия аскерий жактан кийлигишпейт». Ал тургай, Иранды ооздуктоо максатында Трамп администрациясы менен макул болгон айрым европалыктар да согушту тез жана ишенимдүү токтотуу боюнча так биргелешкен план жок экенин ачык айта башташты.
Ал эми Россия менен Кытай аскерий аралашуунун өнүгүшүн этияттык менен байкап турушат. Алар Американын Перс булуңундагы баткакка батып кетишин каалашат жана аны узакка созулган, пайдасы жок согуштарга аралаштыруу аркылуу алсыратууга умтулушат. Мындай согуштар анын күчүн сарптап, андан кийин алар аймакта өздөрүнүн экономикалык жана саясий таасирин күчөтүүгө аракет кылышат.
Согуштун уланышы Ормуз кысыгынын эки тарабында мунай ташуучу кемелердин топтолушуна алып келип, алардын өтүшүн токтотту. Бул азырынча бир баррел мунай баасын 120 долларга чейин көтөрдү. Эгер согуш дагы бир нече жума уланса, ал 200 долларга чейин жетиши мүмкүн. Бул болсо дүйнөлүк рецессия коркунучун күчөтүүдө, айрыкча Иран тараптан Перс булуңу өлкөлөрүндөгү мунай жана газ объектилерине ракеталык соккулар жасалган соң бул кооптонуулар дагы да артты.
Албетте, бул согуш жакынкы жылдарда дүйнөлүк системанын жаңы көрүнүштөрүн калыптандырат. Айрыкча Трамп администрациясынын Иранга багынуу формасын таңуулоодо ийгиликке жете албаганы о.э. Иран жетекчилигин өзгөртүп, режимди кулатуу максатында да ийгиликке жетпегени анык болду. Натыйжада бул максаттардан ачык артка чегинүү болуп, анын ордуна Америка эми Ирандын өзөктүк жана ракета программаларын гана жок кылууну көздөйт деген дооматка “кайтты”.
Ирандын Америка жана яхудий түзүмү ага каршы кол салуусуна берген жообу, Трамп администрациясы күткөндөй формалдуу жана чектелген жооп эмес, тескерисинче, таасирдүү жооп болду. Бул жооп яхудий түзүмүнө жана Булуң өлкөлөрүнө ракета атуу менен гана чектелбестен, Ормуз кысыгын толук көзөмөлгө алып, аны жабуу аркылуу дүйнөлүк экономикага таасир этүүдө да көрүндү.
Ошондой эле Иран Ливандагы өз партиясынын картасын күтүлгөндөн да жогорку деңгээлде колдонуп, яхудий түзүмүн кайрадан 1980-жылдардагыдай “Ливан сазына” батыруу идеяларын жандандырды. Зарыл учурда хусийлер картасын да андан жогорку деңгээлде колдонорун кыйытты.
Чынында эле бир катар америкалык билдирүүлөр муну тастыктап, Трамптын командасы “кеминде эки нерсени туура эмес баалады: Биринчиси, Иран бул жолу согушту жөн гана чектелген тосмо катары эмес, түзүмдүк коркунуч катары кабыл алып жооп берет деп эсептеген эмес. Экинчиси, Ормуз кысыгы жана энергия факторунун таасирин тез эле көзөмөлгө алууга болот деп ойлогон. Ошондуктан администрация согуш учурунда пландарын өзгөртүүгө аргасыз болду. Шашылыш дипломатиялык эвакуациялардан тартып, күйүүчү май баасын төмөндөтүү жолдорун издөөгө чейин, андан соң кечиккен түрдө танкерлерди коштоп жүрүү тууралуу сөз кылууга чейин барды. Бирок кийин америкалык деңиз флоту бул коштоо азыркы учурда жогорку коркунучтардан улам мүмкүн эмес деп эсептей турганы белгилүү болду.
Көрүнүп тургандай, Трамп администрациясы азыр аброюн сактап калуу үчүн маселеден чыгуу жолдорун издеп жатат, айрыкча согуштун узарышына каршы катуу саясий каршылык шартында, ошондой эле Американын жакында боло турган ноябрь айындагы орто мөөнөттүү шайлоолорго тийгизе турган терс таасиринен кооптонуу бар.
Болжол боюнча, Трамп жалган түрдө ири жеңишке жетишкенин жарыялап, өз күчтөрү Иран кубатын 90%дан ашык деңгээлде жок кылганын жана аны жыйырма жыл артка кайтарганын айтат. Ошондой эле аны курчоону жана санкцияларды улантарын, шарттарына толук макул болгонго чейин сокку урууну уланта берерин билдирет.
Башка жагынан алганда, бул согуш эл аралык деңиз кысыктары аркылуу эркин навигациянын өтө алсыз экенин жана чоң державалардын мындай кысыктарды коргой албастыгын ачып берди. Ошондой эле дүйнөлүк экономиканын назиктигин жана анын энергия булактарына тыгыз көз карандылыгын көрсөттү. Бул болсо эл аралык системадагы америкалык үстөмдүктүн алсырап баратканын, бир полярдуу дүйнө идеясынын ийгиликсиздигин жана Трамптын Америка жалгыз үстөмдүк кылган жаңы эл аралык тартипти түзүү аракеттеринин да ийгиликсиз болгонун дагы бир жолу тастыктады.
Роя гезити
Абу Хамза ал-Хатвани




