Иран согушу убактылуу токтотулат

Иран согушу убактылуу токтотулат
Дональд Трамп АКШ Ирандын энергетикалык инфраструктурасына сокку урууну эки жумага жылдырганын билдирди. Анын айтымында, бул чечим Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана аскер башчысы Асим Мунир менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган. Алар кырдаалды жумшартуу үчүн соккуларды токтотуп турууну өтүнүшкөн.
Тыныгуунун шарты катары Иран Ормуз кысыгын тез жана коопсуз ачууга макул болгон. Ошондой эле, ушул мөөнөттө Вашингтон менен Тегерандын ортосунда эки тараптуу ок атышпоо режими сакталат.
Трамп АКШнын аскерлери Жакынкы Чыгышта коюлган максаттарды ашыра аткарганын, ошондуктан сүйлөшүүлөр үчүн мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Маалыматтарга ылайык, Кытай да Иран менен байланышып, убактылуу тынчтыкка макул болууга үндөгөн.
Мындан тышкары, АКШ Ирандан 10 пункттан турган сунуш алган, ал келечектеги сүйлөшүүлөр үчүн негиз боло алат. Трамп эки жуманын ичинде толук макулдашууга жетишүүгө үмүттөнөт. Ошондой эле, «Израил» бул убактылуу ок атышпоону колдой турганы айтылды.
Ал эми Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары бул кадамды АКШнын чегиниши катары баалап, Иранды жеңүүчү деп жарыялады.




