Исламий баяндаманы «салт жана орточулук» деген ат менен бириктирүү конференциясы

Исламий баяндаманы «салт жана орточулук» деген ат менен бириктирүү конференциясы
2026-жылдын 15-февралында, жекшемби күнү, Вакф министрлигинин биринчи конференция иш-чаралары «Исламий баяндаманын биримдиги» деген аталышта Дамасктагы Конгресс сарайында башталды. Конференция мамлекет башчылыгы жана Жогорку фатва кеңешинин камкордугу алдында өтүп, ага Сирия аймактарындагы ар кандай илимий жана даъват мектептерден расмий жана диний өкүлдөр, аалымдар жана даъватчылар катышты. Конференция жыйынтыктоочу документке киргизилген бир катар тыянактар менен аяктады. Массалык маалымат каражаттары, анын ичинде расмий САНА агенттиги, алтынчы принципке өзгөчө көңүл буруп, конференция диний баяндаманы салттуулук жана орточолук негизинде бириктирүүнү максат кыларын баса белгилешти.
Диний баяндаманы салттуулук жана орточолук негизинде бириктирүү идеясы — «диний баяндаманы жаңылоо» деген түшүнүктүн башкача көрүнүшү болуп саналат. Батыш мамлекеттери «катуу», «экстремисттик» жана «радикалдык» деп мүнөздөлгөн баяндамаларга каршы ушул түшүнүктү бизге таңуулоого аракет кылышууда.
Конференциянын жыйынтыктоочу хартиясынын алтынчы принцибинде мындай деп айтылган: салттуулук жана орточолук — исламий негизги манхаж болуп саналат жана ар кандай диний баяндаманы чектен чыгуудан жана кемчиликке жол берүүдөн алыс кармап туруучу өлчөм болуп эсептелет. Аллах Таала айтат:
﴿وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطاً لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ ويَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيداً﴾
«Биз о.э силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдөн күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо (адилеттүү) бир үммөт кылдык».
(Бакара: 143).
Демек, максат диний баяндаманы тартипке салуу, башкача айтканда, шаръий өкүмдөрдү жана фатваларды ушул болжолдуу негизге ылайык жөнгө салуу. Бул негиз кандай гана болбосун диний баяндаманы багыттап турат жана чектен чыгуу же кемчилик тарапка ооп кетиши мүмкүн болгон башка түшүнүктөргө каршы коюлат. Бирок бул аяттын чыныгы мааниси кандай? Ал чынында эле орточолук жана салттуулук манхажына далил болобу же башка нерсени билдиреби?
Хафиз Ибн Касир мындай деген:
«Аллах Тааланын: «Биз о.э силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдөн күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо (адилеттүү) бир үммөт кылдык». – деген сөзү тууралуу: Биз силерди үммөттөрдүн эң мыктылары кылуу үчүн Ибрахим (алейхиссалам)дын кыбыласына бурдук жана аны силер үчүн тандадык. Кыямат күнү силер башка үммөттөргө күбө болосуңар, анткени баары силердин артыкчылыгыңарды моюнга алышат. Бул жердеги “орточо” деген — эң жакшы, эң тандалган деген маанини билдирет. Мисалы: “Курайш арабдардын орточосу” деп айтылат, башкача айтканда, алардын эң мыктысы. Аллахтын элчиси ﷺ да өз коому ичинде “орточо” болгон, башкача айтканда, теги боюнча эң ардактуусу. Ушул сыяктуу эле “ортоңку намаз” — намаздардын эң фазилаттуусу болгон аср намазы. Ал сахих хадистерде жана башка риваяттарда келген. Аллах бул үммөттү “орточо” кылганда, аны эң толук шарият, эң түз манхаждар жана эң ачык мазхабдар менен өзгөчөлөдү. Аллах Таала айткан:
﴿وَجَاهِدُوا فِي اللَّهِ حَقَّ جِهَادِهِ هُوَ اجْتَبَاكُمْ وَمَا جَعَلَ عَلَيْكُمْ فِي الدِّينِ مِنْ حَرَجٍ مِّلَّةَ أَبِيكُمْ إِبْرَاهِيمَ هُوَ سَمَّاكُمُ الْمُسْلِمينَ مِن قَبْلُ وَفِي هَذَا لِيَكُونَ الرَّسُولُ شَهِيدًا عَلَيْكُمْ وَتَكُونُوا شُهَدَاء عَلَى النَّاسِ﴾
“Жана да Алла (жолунда) чыныгы жихад менен жихад кылгыла! Анын Өзү силерди (ушул ыйык дин үчүн) тандады жана бул динде силерге бир да хараж-тарлык кылбады. Атаңар Ибрахимдин динин (Исламды кармагыла)! Тээ (Кыямат Күндө) пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болсун үчүн, силер болсо (бардык диндердеги) адамдар үстүндө күбө болушуңар үчүн (Алланын) Өзү силерди мурда(гы ыйык Китептерде) да, мына ушул (Куранда) да мусулмандар (тактап айтканда Өзүнүн динине моюн сунуучулар) деп атады”. (Хаж: 78). Ибн Касирдин сөзү ушу менен аяктады.
Демек, «орточо» дегендин мааниси ушундай: ал — артыкчылык жана жакшылык дегенди билдирет, ошондой эле күбөлүк берүүдө болушу зарыл болгон адилеттик сапатын да камтыйт. Бул — Пайгамбар ﷺдын үммөтү үчүн шарт болуп саналат. Алар Кыямат күнү башка үммөттөргө пайгамбарлардын билдирүүлөрү жеткенине күбө болушат.
Бул түшүнүк Батышты ыраазы кылган «салттуу, орточо баяндаманын» түшүнүгүнө карама-каршы келет. Анткени ал баяндаманын максаты — Ислам өкүмдөрүн заманга ылайыкташтыруу үчүн өзгөртүү. Ошондой эле ал жашоонун акыйкатына Ислам менен өкүм жүргүзүүгө чакырган жана момундар менен каапырлардын ортосунда ажырымды белгилөөгө үндөгөн ар кандай исламий баяндаманы «экстремисттик» деп эсептеп, аны Ислам буйруган салттуулукка каршы деп карайт.
Батыш Исламды болгону этек кир, тазалык, намаз, ажылык жана жеке ибадаттарга байланыштуу өкүмдөрдө гана сурала турган дин болушун каалайт. Ал эми дүйнөнүн саясий, экономикалык жана коомдук түзүлүшүн өзгөртө турган, адамзаттын бактысыздык себеби болгон капиталисттик түзүмгө альтернатива боло турган Исламды каалабайт. Ошондуктан Батыш азыркы Сирия башкаруусуна мамлекетте жана коомдо Исламды кабыл албоону таңуулап, Исламды мечиттерде жана жеке абалга байланыштуу айрым мыйзамдардын чегинде гана калтырууну талап кылууда. Ошондой эле Сирияда Исламды жашоонун бардык тармактарын камтыган толук түзүм катары кабыл алган чыныгы исламий мамлекетти талап кылган ар кандай исламий багытка же баяндамаларга каршы күрөшүүнү да талап кылууда.
Ошондуктан бул конференцияны уюштурган аалымдар жана шейхтер үчүн эң туурасы — ушул жыйында Сирия башкаруусун исламий шариятты колдонууга чакырып, өлкөдөгү светтик башкаруу доорун токтотууну талап кылуу болмок. Анткени Ислам өкүмү гана бардык көйгөйлөрүбүздү чечүүгө жана исламий мазхабдар менен тайпалардын ортосундагы пикир келишпестиктерди кыскартууга кепил болот. Усул аалымдары белгилегендей, имамдын өкүмү пикир келишпестикти жоёт.
Демек, маселе исламий баяндамалардын көптүгүндө эмес, маселе үммөттүн иштерин Ислам өкүмдөрү менен башкарган, аны бириктирген, алсыздарын коргогон, чегараларын сактаган жана жүз жылдык кордук, алсыздык, чачырандылык, жоготуу жана Батыш менен Чыгышка көз карандылыктан кийин ага кайрадан аброй жана татыктуу жашоону кайтарып берген жетекчинин жоктугунда.
Роя гезити




