Ислам шарияты Исламдан ажырабайт жана келечек үчүн жаңы жолдун жалгыз үмүтү

Басма сөз баянаты
Ислам шарияты Исламдан ажырабайт жана келечек үчүн жаңы жолдун жалгыз үмүтү
Мусулмандар Исламды колдойбу?! Бул көптөгөн даниялык маалымат каражаттары, саясатчылар жана өзүн «адис» деп атагандар үчүн бардык өлчөөлөр боюнча чоң көйгөй болуп саналат. Бул көрүнүшкө каршы күрөшүү үчүн тыюу салуудан тартып соттук куугунтукка алуу жана көзөмөл жүргүзүүгө чейин ар кандай сунуштар айтылды.
«Исламдык көз караш» (Det Islamiske Perspektiv) подкастынын чакан бөлүгүндө жарыяланган «ачыктоого» карата нааразы реакциялар да болду. Мен, «Хизб ут-Тахрир» партиясынын дагы эки мүчөсү менен бирге, «Сиз шариятты колдойсузбу?» деген аталышта YouTube жана социалдык тармактарда ачык жарыяланган бул чыгарылышка катышкам.
Бул ызы-чуу жараткан чыгарылышта алдын ала айтылгандай, коомдогу Исламга каршы айрым күчтөрдүн шарият түшүнүгүн коомдук талкууда жалаң денелик жазага гана кыскартууга болгон өжөр аракетинен келип чыгууда. Бул аркылуу алар мусулмандарды шарияттан алыстоого мажбурлоону көздөшөт.
Шарият – жашоону жөнгө салуучу исламий өкүмдөр менен эрежелердин жыйындысы. Ал жеке иштерден тартып коомдук мамилелерге, коом түзүлүшүнө, саясатка, экономикага, ал тургай кылмыш мыйзамдарына чейин камтыган толук жашоо тартиби болуп саналат. Башкача айтканда, шарият – мусулмандар ар дайым толук колдонуп келген Исламдын ажырагыс бөлүгү.
Бирок шарият мындан алда канча кеңири. Биздин көз алдыбызда батыш дүйнөлүк тартиби баалуулуктары жана саясаттары менен кыйрап жаткан учурда, «демократиялык өзүн-өзү коргоо» деген ат менен аскерий баскынчылык жүргүзгөн геноцид жана этникалык тазалоо колдоого алынып, куралдандырылып жаткан учурда, жалган берилгендик жана биримдик күн алдында шүүдүрүмдөй жок болуп, союздаштар бийлик жана таза капиталисттик кызыкчылыктар үчүн жанталашып бири-бирине каршы чыгып жаткан учурда, ошондой эле батыштын саясий, сакофий жана экономикалык элитасынын чокусу күтүлгөндөй системалуу ахлактык бузулуу жана коррупциянын кеңири бузук тармагындай ыдырап жаткан ушул заманда шарият, башкача айтканда исламий жашоо түзүмү, жалгыз чыныгы альтернатива болуп саналат.
«Хизб ут-Тахрир» партиясы бул түзүмдү исламий өлкөлөрдө кайра орнотууга, адамдардын исламий ишенимдерине ылайык башкарууну кайра негиздөөгө жана жаңы адилеттүү жетекчиликти орнотууга умтулат. Бул аркылуу элдер кайрадан шарияттын ырайымына жетишип, батыш капиталисттик колонизаторлугунан жана текебер сакофий үстөмдүгүнөн бошонушу үчүн аракет кылынат.
Геноцидди колдогон «сары» маалымат каражаттарынын эч кандай өнөктүгү да, элдерге сунуштай турган чыныгы баалуулуктары жок үмүтсүз саясатчылардын коркутуулары да бизди бул иштен тосо албайт. Ошондой эле, Исламдын жашоого болгон ырайымдуу көз карашын жана анын түзүмдөрүн колдонуп, ушул оор замандан чыгууну каалаган ар бир адамга жеткирүүдөн токтото албайт.
Ильяс Мурабит
Хизб ут-Тахрирдин Даниядагы маалымат өкүлү
04.02.26




