Испания базалары Иранга каршы согушта АКШ тарабынан колдонулуусуна тыюу салды

Испания базалары Иранга каршы согушта АКШ тарабынан колдонулуусуна тыюу салды
Жаңылык:
“FlightRadar24” сайты дүйшөмбү күнү 15 америкалык аскерий учак Испаниянын түштүгүндөгү Морон де ла Фронтера жана Рота базаларынан чыгып кеткенин көрсөттү. Бул Мадрид АКШга бул эки базаны Иранга сокку урууда колдонууга уруксат берүүдөн баш тарткандан кийин болду. (Al Jazeera Net).
Комментарий:
Бул дагы бир акыйкатты ачкан согуш болду. Яхудийлердин Газага каршы жүргүзгөн согушу, анда жер менен жексен кылынган шаарлар, бомбалоо, ачарчылык, суук жана оорулар аркылуу өлтүрүлгөн эл… эми болсо Америка менен яхудий түзүмүнүн Иранга каршы согушу. Бул окуялар башкаруучулар өздөрүнүн эле калкын колдоодо канчалык алсыз экенин ашкереледи.
Адамзаттын аң-сезими жетпей турган кыйраткыч согуштар жүрүп жатат, ал эми мусулман башкаруучулары болсо айыптоо, нааразылык жана кагаз жүзүндөгү билдирүүлөр менен гана чектелип жатышат. Ошол эле учурда Испания өзүнүн каршылыгын билдирип, Американын чечимдерине “жок” деп айтууда. Бул же Иранга каршы согушка каршы болгону үчүн, же болбосо өз өлкөсүндөгү базаларды колдонуу боюнча коюлган шарттарды сактаганы үчүн. Эгер Америка алардын ортосундагы келишимден тышкары бир нерсе талап кылса, анда Испания Американын таңуулоосун четке кагууга укуктуу.
Мына ушул нерсе биздин башкаруучуларда жетишпей жатат. Газага каршы яхудий согушунда да, Иранга каршы согушунда да алардан бир да эстеп калчу намыстуу позиция көргөн жокпуз.
Мусулман өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө америкалык аскерий базалар бар. Бул өлкөлөрдүн башкаруучулары ал базаларды чыгарып, жаап салышы керек эле. Ошондой эле Америка менен Батышка нефтини токтотушу керек болчу, анткени нефть алардын жашоосунун негизги тамыры. Бирок жогоруда айтылгандай, алардан мусулмандарга каршы жүргүзүлгөн согуштарды т.а. Газага, Иранга, Сирияга же Ливанга каршы согуштарды четке каккан бир да позиция чыккан жок.
Негизи эле мусулман жерлеринде кафир колонизаторлордун аскерий базалары болбошу керек. Бул базалар мусулман өлкөлөрүнө каршы кол салуунун башталыш чекитине айланса, эң чоң кырсык болот. Бул ачык саткынчылык жана колонизатор кафирлер менен бирге кутумга баруу болуп саналат.
Ошондуктан үммөт бул майда башкаруучуларга каршы турушу керек, алардан кутулуп, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелеп, мусулмандарды коргоо жана мусулман өлкөлөрүнө кол салган кафирлерге каршы туруу үчүн армияларды даярдашы керек.
Сюзан Аль-Мужарат




