Афганистандагы боордошторго көңүл айтабыз

Афганистандагы боордошторго көңүл айтабыз
Афганистандын чыгышында 1-сентябрь түнү катуу жер титирөө жүз берди. Анын акыбетинде, акыркы маалыматтарга ылайык, 800дөн ашуун адам курман болуп, 3000ден ашуун адам жаракат алганы айтылууда. Афган бийлиги бул сандар дагы көбөйүшүн айтып, жардам сурап кайрылды.
Биринчиден, биз зилзалада курман болгондор үчүн көңүл айтып, Аллах аларды Өз рахматына алышын жана курман болгондордун жакындарына бекем сабыр беришин, жаракат алгандарга шыпаа беришин сурайбыз. Ошондой эле ушул хадиске негизделип, Аллах Таала курман болгондорду шахиддердин катарына кошуусун сурап дуа кылабыз:
«أَلشُّهَدَاءُ خَمْسَةٌ: اَلْمَطْعُونُ، وَالْمَبْطُونُ، وَالْغَرِيقُ، وَصَاحِبُ الْهَدَمِ، وَشَهِيدٌ فِي سَبِيلِ اللهِ»
«Шахиддер беш түрдүү болот: өлөт менен ооруп өлгөн, ич оорусу менен өлгөн, чөгүп өлгөн, урандылар астында калган жана Аллах жолунда шахид болгон кишилер». (Бухарий).
Момун мусулман башка үммөттөрдөн айырмаланат. Себеби, ал Аллахтын казасы өзгөрүлгүс экенин, бул бир гана Аллах Субханаху ва Таалага белгилүү болгон хикмат себептүү жүз беришин билет. Ошондуктан, Аллахтын ыраазылыгын үмүт кылып, башка түшкөн ар кандай абалга сабыр кылуубуз кажет. Расулуллах ﷺ айтат:
«عَجَباً لِأَمْرِ الْمُؤْمِنِ إِنَّ أَمْرَهُ كُلَّهُ خَيْرٌ وَلَيْسَ ذَاكَ لِأَحَدٍ إِلَّا لِلْمُؤْمِنِ إِنْ أَصَابَتْهُ سَرَّاءُ شَكَرَ فَكَانَ خَيْراً لَهُ وَإِنْ أَصَابَتْهُ ضَرَّاءُ صَبَرَ فَكَانَ خَيْراً لَهُ»
«Момундун иши ажайып. Анткени, анын ар бир ишинде жакшылык бар. Андай мүмкүнчүлүк момундан башка эч кимде жок. Эгер, ага бирер кубаныч жетсе, шүгүр кылат, бул ага жакшылык болот. Эгер, ага жамандык жетсе, сабыр кылат, бул да ага жакшылык болот». (Муслим).
Андыктан бул сыяктуу табигый кырсыктардан ибрат алып, алар Аллахтын эскертүүсү жана сыноосу деп кабылдап, Аллахтын буйрук-кайтарууларын бекем карманып жашоого аракет кылышыбыз керек.
Тилекке каршы бүгүн мусулман Үммөтү элүүдөн ашуун мамлекеттерге бөлүп жиберилген. Ошондуктан куфр дүйнөсү орноткон бул чек аралар себептүү мусулмандар өз бурадарларына талап кылынгандай жардам берүүгө кудуретсиз. Бирок бул Үммөттө Ислам себептүү улуу фазилет бар, Ислам себептүү алар бири-бирин жакшы көрүшөт жана бири-бирине жардамга келишет. Анткени ал Пайгамбар r мүнөздөгөн Үммөт болууга ашыгат.
«مَثَلُ الْمُؤمِنِينَ فِيْ تَوَادِّهِمْ وَتَرَاحُمِهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ مَثَلَ الْجَسَدِ، إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى»
«Момундардын бири-бирине болгон жакшы көрүүлөрү, мээримдүүлүгү, боорукерликтери бир денеге окшойт. Эгер анын бирер мүчөсү ооруп калса, дененин калган бөлүгү да уйкусуз болуп, ысытмалап чыгат». (Муслим).
Андыктан, ушул оор учурда бүткүл Ислам Үммөтүн өз бурадарларына жардам берүүгө чакырабыз.
Дагы бир ирет Аллах Таала набыт болгон бурадарларыбызды рахматына алып, жаракат алгандарга шыпаа беришин жана кырсыкта аман калгандарды Өз баанегинде коргошун сурайбыз:
﴿الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ * أُولَئِكَ عَلَيْهِمْ صَلَوَاتٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَرَحْمَةٌ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُهْتَدُونَ﴾
«Бирер мусийбат келгенде: «Албетте, биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз Ага кайтуучубуз, деген сабыр кылуучуларга кушкабар бергин. Дал ошолорго гана Роббилери тарабынан салават жана рахмат бар. Мына ошолор акыйкат жолду табуучулар». [2:156].
Бурана