Кабар

Евросоюз Орто Азия өлкөлөрүндөгү банктарга каршы санкция колдонууну пландап жатат

Евросоюз Орто Азия өлкөлөрүндөгү банктарга каршы санкция колдонууну пландап жатат

«Reuters» агенттиги билдиргендей, Евросоюз Россияга каршы санкциялардын 19-пакетине Орто Азиядагы эки өлкөнүн банктарын да камтууну көздөп жатат. Агенттик маселе финансылык мекемелер жөнүндө болуп жатканын билдирип, бирок санкцияга кабылчу Орто Азия өлкөлөрүн жана банктарын ачыктаган жок. Маалымат каражаттары санкциялардын колдонушулушуна Орто Азия өлкөлөрүнүн Россия менен кызматташып жатышканын, ошондой эле Евросоюздун санкциялык режими ыктымалдуу бузулгандыгын себеп катары көрсөтүп жатышат. Ага карабастан, санкциялардын пакети толук жыйынтыктала элек, пакет Евросоюзга мүчө-мамлекеттердин талкуусуна коюлат.

Баса белгилей кетсек, апрель айында өткөн «Орто Азия – Евросоюз» саммитинде тараптар санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө үстүндө кызматташууга келишишкен. Корутунду декларацияда бул маселе эки тараптуу кызматташуунун «маанилүү аспекти» деп аталган. Ал эми, андан мурун Кыргызстандын эки банкына АКШ жана Британия тарабынан санкциялар киргизилген. Ал учурда да бул эки өлкө Кыргызстан санкцияларды айланып өтүп жатат деп шылтоо келтиришкен. Өлкө башчысы муну өлкөгө басым катары баалап, айыптаган.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button