Кабар

Тышкы соода жарым жылда 8,7 млрд долларды түздү

Тышкы соода жарым жылда 8,7 млрд долларды түздү

Улуттук статистика комитети билдиришинче, Кыргызстандын тышкы соодасы 2025-жылдын январь-июль айларына карата 8,7 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 6,4 пайызга азайган. Экспорт 13,3 пайызга азайып, 1,5 млрд долларды, импорт 4,8 пайызга азайып, 7,2 млрд долларды түздү.

Бул көрсөткүч жарым жылдын жыйынтыгы, ал эми жалпы жылдын эсеби боюнча тышкы сооданын көлөмү өсүшү күтүлөт. Бирок, тышкы соода жылдан-жылга көбөйүп жатканына карабастан, абал өтө оор бойдон калууда. Себеби тышкы сооданын 84 пайызын импорт түзөт, экспорт болгону 16 пайызга гана барабар. Мындай кырдаал капиталдын өлкөдөн сыртка чыгып кетишине алып келет жана өлкөнү импорттон көз каранды мамлекетке айлантат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button