Түрк мамлекеттер уюмунун келечеги канчалык?

Президент Садыр Жапаров Венгрияда Түрк мамлекеттери уюмунун лидерлеринин бейформал саммитине катышуу үчүн Будапешт шаарына иш сапары менен барды. Иш-чара 20-21-май күндөрү өттү. Уюмдун байкоочу макамындагы өлкө – Венгрияда өткөн бейформал жолугушуунун темасы “Чыгыш менен Батыштын кесилишкен жери” деп аталды.
Иш-чаранын жыйынтыгында Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Будапешт декларациясы кабыл алынды. Анын алкагында, соода, байланыш, энергетика, санариптик трансформация, маданий мурас жана аймактык коопсуздук боюнча кызматташуунун жол картасы түзүлдү. Ошондой эле, Афганистан боюнча Мамлекет башчылар кеңешинин билдирүүсү кабыл алынды. Башкача айтканда, ТМУ бул өлкөдөгү өзгөрүүлөргө карата бирдиктүү позицияда болмокчу.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстандын Уюмга мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү соңку төрт жыл ичинде дээрлик 2 эсеге өскөнүн билдирди. Ошондой эле транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын атап өттү.
Уюмда агалык ролду аткарган Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган сүйлөгөн сөзүндө, ТМУ бир катар кыйынчылык, тоскоолдуктарды басып өткөнүн белгиледи. Ошондой эле, Кипр маселесине токтолуп, Түрк дүйнөсү Түндүк Кипрдин эркиндик үчүн күрөшүн колдоого алышы керектигин, аз убакыт аралыгында Түндүк Кипрдин уюмга мүчө болуп кабыл алынышын үмүт кылаарын айтып өттү. Мунун артынан Түндүк Кипрге Түрк Академиясына байкоочу статусу берилди. Буга чейин, Борбор Азия өлкөлөрү Европа биримдиги менен Өзбекстанда өткөн саммитте Түндүк Кипрдин эгемендигин түздөн-түз тааныбай турган декларацияга кол коюшкан. Муну менен Европа АКШнын Борбордук Азиядагы саясатын жүргүзүүчү Түркияга сокку урган эле.
Мындан тышкары, Эрдоган Газадагы калк тирүүлөй тозокто жашап жатканын айтып, баскынчы яхудий премьер-министрин мамлекеттик деңгээлде тосуп алган Венгриянын позициясына сүкүт сактады. Ошондой эле, Украина согушундагы Түркиянын ортомчулук ролунун маанисин жана Сириядагы согуштук кырдаалдын жыйынтыкталышы үчүн кошкон салымын белгилеп өттү. Чындыгында, Эрдоган Сириядагы кырдаалды Америка кызыкчылыгы үчүн бурууга бүткүл аракетин жумшады. Мындан улам, Америка анын ички саясаттагы аброюн көтөрүү үчүн Түркияны эл аралык маселелер чечилүүчү борбор катары көрсөтүүдө. Бул өз кезегинде Түркияда күчөп жаткан оппозициянын каршысында Эрдоганды салмактуу көрсөтмөкчү.
Америка муну менен катар Түркияга Борбор Азия аймагында улутчулдук туйгуларды козгоо аркылуу Россия менен Кытайдын таасирин кыскартуу ролун берген. Анткени, 175 миллион калкы бар, 4, 5 млн чарчы чакырым аймакты ээлеген жана 2,1 трлн Ички дүң продукциясы бар түрк дүйнөсү колонизаторлордун кызыкчылыгы кесилишкен чекит болуп эсептелет.
Бул уюмду мусулман дүйнөсүн куткаруучу катары карагандар да бар. А бирок, турмуш чындыгы мунун тескерисин көрсөтүүдө. Алыс барбай эле, 7-октябрь окуясынан кийинки абалды карасак, Азербайжан менен Казакстан Түркия аркылуу баскынчы яхудий өкмөтүн мунай жана газ менен камсыздап келүүдө. Газага бир уурттам суу жеткире албай жаткан бул өкмөттөр жөөт вужудуна азык-түлүк жана кийим-кечелерди да экспорттоп жатышат. Мындан белгилүү болгондой, Түрк мамлекеттери уюму эч качан мусулмандар жөнүндө кайгырбайт жана аларды коргобойт. Бул уюм Кытайда зулумдук чегип жаткан уйгурлар маселесинде позициясын билдирип: “Бул Кытайдын ички иши, биз башка мамлекеттердин ички иштерине аралашпайбыз”, – деп айткан. Демек, Түрк мамлекеттери уюму Американын колундагы бир курал болуп, расмий Вашингтон аймактагы мамлекеттерге Эрдоган аркылуу таасир өткөрүүгө аракет кылат. Андыктан, Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнө АКШнын стратегиясынын алкагындагы иш катары карашыбыз керек.
Мумтаз Маверанахрий