Кабар
Электр энергиясы: быйылкы кыш эң оор болот

Электр энергиясы: быйылкы кыш эң оор болот
Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөнүн энергетика тармагын эки жылда кризистен чыгаруу пландалып жатканын билдирди. Министр өлкөдө 2025-2026-жылдардагы кыш мезгили эң оор болорун белгиледи. Анын айтымында, быйылкы кыш мезгилинин оор болушунун себеби – Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү мурунку жылдарга караганда аз.
Буга чейин Энергетика министринин орун басары Эмилбек Ысманов Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 1,6 млрд кубометрге аз экенин, кыш мезгилине чейин суунун көлөмүн талап кылынган деңгээлге чейин чогултуу мүмкүн эместигин билдирген.