Макала
Trending

Кадрдык өзгөрүүлөр өнүгүүгө алып келеби?

Кадрдык өзгөрүүлөр өнүгүүгө алып келеби?

Кыргызстанда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин анын орун басарлары жана мекеменин Бишкек шаардык жана облус жетекчилери да алмашты. Муну менен катар айрым министрлер, Ош шаарынын мэри, парламент төрагасы жана айрым парламент депутаттарынын мандаты да алмашты. Кадрдык өзгөрүүлөр мындан ары да уланышы күтүлүп жатат.

Мындан тышкары, Ташиевге жакын айрым коопсуздук кызматкерлери “коррупция” беренеси менен, айрым аткаминерлер “массалык башаламандык” беренеси менен камакка алынды.  А бирок, президент Жапаров тарабынан жасалып жаткан бул “реформалар” калктын турмушуна канчалык таасирин тийгизет? Бул “реформалар” аркылуу өнүгүүгө жете алабызбы?

Жогорудагы өзгөрүүлөрдү “реформадан” мурда бийликтин эки колдон бир колго өтүүсү катары бааласак туура болот. Анткени, бийликтин табияты, айрыкча диктатурага ыктаган президенттик башкаруунун табияты бийликтин бөлүнүүсүнө каршы келет. Буга кошумча, өлкөдө президенттик башкаруу менен катар капиталисттик мыйзамдар колдонулат. Ал эми капиталисттик мыйзамдар “инвестор”, “ишкердик” шылтоолору астында бир ууч бай адамдарга шарт түзүү үчүн кабыл алынат. Натыйжада, өлкөнүн табигый ресурстары жана башка байлыктары ушул бир ууч адамдын колуна топтоло берет. Ал эми, жогорудагыдай “реформа” же бийликтин алмашуусу менен мына ушул байлыктар бир топтон экинчи топтогу адамдардын колуна өтөт. Муну “кустурузация” аркылуу жасалган иштердин жыйынтыгы да ачык көрсөтүп турат. Бул иштер менен 100 млрд сом топтолгону расмий айтылган. Ал эми, сол чөнтөккө солонгон айрым каражаттардын издери эмитен эле көрүнө баштады.

“Кустуризация” окуясынан эл капитализм чеңгелинде эзилип жатышканын билип алса болот. Мисалы, канча деген ишканалар жана мүлктөр конфискация болду. Алар мамлекет тарабынан бир байдан тартып алынды. Эми мамлекет аларды аукционго коюп сатып жатат. Б.а. бир байдан тартып алып, кайра экинчи байга сатып жатат. Б.а. алар дагы бир капиталистти байытат. Мындан сырткары, бюджетке түшкөн бөлүгүн кайра эле “эпчил” корррупционер чиновниктер тарабынан өздөштүрүп алынат.

Мындан тышкары, Кыргызстанга окшогон “өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө” эске алуу шарт болгон жагдай бар. Бул аймактагы Орусия, Кытай жана Америка, Европа сыяктуу колонизатор мамлекеттердин таасири. Алар табигый ресурстарды ташып кетүү жана Борбор Азия сыяктуу калкы жыш жайгашкан аймактарды өз товарлары үчүн базар катары колдонуу үчүн басым куралдарын колдонушат. Маселен, Батыш “демократия баалуулуктары” шылтоосу менен эл аралык уюмдар аркылуу басым жасаса, Орусия стратегиялык продукцияларды, мигранттарды, негизги эл аралык жолдорду басым куралы катары колдонот. Ал эми, Кытай жеңил берилген кредиттер аркылуу өзүнүн кызыкчылыгына ылайык келишимдерди түзүп ал аркылуу басымын өткөрөт. Демек, өлкөнүн негизги байлыгы жергиликтүү капиталисттерден тышкары колонизатор капиталисттердин пайдасы үчүн ташылып кетет.

Ошентип, табигый түрдө, капитализмде бай менен кедейлердин арасындагы ажырым улам тереңдеп бара берет. Эгер дүйнөлүк тенденцияны карай турган болсок, дүйнөдөгү 1% байлар дүйнөлүк байлыктын 50%ына ээлик кылары, дүйнөдөгү 10% байлар дүйнөлүк байлыктын 80%ына ээлик кылары, ал эми, алардан арткан 20% байлык калган 90% калктын үлүшүнө туура келери аныкталган.

Демек, бизде капиталисттик мыйзамдар колдонулган соң, өнүгүү демилгелери бийлик жана анын тегерегиндеги бир ууч адамдарга гана пайда алып келет. Ал эми, негизги үлүш сырткы капиталисттер үчүн кызмат кылат.

Мунун каршысында, Исламдын өнүгүү тууралуу өз көз карашы бар. Исламда экономикалык жетишкендик калктын негизги муктаждыктарын (тамак-аш, үй-жай, кийим) толук камсыздоо жана камалий муктаждыктарын да камсыздоого аракет кылуу менен өлчөнөт. Бул көз караш Исламдын бардык проблемага чечим бере турган мабдасынан келип чыгат. Ислам мабдасынын жашоодо колдонулушу колонизаторлордун аймактан кууп чыгарылышын, калктын коопсуздук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана инфратүзүм менен толук камсыздалышын билдирет. Андыктан, кыргыз калкы кадрдык өзгөрүүлөр аркылуу жасалып жаткан “реформаларга” алданбай, өз Исламыбызды жашоого алып келүүгө, аны менен эки дүйнө бактысына жетишүүгө аракет кылышыбыз зарыл.

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button