Кайра камсыздандыруу: Акчанын багыты өзгөргөнү менен түбү ошол боюнча

Кайра камсыздандыруу: Акчанын багыты өзгөргөнү менен түбү ошол боюнча
Министрлер Кабинети «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомун кайра камсыздандыруу боюнча улуттук оператор катары аныктоону сунуштаган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ Президенттин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 жарлыгын аткаруу максатында даярдалган жана расмий түрдө, камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоордо МКУга негизги кайра камсыздандыруучу статусун берүү, камсыздандыруу компанияларынын 10 пайыздан кем эмес болгон тобокелдиктерин МКУга өткөрүп берүү милдетин жүктөө жана бул үлүштү жыл сайын 50 пайызга чейин жогорулатуу, Евразия кайра камсыздандыруу компаниясына багытталган тобокелдиктерди бир гана МКУ аркылуу өткөрүү эрежесин киргизүү каралууда.
Долбоордо көрсөтүлгөндөй, 2024-жылы камсыздандыруу тобокелдиктеринин 85 пайызы чет өлкөлөргө кайра камсыздандырылып, анын суммасы 1,27 миллиард сомду түзгөн. Уставдык капиталы 1,1 миллиард сомдон ашкан жана толугу менен мамлекетке таандык болгон МКУ, бул ролду өзүнө алууга институттук жактан даяр экени, ал эми келечекте капиталды бюджеттин эсебинен дагы көбөйтүү пландалып жатканы белгиленген.
Бирок бул демилгени сын көз караш менен карасак, ал жарандардын кызыкчылыгын коргоого багытталбаганы жана коомдун камсыздандырууга болгон ишенимсиздиги сыяктуу негизги көйгөйлөрдүн бирин да чечпестиги ачыкталат. Кайра камсыздандыруу – бул камсыздандыруу рыногунун ички каржылык түзүмү, анын камсыздандырылган тараптын укуктарына, кепилдиктерине же анын реалдуу корголушуна түздөн-түз тиешеси жок. Жөнөкөй жаран үчүн келишимдердин шарттары да, төлөмдөрдүн ачыктыгы да, камсыздандыруучулардын жоопкерчилиги да мурдагы бойдон калып, эч нерсе өзгөрүлбөйт. Болгону акчанын кыймылдоо багыты гана өзгөрүп, ал чет өлкөгө чыгып кетпестен, өлкө ичинде, мамлекеттин башкаруусунда калат.
Бул демилге, негизинен камсыздандырууну адилетсиз жана манипуляциялык модель катары түшүндүрбөстөн тескерисинче, аны ого бетер кубаттоодо. Камсыздандыруу мүлктү, ден соолукту же өмүрдү жоготуп алуу коркунучун колдонууга негизделген бизнес бойдон калууда. Жарандарга жасалма „ишеним“ үчүн дайыма акча төлөп туруу сунушталат, бирок чынында көпчүлүк учурда алар же камсыздандыруу учуруна такыр туш келбейт, же ал учур келип жеткенде, алар ар кандай чектөөлөрдүн, расмий баш тартуулардын жана төлөмдөрдүн кечиктирилүүсүнүн капканында калат. Камсыздандыруудагы „кепилдик“, чынында кепилдик эмес, жада калса милдет эмес. Ал болгону чыныгы сыноо учурунда жок болуп кетүүчү жарнамалык термин.
Улуттук кайра камсыздандыруу операторунун түзүлүшү, бул көйгөйдү чечпейт. Тескерисинче, аны институттук деңгээлге көтөрүп, бекемдеп коёт. Андан сырткары, МКУ мамлекеттик компания болгондуктан, мүмкүн болгон чыгымдар жана тобокелдиктер акыры келип бюджетке, тагыраагы жарандардын өздөрүнө кайра жүктөлөт жана бул нерсе, башынан эле камсыздандырууга ишенбеген жана аны адилеттүү деп эсептебеген жарандарды да камтып кетет. Андыктан, бул долбоордон түшө турган пайда системанын ичинде калат, ал эми жоопкерчилик болсо, күңүрттөлөт.
Шарият, коммерциялык камсыздандыруу системасын түп тамырынан бери жол берилгис (арам) деп баалайт. Бизде, бул тыюуну кеңири ачып бере турган көптөгөн макалалар бар. Бирок кыскача айтканда, ал ашыкча белгисиздикке (гарарга) негизделген, анткени тараптардын бири да теңме-тең алмашуу болорун, билишпейт. Ошондой эле, ал өзүнүн ичинде кумар оюнунун элементин (майсирди) камтыйт, себеби, келишимдин жыйынтыгы кокустукка негизделет. Тагыраагы, анда бир тарап утуп, экинчи тарап утулат. Камсыздандыруунун сүткорлукка (рибага) да байланышы бар. Ал каражаттарды инвестициялоо ыкмалары аркылуу рибага байланышкан жана кепилденген кайтарымсыз бирөөнүн мүлкүн ээлеп алууга негизделет. Ал эми бул болсо, бири-биринин мүлкүн адилетсиз жегенге, шарият тыюу салган өкүмгө түздөн-түз карама-каршы келет.
Исламда кырсыктар менен жоготуулар, Аллахтын эрки менен болот деп ишенилет жана алар соода-сатыктын буюму катары бааланбайт. Ошондой эле, Ислам тагдырдан коркуу сезими, пайда табуунун куралына айланбашы керек деген принципке таянат. Ал эми «Кепилдик» деген терминдин өзү, исламдагы тагдыр жана кадар ишенимине, анын кутулгус экендигин түшүнүү жагынан да, а түгүл акыл-эс жагынан да чындыкка такыр туура келбейт.
Исламий көз карашта, мындай демилгелер туура же акталган деп таанылышы мүмкүн эмес. Себеби, алар камсыздандыруунун арам болгон негизин жок кылбастан, тескерисинче, аны өздөрү үчүн туруктуураак жана башкарууга ыңгайлуураак кылышууда. Бул адилетсиз системадан баш тартуу эмес, тескерисинче, каржылык туруктуулук жана улуттук кызыкчылыктар деген ураандар астында аны тереңдетүүгө жана мыйзамдаштырууга багытталган аракет. Бул ураандардын артында, дагы деле адамдын эркинен тышкары болгон нерселер аркылуу жана коркуу сезиминен капиталисттик жол менен пайда табуу максаты жашырылып жатат.
Хужжат Жамия




