Комментарий
Trending

Капиталисттик система ыдырап, өз денесин өзү жеп баштадыбы?

Капиталисттик система ыдырап, өз денесин өзү жеп баштадыбы?

 Жаңылык:

Франциянын президенттик администрациясы Париж Түндүк Атлантика альянсынан (НАТО) Гренландияда аскердик машыгууларды өткөрүүнү талап кыларын жарыялады. Бул кадам аймактын коопсуздугун чыңдоо максатын көздөйт жана аралды өз карамагына алууга умтулган АКШ менен чыңалуунун күчөшү шартында жасалууда.

Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Франция президенти өз билдирүүсүндө чакырылган аскердик машыгууларга катышууга даяр экенин тастыктады. Бул ошол эле маалда АКШ президенти Дональд Трамп Дания мамлекетине караштуу Гренландияны аннексиялоо ниетин кайрадан ачык билдирип жаткан учурга туура келди. Bloomberg ошондой эле бул кадам Трамптын нааразычылыгын жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Ал ушул аптада Гренландия боюнча пландарына каршы чыккан Европа өлкөлөрүнө февраль айынан тартып 10% өлчөмүндө бажы алымдарын киргизүү менен коркуткан. (Al Jazeera)

Комментарий:

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк капиталисттик система мындан ары «тарыхтын аягы» катары адамзаттын саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн эң жогорку чегин, сунуштаган үлгү боло албай турганын  далилдеди. Арт-артынан чыккан кризистер, ички карама-каршылыктар жана ири күч борборлорунун ортосундагы тирешүүлөр бул системанын өзүн-өзү жей баштаганын күн сайын айгинелеп жатат. Ал көп мактанып келген баалуулуктар адамга эмес, капитал менен күчкө кызмат кылган куралдар экени ачылып калды.

АКШ менен Европанын Гренландия боюнча күчөп жаткан талашы капиталисттик ниеттердин чыныгы жүзүн ачык көрсөтүп турат. Табигый байлыктары өтө мол жана геосаясий жактан өзгөчө мааниге ээ болгон Гренландия союздаштардын өз ара күрөш майданына айланды. Бул жерде демократия, элдердин өз тагдырын өзү аныктоо укугу тууралуу сөздөр жок болуп, алардын ордун кызыкчылык, үстөмдүк жана соодалашуу тили басты.

Өзүн эл аралык мыйзамдарга негизделген дүйнөлүк тартиптин коргоочусу катары көрсөтүп келген АКШ Гренландияга стратегиялык товар катары мамиле кылуудан жана аны сатып алуу же саясий басым аркылуу алууга аракет кылуудан тартынган жок. Ал эми Европа «адеп-ахлактык эгемендүүлүк» деген доомат менен рыноктун жана күчтүн логикасына моюн сунуунун ортосунда калды. Бул карама-каршылык өзгөчө көрүнүш эмес, тескерисинче, пайданы бардык нерседен жогору койгон капиталисттик ой жүгүртүүнүн негизги эрежеси болуп саналат.

Тажрыйба далилдегендей, капиталисттик көз караштагы демократия туруктуу гуманисттик баалуулук эмес, тескерисинче кызыкчылыкка кызмат кылган учурда колдонулуучу, ал эми тоскоол болгондо тебеленүүчү курал болуп чыкты. Эркиндик жана адам укуктары тууралуу ураандар атаандаштарга каршы көтөрүлөт, бирок сөз байлыкка, стратегиялык өткөөлдөргө же саясий таасирге келгенде, алар толугу менен унутта калат.

Гренландия үчүн күрөш, башка көптөгөн жаңжалдар сыяктуу эле, капиталисттик мамлекеттер адилеттик же элдердин эркин урматтоо принциби менен эмес, пайда менен чыгымдын эсеби аркылуу башкарыларын айкын көрсөтөт. Адеп-ахлак менен акча кагылышкан учурда, акыркы чечимди ар дайым акча чыгарат.

Бул кризис жөн гана географиялык талаштан алда канча терең. Бул бүтүндөй бир системанын кризиси. Бүгүн капитализм ички ыдыроого, өз борборлорунун ортосундагы тирешүүгө жана моралдык мыйзамдуулугунун жоголушуна туш болууда. Ал өз элдерин да, башкаларды да адилеттик же чыныгы жыргалчылык орнотобуз деп ынандыра албай калды. Тескерисинче, кызыкчылыктын атынан теңсиздикти, адилетсиздикти жана жашыруун согуштарды өндүрүп жатат. Кандай гана система болбосун, өзүнүн жарыялаган баалуулуктарын тебелеп, уюлдарынын ортосундагы күрөш баскычына жетсе, бул анын сырткы көрүнүшү канчалык күчтүү болбосун, кулоонун башталышы экенинин белгиси. Ушул баалуулуктар кыйроосуна каршы, Ислам адам, жашоо жана мамлекет тууралуу адилеттикке негизделген баалуулуктарга таянган. Ал капитализм сыяктуу пайдага, келишимдерге, адамды эксплуатациялоого эмес, аны камкордукка алууга багытталган бүтүн түшүнүктү сунуштайт. Ислам саясатты ахлактан ажыратпайт, акчаны сыйынуучу кудайга айлантпайт, тескерисинче кызыкчылыктарды акыйкаттык жана адилеттик таразасы менен чектейт.

Бүгүн капиталисттик лагердин ичиндеги, анын ичинде Гренландия айланасындагы жаңжалдар — адеп-ахлактык багытынан ажыраган системанын кулашынын көрсөткүчтөрү гана. Беткаптар түшкөн сайын, пайданы адамдан мурун эмес, адамды пайдадан мурун койгон, күчтү эмес, акыйкатты үстөм кылган адилеттүү системага болгон муктаждык курч сезилүүдө. Дал ушул жерде Ислам адамзатты эксплуатациянын караңгылыгынан адилеттик менен ар-намыстын нуруна алып чыга ала турган чыныгы альтернатива экенин дагы бир ирет далилдеп турат.

Абдулазиз

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button