Ким Аллах үчүн мечит курса

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Ким Аллах үчүн мечит курса
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Бул тууралуу Сунан Ибн Мажанын түшүндүрмөсү “Ас-Синди” китебинде “Ким Аллах үчүн мечит курса” бөлүмүндө айтылат:
حدثنا أبو بكرٍ بنُ أبي شيبةَ قال حدثنا يونسُ بنُ محمدٍ قال: حدثنا ليثُ بنُ سعدٍ عن عثمانَ بنِ عبدِ الله بنِ سُراقَةَ العَدَوِيِّ عن عمرَ بنِ الخطابِ قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول: “من بنى مسجدا يذكر فيه اسم الله بنى الله له بيتا في الجنة“
Бизге Абу Бакр ибн Абу Шайба Умар ибн аль-Хаттабдан риваят кылды: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) мындай деп айтканын уктум: “Кимде-ким Аллахтын аты айтылган мечит курса, Аллах ага бейиште үй курат”.
“من بنى مسجدا يذكر فيه اسم الله” “Кимде-ким Аллахтын аты айтылган мечит курса” деген сүйлөм түшүндүрмө абалында, башкача айтканда, ал жерде Аллахтын аты айтылышы үчүн курулган деп айтылгандай, демек, бул Аллах Тааланын ыраазылыгын издеген маанисинде.
“بيتا” “үй” деген сөз белгисиздик менен аны даңктоо, улуу кылуу үчүн айтылган. Ал эми үйдү Аллах Таала курат деп Аллах Таалага таандык кылуу каймана мааниде, башкача айтканда, периштелер аны курууга буйрулган. Же үй жаратылган.
Ибн аль-Жавзи мындай деген: Ким өзүнүн атын өзү курган мечитке жазса, ал чын ыкластуулуктан алыс.
Урматтуу бир туугандар:
Аллах Таала кыпындай жакшылык үчүн да сыйлык берет, ошондуктан мечит куруу сыяктуу улуу ишти жасаган адам үчүн кандай сыйлык бар? Муну кылгандардын сыйлыгы чоң, абдан чоң экени шексиз. Бир жагынан, бул жакшы, анткени ал мусулмандарга пайда алып келет жана Аллах ага сыйлык берет, экинчи жагынан, бул иштин ээси каза болгондон кийин да Аллах Таала каалаган убакытка чейин сакталып турган үзгүлтүксүз ага барып тууручу садака деп эсептелет.
كما جاء في الحديث “إذا مات الإنسان انقطع عمله إلا من ثلاثة، إلا من صدقة جارية، أو علم ينتفع به، أو ولد صالح يدعو له“
Хадисте айтылгандай: “Адам өлгөндө, анын үч амалынан башкасынын амалдары токтойт: үзгүлтүксүз садака, башкаларга пайда алып келүүчү илим же ал үчүн дуба кылган салих бала”.
Эй мусулмандар:
Ушул азап тозоктуу ондогон жылдар бою билген башкаруучуларыңардын абалы, негизинен, мындай деп жатат: ким мечит курган эмес, ким араккана курган, ким сойкукана курган? Мусулман өлкөлөрүндөгү жерлерди кыдырып, карагылачы, бул үйлөрдү көрбөй жатасыңарбы? Арамдыгы ойноштуктун арамдыгынан ашып түшкөн сүткордук үйлөрүн көрбөй жатасыңарбы? Ал тургай Палестинадагы бул коркунучтуу бийлик бул ыйык жерге бутун коёр замат, башка эч нерсе кылбай туруп, казино курган. Оо, мусулмандар, булар силердин башкаруучуларыңар, Батыштын күзөтчү иттери, иттер өздөрүнүн берилгендиги менен белгилүү. Булар буйруктар, кожоюндун кулга берген буйруктары, жана алар үммөттүн ойлору менен сезимдерине карама-каршы келсе да, алардын аткарылышынан качып кутулушпайт. Кудуреттүү Аллах мындай дейт:
“الَّذِينَ إِن مَّكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاة وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنكَرِ“
“Эгерде Биз аларга жер жүзүндө бийлик берсек, намаз окушат, зекет беришет, жакшылыкка буюрушат жана жамандыктан кайтарышат”.
Бирок бул маанисиз адамдардын кылган кылыгы Аллах Таала каалаган нерседен алдаганча алыс. Эгер мусулмандар, алардын куфр иштери ачыкка чыгып, кемчиликтери ачыкка чыккандан кийин да алардын силерге өкүмдар катары туруусу жөнүндө унчукпай турсаңар, анда силердин Аллах Тааланын алдында эч кандай шылтооңор жок. Үммөттүн таңы кайрадан атып жатанканын көрүп туруп жең түрүп ага кол сунбасаңар, силерде эч кандай шылтоо жок. Бул жакшылык революциялары мусулмандардын жерлерин каптап жатат. Бул өзгөрүү мезгили, исламдын жашоодо жок болуусунан кийин кайрадан исламдын кайтып келүү мезгили, Жаратканыбыз, бизге убада кылган Халифалыктын кайтуу мезгили жана урматтуу пайгамбарыбыз, (ага тынчтык жана береке болсун), бизге куш кабар кылган улуу кабары. Менин сүйүктүүлөрүм, жеңиңерди түрүп, бул оор вакыйлыкты өзгөртүү үчүн амал кылуучулардын арасында болобуз деп Аллахка убада бергиле, ошондо силер Кудуреттүү Аллах Өзүнүн Ыйык Китебинде айтып өткөн экинчи топтун катарында болосуңар.
” ثُلَّةٌ مِّنَ الْأَوَّلِينَ {39} وَثُلَّةٌ مِّنَ الْآخِرِينَ“
“Мурунку муундардан бир топ адам жана кийинки муундардан бир топ адам”.
Оо, Аллах, жер жүзүндөгү кулдарыңа мыйзамыңды ишке ашыруу үчүн бизди Өзүңө баш ийүүдө колдон. Оо, Аллах, аамиин, аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 30-ражаб.
2026-ж, 19-январь.
