Ким бул дүйнөдө жакшы же жаман из салcа

Бисмилаахи рахмаанир рахим
Асыл хадис менен
Ким бул дүйнөдө жакшы же жаман из салcа
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Бул тууралуу Сахих Муслимдин шархы, ан-Нававиде “Ким жакшы же жаман из салып кетсе жана ким туура жолго же адашууга чакырса” бөлүмүндө айтылат:
حدثنا يحيى بن أيوب وقتيبة بن سعيد وابن حجر قالوا: حدثنا إسماعيل يعنون ابن جعفر عن العلاء عن أبيه، عن أبي هريرة أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: ” من دعا إلى هدى كان له من الأجر مثل أجور من تبعه، لا ينقص ذلك من أجورهم شيئا، ومن دعا إلى ضلالة كان عليه من الإثم مثل آثام من تبعه، لا ينقص ذلك من آثامهم شيئا“
Бизге Яхья ибн Айюб Абу Хурайрадан (р.а)дан риваят кылат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: “Ким туура жолго чакырса, аны ээрчигендердин сообундай соопко ээ болот, алардын (ээрчигендердин) сообу эч кандай кемибейт. Ал эми ким адашууга чакырса, аны ээрчигендердин күнөөлөрүндөй күнөөгө дуушар болот, алардын (ээрчигендердин) күнөөлөрү эч кандай кемитилбейт.
Эй мусулмандар:
Бул хадистин даъватчы үчүн пайдасы болгондуктан, туура жолго жана жакшылыкка чакырууга үндөө, ошондой эле, жамандыкка чакыруучу чакыруусунан улам адашууга жана күнөөгө батууга дуушар болгондуктан андан сак болуу жөнүндө эскертүү камтылган.
Бүгүнкү күндөгү мусулмандардын абалына көз чаптырган ар бир адам эң кылмышкер жана күнөөкөр адамдар алардын башкаруучулары экенин көрөт. Анткени алар күнү-түнү адашууга чакырышат. Алар талашсыз адаштыруучу жетекчилер. Карапайым адамдардын арасындагы бузукулар жана сарай аалымдары аларга ээрчишет. Ошондуктан алар кыямат күнү канча үммөттүн канчалаган күнөөсүн көтөрүшөт? Алар канчалык күнөө көтөрө алышат? Алар отко канчалык сабырдуу боло алышат! Алар өлүп, арттарынан үзүлбөй барып тура турган күнөө иштердин чексиз мурасын калтырышат. Аларга кайгы болсун жана алар дал ушуга татыктуу.
Мунун каршысында , мусулмандардын халифасы болуп, аларды Аллахтын Китебине жана Анын Пайгамбарынын (ага тынчтык жана береке болсун) сүннөтүнө ылайык башкарса, аларга жакшылыктын жана молчулуктун дарбазалары ачылмак. Анын амал китебине канчалык сооптор жазылмак? Бул нерсе ага канчалык жан жыргатарлык болмок. Мен силерге айтып коёюн, эгер силер амал кылуучулар менен биргеликте бул Халифалыкты тикелөө үчүн амал кылып жатсаңар, силерди куттуктайм. Демек, анын сыйлыгы силердин да сыйлыгыңар. Ин шаа Аллах жакын арада тикелене турган халифа ээ боло турган бул мол жакшылыкты бөлүшкөнүңүздөр үчүн сиздерди, амал кылуучуларды куттуктайм. Анткени силердин эмгегиңерсиз халифа болбойт, ал болбосо сыйлык да болмок эмес.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1447-х, 23-шаьбан.
2026-ж, 11-февраль.
