Комментарий

 Америка согуштардын себепчиси болсо Трамп кантип согуштарды токтотууда “чебер” боло алат?!

 Америка согуштардын себепчиси болсо Трамп кантип согуштарды токтотууда “чебер” боло алат?!

2025-жылдын 12-октябрында Трамп мындай деди: «Азыр Пакистан менен Афганистан ортосунда согуш болуп жатканын угуп жатам. Өзүмө айттым: “Кайтканча күтөм. Мен дагы бир согушту токтотом, анткени мен согуштарды токтотууда чебермин».

Бул жалган жана текебер сөз. Чындыгында, Трамп таңуулап жаткан динсиз жана улутчул дүйнөлүк түзүм мусулмандардын ортосунда тутанып жаткан согуштардын чыныгы себеби. Анткени ал түзүм мусулман элдерди алардын эң катуу душмандары менен союздаш болууга мажбурлайт.

Биринчиден: Пакистан менен Афганистан ортосундагы согуш — бул Дюранд сызыгы деп аталган улутчулдук чек аранын натыйжасы. Ал сызык мусулмандардын денесин экиге бөлүп, ортосуна от жаккан. Мындан тышкары, Трамп орноткон улутчул дүйнөлүк түзүм мусулмандарды элүүдөн ашуун майда мамлекеттерге бөлүп, алардын чек араларын колонизаторлор карталарда өз колдору менен сызып берген.

Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«هَذَا كِتَابٌ مِنْ مُحَمَّدٍ النَّبِيِّ ﷺ بَيْنَ الْمُسْلِمِينَ وَالْمُؤْمِنِينَ مِنْ قُرَيْشٍ وَيَثْرِبَ وَمَنْ تَبِعَهُمْ فَلَحِقَ بِهِمْ وَجَاهَدَ مَعَهُمْ أَنَّهُمْ أُمَّةٌ وَاحِدَةٌ دُونَ النَّاسِ»

«Бул Мухаммад пайгамбар ﷺ  тарабынан курайш жана Ясриб (Медина) мусулмандарына жана аларга кошулуп, алар менен жихад кылган ар бир адамга жиберилген кат. алар башка адамдардан өзгөчө бир үммөт болуп эсептелишет.» (Аль-Байхакы “Сунан ал-Кубра” китебинде риваят кылган).

Эми сурайбыз: ансарлар менен мухажирлер Ислам мамлекети орногондон кийин бири-биринин арасына чек ара койгон беле? Же Мекке фатх болгондон кийин ансарлар Мединаны Меккеден бөлүп, ортосуна сызык тарткан беле? Эмне үчүн бүгүн мусулмандар кафирлер сызып берген улуттук чек араларды кабыл алып, Пайгамбарыбыз ﷺдын буйругуна каршы чыгышат?! Кантип мындай болушу мүмкүн?!

Экинчиден: мусулмандардын душмандары — яхудий түзүмү, индус мамлекети же Америка болобу — алар менен союздар түзүү Трамп таңуулап жаткан светтик дүйнөлүк түзүмдүн жыйынтыгы. Бул түзүм мусулмандардын душмандарын сыйлап, алар менен аскердик жана экономикалык альянстар түзөт. Мунун натыйжасында алар үммөттүн байлыктарын тоноп, ислам өлкөлөрүнө фитна салууга жол табышат.

Динсиздик — бул Исламды саясаттан, экономикадан жана тышкы мамилелерден ажыратуу. Ошондуктан бүгүнкү режимдер мусулман элдерге каршы согушуп жаткандар менен мамиле түзүүдө күнөөдөн башка эч нерсе табышпайт. Аллах Таала мындай деген:

﴿إِنَّمَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَى إِخْرَاجِكُمْ أَنْ تَوَلَّوْهُمْ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾

«Алла силерди жалгыз днниңер туурасында силер менен урушкан, силерди өз журттарыңардан кууп чыгарган жана силерди кууп чыгарууда бири-бирине жардамдашкан кимселерден – алар менен достошууңардан кайтарат. Эгерде ким алар менен достошсо, мына ошолор заалим кимселердин өзү». (Мумтахана: 9).

Эми суроо туулат: Америка Ирак менен Афганистанды басып алып, яхудий түзүмүнө жана индус мамлекетине мусулмандардын жерлерин басып алуу үчүн жардам бергенден кийин анын Исламга болгон душмандыгында шек барбы?! Индия Кашмирди басып алып, исламга каршы күрөшүп жатканда анын мусулмандарга душман экенинде шек барбы?! Яхудий түзүмү жер-суусу берекелүү болгон аймакты басып алып, Газанын өзүн кыйратып жатканда анын мусулмандарга душман экенинде шек барбы?!

Анда кантип Афганистандагы мусулмандар Индия менен союздашууга ыраазы болушат?! Же Пакистандагы мусулмандар кантип Америка менен альянс түзүп, яхудий түзүмү менен алаканы нормалдаштырууга жол беришет?! Кантип?!

Эй Пакистан, Афганистан, басылып алынган Кашмир жана Бангладеш мусулмандары! Аллах Таала айтты:

﴿مَثَلُ الَّذِينَ اتَّخَذُوا مِن دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاءَ كَمَثَلِ الْعَنْكَبُوتِ اتَّخَذَتْ بَيْتاً وَإِنَّ أَوْهَنَ الْبُيُوتِ لَبَيْتُ الْعَنْكَبُوتِ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ﴾

«Алладан өзгө «досторду» тутунган кишилер кудум (өзү үчүн) үй куруп алып, (ошол үйүнөн жардам издеген) жөргөмүшкө окшойт. Албетте үйлөрдүн эң морту жөргөмүштүн уясы. Эгер алар (аны) билишкенде (жөргөмүштүн уясы сыяктуу алсыз буттардан жардам издебеген болушаар эле)». (Анкабут: 41).

Биздин ата-бабаларыбыз Британия колонизаторлугунан бошонушкан, бирок бизди дүйнөлүк динсиз, улутчул жана колонизатордук түзүмдөн бошото алган жок. Ошондуктан биз бүгүн бөлүнүп-жарылып, алсыз абалдабыз. Душмандарыбыз болсо күнү-түнү бизге кол салып турат. Ошондуктан биз өз ара согушуп, душмандарыбыз менен мамиле түзүп жатабыз.

Ислам өлкөлөрүн бошотуп, бириктирүүнүн жалгыз жолу — пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты кайра тикелөө. Анткени ал басылып алынган Ислам жерлерин азат кылат, жана дүйнөнү динсиз, улутчул дүйнөлүк түзүмдөн тазалап, аны кыйратат. Ошондуктан, эй мусулмандар, аны орнотуу үчүн аракет кылгыла!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button