
Афганстан менен Пакистандын ортосундагы фитна
Жаңылык:
Пакистан жана Афганстан ортосунда кан төгүлгөн кагылышуулар уланууда. Пакистан авиациясы Кабулдагы аймактарды бомбалады, ага жооп катары афган жер күчтөрү Пакистандын бир нече аймагындагы чек ара постторуна катуу сокку урду. Бул кагылышууга пуштун тектүү Пакистан талибдер кыймылы да катышып, эки тараптан тең адам жана мүлк жоготуулары болду.
Комментарий:
Бул мусулмандар бири-биринин канын биринчи жолу төгүп жаткан окуя эмес. Бул кандуу чектерди кафир колонизатор болгон Улуу Британия өзү түзүп, «улутчулдук» деген тар түшүнүктөрдү Пакистан менен Афганстандын саясатчыларынын аң-сезимине сиңирип кеткен. Британия аймактан чыгып жатып, Пуштун уруулары жашаган жерлерди Пакистан менен Афганстандын ортосунда бөлүп, элдин жүрөгүнө фитнанын уругун сээп кеткен. Ошондон бери бул уруулар Пакистан режимине каршы ар түрдүү формаларда каршылык көрсөтүп келишет.
Шексиз, Америка жана Индия сыяктуу колонизатор өлкөлөр үчүн Афганстан менен Пакистандын ортосунда согуш тутанып, мусулмандардын каны агып жатканы кубанычтуу көрүнүш. Анткени бул өлкөлөр аймактагы өз кызыкчылыктарын сактап, таасирин күчөтүүгө жана үстөмдүгүн улантууга умтулуп келишет.
Пакистан жана Афганистан мусулмандарына жүктөлгөн милдет – өлкөлөрүнүн ортосундагы бул жасалма чек араларды жокко чыгарып, аймактагы элдерди Аллахтын Китеби жана Анын Пайгамбары ﷺнын Сүннөтү негизинде бириктирген бир Ислам мамлекети алдында биригүү. Ошондой эле, алар дароо Исламга чейинки арабдардын абалына окшош абалдан чыгышы керек. Ал убакта аларды уруулар аралык согуштар жана кастык бөлүп-жарып турган, бул абалдан алардын душмандары пайда көрүшчү. Бул согуштар Ислам акыйдасына, анын шариатына жана мамлекети алдында бириккенге чейин токтобогон.
Аллах Таала айтты:
﴿وَإِن يُرِيدُوا أَن يَخْدَعُوكَ فَإِنَّ حَسْبَكَ اللَّهُ هُوَ الَّذِي أَيَّدَكَ بِنَصْرِهِ وَبِالْمُؤْمِنِينَ * وَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ لَوْ أَنفَقْتَ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعاً مَّا أَلَّفْتَ بَيْنَ قُلُوبِهِمْ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ أَلَّفَ بَيْنَهُم إِنَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ﴾
“Эгер алар сени алдамакчы болушса, анда, албетте сага Алланын өзү жетиштүү. Ал сени Өз жардамы жана момундар менен кубат берген, жанаалардын (момундардын) дилдерин бириктирген Зат. Эгер (сен) жердеги бар нерсени сарптасаң да алардын дилдерин бириктире албаган болоор элең. Бирок Алла аларды бириктирген. Албетте Ал кудуреттүү, даанышман”. (Анфал: 62–63).
Биз Аллахтан бул иш жакында ишке ашсын деп тилейбиз.




