Комментарий
Trending

Газада эл аралык күчтөр түзүлөбү?

Газада эл аралык күчтөр түзүлөбү?

АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине Газада эл аралык коопсуздук күчтөрүн түзүү жөнүндө сунуш жөнөттү. Америкалык аткаминерлер Коопсуздук Кеңешине Газада кеминде 2027-жылдын акырына чейин тышкы көзөмөлдү орнотууну камтыган резолюция долбоорун жөнөтүштү. Демилгеде Газада туруктуулукту камсыздаган эл аралык күчтөрдү түзүү каралган. Бул учурда «Израил» өз күчтөрүн аймактан чыгарып, Палестина администрациясы реформаларды өткөрүп, аймактын башкаруусун өз колуна алат.

Долбоордун талкуусу жакынкы күндөрдө өткөрүлөт, ал эми долбоор боюнча добуш берүү жакынкы апталарда уюштурулат. Долбоорду ишке ашыруу жетекчилигин «Газа боюнча тынчтык кеңеши» өз мойнуна алат, ал эми аны божомолдорго ылайык Трамп башкарат. Америкалык расмийлердин бири айткандай, түзүлчү бул күчтөр «тынчтыкты сактоочу эмес, мажбурлоочу күчтөр» болот. Бул долбоорду ишке ашырууга кошулуу жөнүндө Индонезия, Азербайжан, Мисир жана Түркия өз сунуштарын беришти.

BURANA: ачык-айкын болгондой, Газанын келечек планы кафирлер тарабынан иштелип чыгат. Ал план боюнча Газа «Израилге» эч бир коркунуч жаратпашы керек. Мындан улам, АКШ жана «Израил» үчүн ал жерде ХАМАС сыктуу куралдуу кыймылдардын болушу таптакыр кабыл алгыс маселе. Ушул себептен бул долбоорду ишке ашыруу жараянында Газадагы куралдуу күчтөр менен бул эл аралык күчтөр ортосунда кагылышуу болушу мүмкүн. Себеби, америкалык расмий айткандай бул эл аралык күчтөр «тынчтыкты сактоочу эмес, мажбурлоочу күчтөр» болот. Андыктан, долбоор күч менен ишке ашырылат, ага каршы болгондор мажбурланып, керек болсо жок кылынат. Бул күчтөр жогоруда аталган мусулман өлкөлөрүнөн барган аскерлерден түзүлүшүнүн ыктымалы көбүрөөк. Демек, кафирлер мусулмандардын колу менен өз пландарын ишке ашырууну көздөөдө. Мусулмандар Батыштын камчысын чаап өз боордошуна зулум кылышы мүмкүн.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button