Комментарий
Trending

Газанын кайра курулушу — кылмышкерлердин жана баскынчы түзүмдү колдогондордун камкордугунда

بسم الله الرحمن الرحيم

Газанын кайра курулушу — кылмышкерлердин жана баскынчы түзүмдү колдогондордун камкордугунда

Жаңылык:

АКШ президенти Дональд Трамп бейшемби күнү Газанын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча жаңы планды жарыялап, Америка Кошмо Штаттары «адамдар жакшыраак шарттарда жашай ала турган жерди түзүүгө» аракет кылып жатканын билдирди. Ак үйдөгү билдирүүсүндө Трамп Газанын абалын «коркунучтуу» деп атап, учурдагы артыкчылыктуу максат — туткундарды кайтаруу экенин, андан кийин кайра куруу баскычына өтөрүн айтты. Ал Газаны кайра куруу долбоорлорун каржылоого даяр экенин билдирген бир катар бай өлкөлөр менен байланыштар жүрүп жатканын ачыктап: «Өтө бай өлкөлөр бар, алар Газаны кайра курууга катышат. Алар үчүн бул чыгым чоң эмес, анткени аларда акча көп» деди.

(«Аль-Жумхурия» гезитинин сайты, 2025-жылдын 4-октябры).

Комментарий:

Трамп сүйлөп жатканда тынчтыкты каалаган тараптай көрүнөт же болбосо ал Газада болуп өткөн жана болуп жаткан окуяларга эч кандай тиешеси жоктой сүйлөйт. Ал Аллахтын жана Анын Элчисинин ﷺ  душманы, бирок сүйлөп жатып, өзүн күнөөсүздөй көрсөтөт. Анын сөзүндө өкүнүчтүн да, жоопкерчиликтин да белгиси жок. Бул таң калычтуу эмес, анткени ал яхудий түзүмүнүн негизги колдоочусу, ага курал берет, коргойт, колдойт жана жөлөк болот. Ал ушунун баарын кылып туруп да, эч ким аны жоопко тартпайт, айыптабайт, каршылык билдирбейт. Газадагы мусулмандардын каны ага жана ага окшогондорго эч кандай баага арзыбайт, алар үчүн өмүрдүн эч бир наркы жок.

Эгерде Ислам мамлекети жер жүзүнөн жоголуп, мусулмандар деңиздин көбүгүндөй абалда болсо, кантип эле мындай болбосун? Аллахтан башка күч-кубат жок.

Эч кайгырба, Трамп, анткени сени жоопко тарткан да, тарбиялаган да эч ким жок, силер үчүн мусулмандардын каны эң арзан нерсе. Бул сенин да, Батыштын да чыныгы жүзү. Эми баарынын бети ачылды, силер тууралуу жалган иллюзиялардын бардыгы тарап кетти. Батыш, өзгөчө Америка менен Британия, мусулмандардын канын дарыядай төгүп жатышса да, алар «эркиндик», «адам укуктары», «балдардын укуктары», «аялдардын укуктары», «жарандардын укуктары» сыяктуу куру ураандарга жана жасалма сөздөргө жабышып келишти.

Бирок Газанын акыркы согушу бардык беткаптарды сыйрып таштады жана чындыкты түш чактагы күн сыяктуу ачык көрсөттү. Бул жалганчылыктын баары урады. Ал эми Трамп текебердик жана өзүн таза көрсөтүү менен сүйлөп, өзүн эркин сезип жатат, анткени аны жоопко тартуучу да, тарбиялоочу да, өч алуучу да жок. Бүгүн өзүн тынчтыктын лидери катары көрсөтүп жаткан Трамп, чындыгында кан ичкен канкор жырткыч. Ал Газа элине каршы согушта яхудий түзүмүнүн эң күчтүү жана туруктуу колдоочусу болгон. Ал эми Газанын абалына «үрөй учурган» деп баа берип, ага боор ооруйт деген адам – дал ошол абалды өз колу менен жараткан, Газадагы геноцидди көзү менен көрүп, колдоого алып, коргоп турган адамдын өзү!

Андан кийин ал «мусулман өлкөлөрүндө эл көчөгө чыгып, кубанып бийлеп жатат» деп айтат! Билгин, эй Аллахтын, Анын Элчисинин ﷺ  жана момундардын душманы! Үммөт сенин чечимиңе кубанган жок — алар өздөрүнүн зулумга дуушар болгон, өлтүрүлүп жаткан бир туугандарынын кыргыны токтоду деген үмүт менен гана кубанып жатышат, ал да батыштын кароолчулары жана яхудий түзүмүнүн сакчылары болгон башчылардын көзүнчө болуп жатат.

Эй Ислам үммөтү! Мына Трамп мусулмандарды өлтүрүп, аларга каршы кыргынды улантып жатат, ал эми анын өлтүрүүнү токтотуусу да, башташы да өз чечими жана келишимдери аркылуу болуп жатат, бирок аны жоопко тарткан эч ким жок! Бул мусулмандарга Аллах Таала мүнөздөгөн касиетпи?

﴿وَالَّذِينَ إِذَا أَصَابَهُمُ الْبَغْيُ هُمْ يَنْتَصِرُونَ﴾

«Алар өздөрүнө зулумдук жеткен убакта (ага каршы күрөшүп) жеңишке жетүүчү заттар». (Шура: 39).

Жана Аллах Тааланын бул сөзүнө амал кылып жатабызбы?:

﴿وَإِنْ عَاقَبْتُمْ فَعَاقِبُوا بِمِثْلِ مَا عُوقِبْتُمْ بِهِ﴾

«(Эй момундар) эгер силер (өзүңөргө жеткен бирер зыян үчүн) өч алмакчы болсоңор, анда жалаң силерге жеткирилген зыянга жараша өч алгыла». (Нахл: 126).

Эй үммөттүн жоокерлери жана күч ээлери!

Жериңерди коргоо жана диниңерди үстөмдүк кылуу — бул Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө менен гана ишке ашат. Ошондуктан колуңарды Хизб ут-Тахрирдин колуна койгула, Эгеңердин жолу менен, Пайгамбарыңар ﷺдын сүннөтүнө кайткыла — ошондо Эгеңердин ыраазылыгына жетесиңер, Аллах силер аркылуу Исламды жана мусулмандарды азиз кылат, ал эми куфурду жана анын ээлерин силер аркылуу кор кылат.

Эй үммөттүн жоокерлери!

Биз силердин алдыӊарга Аллах Таала силерге фарз кылган шаръий важибди коюп жатабыз. Бул милдет тууралуу силер Кыямат күнү Аллахтын алдында суракка тартыласыңар. Эгер силер бул үммөттү, айрыкча Газа элин жана Шамды коргоодон баш тартсаӊар, алар силердин моюнуӊарга асылат.

Ошондуктан шашылгыла, анткени мүмкүнчүлүк силердин колуӊарда, жакшылык силерди чакырып жатат. Чын ыкластуу, Исламды ишке ашыруу жана анын бийлигин кайра орнотуу үчүн аракет кылып жаткан адамдар менен байланышыӊарды бекемдегиле, балким, Аллах өткөн күнөөлөрүӊөрдү кечирип, силердин колуӊар менен жакшылыкты жаратат жана силер аркылуу үммөт көптөн күткөн мамлекет – Аллах Субханаху ва Таала убада кылган жана Пайгамбары ﷺ   сүйүнчөлөгөн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык орнотулат.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла» (Анфал: 24).

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button