
Газа боюнча Коопсуздук Кеңеши резолюция кабыл алды
БУУнун Коопсуздук Кеңеши 2803-резолюцияны 13 добуш менен, бир да “каршы” добушсуз бекитти. АКШ жана Дональд Трамптын жетекчилиги астында Газанын эл аралык башкарылышын бекемдеген бул документти Палестина кыймылдары четке кагып, документ Газa тургундарынын кызыкчылыктарын эске албайт жана «Израилдин» баскынчылыгын кайталайт деп белгилешти.
Катар, Египет, БАЭ, Сауд Арабиясы, Индонезия, Пакистан, Иордания жана Түркия 2025-жылдын 14-ноябрындагы бирдиктүү билдирүүдө Американын бул долбоорун “тез кабыл алууга” чакырышкан. Алар резолюцияны ок атууну токтотуунун, кыйроолорду калыбына келтирүүнү баштоонун негизи деп баалашкан.
ХАМАС, “Исламий жихад” жана башка бир катар топтор резолюцияны айыптап, аны мажбурлап куралсыздандырууга жана Газаны сырттан башкарууга багытталган «эл аралык опекундук” аракет деп аташты. ХАМАС куралсызданбашын билдирип, «Израилге» каршы күрөшүн “мыйзамдуу күрөш” деп атады.
Резолюция көп улуттуу Убактылуу эл аралык стабилдештирүү күчтөрүнө (ISF) «бардык зарыл чараларды» колдонууга уруксат берет. Бул БУУнун терминдери боюнча күч колдонууну камтыйт. ISF «Израил» менен тыгыз кызматташууда иштеп, Газаны куралсыздандырууну жана чек аралардын коопсуздугун окутулган палестиналык полиция менен биргелешип камсыз кылат.
ISF бардык палестиналык куралдуу уюмдардын аскердик инфраструктурасын жок кылууга, аны калыбына келтирүүнү алдын алууга жана бардык куралдарды колдонуудан чыгарууга түз мандат алат. ISF «кайрадан жанданган куралдуу коркунучтардын» жок экендигин тастыктаганга чейин документ «Израил» баскынчы күчтөрүнө Газaнын айланасында калууга мүмкүндүк берет.
Комментарий: Документте отчет берүү механизмдери камтылбаган, курмандыктардын укуктары чагылдырылган эмес. Ошондой эле блокаданы токтотууга жана ар кандай чектөөлөрдү алып салууга чакырык жок. Андан тышкары, документте «Израилдин» эч бир жоопкерчилиги көрсөтүлбөгөн.
Убактылуу эл аралык турукташтыруу күчтөрү негизинен баскынчы «Израилдин» милдетин аткарып калат. «Израил» каршылык кыймылдарын жок кылып, Газаны куралсыздандырууну көздөп согушка кирген. Ал мунун өтөөсүнөн чыга албады. Эми анын ордун эл аралык күчтөр ээлеп, бул максатты аткарып бермей болууда.
Ал эми, мусулман өлкөлөрүнүн кыянатчы жетекчилери Трамп менен “израилдин” планын жан үрөп ишке ашырууда.




