
Европа коому башкаруучуларынан ачык айырмаланууда
Жаңылык:
Сана шаарында чыккан «Ас-Савра» («Революция») гезити ушул жылдын 12-октябры, жекшемби күнү “Европада (израилди) жоопко тартууну жана аны куралдандырууну токтотууну талап кылган ири демонстрациялар” деген аталыштагы кабарды жарыялады. Анда мындай деп айтылат: “Кечээ бир нече европа өлкөлөрүндө миңдеген адамдар Палестиналыктарды кыргандарды жоопкерчиликке тартууну, “Израилге” курал жеткирүүнү токтотууну, гуманитардык жардамдарды тез арада киргизүүнү жана Газаны калыбына келтирүүнү талап кылып көчөгө чыгышты. Лондон, Берлин, Милан, Осло жана Вена шаарларында демонстрациялар өттү. Алар согушту токтотуу тууралуу келишим күчүнө киргенден кийинки күнү уюштурулду”.
Комментарий:
Бүгүн калкы көчөгө чыгып, яхудий түзүмүнүн кылмыштарын жана Газадагы кыргынды токтотууну талап кылып жаткан Европа мамлекеттеринин саясий жетекчилери бир кезде Ислам үммөтүн талкалоо жана жок кылуу үчүн план түзүшкөн. Себеби Ислам дини Европанын дининен башка болгондуктан, алар Ислам дүйнөсүнүн жүрөгүнө яхудий түзүмүн орнотуу аркылуу аны бөлүп-жарууну көздөшкөн.
Бул кутум 1907-жылы Лондондо өткөн Камбелл–Банерман конференциясында башталып, андан соң 1917-жылдагы Бальфур убадасы менен яхудийлерди Палестинага отурукташтырууга жол ачылган, акыры болсо БУУда Палестинаны яхудийлер менен анын элинин ортосунда бөлүү жөнүндө чечим кабыл алуу менен аяктаган.
Европа өкмөттөрү ошол учурда өз элдерин Ислам үммөтүнө каршы “крестти коргоо” деген ураан менен адаштырып, аларды артынан ээрчиткен. Ал эми элдерин толук адаштыруу үчүн алар кийин кресттен баш тартып, динди жашоодон бөлгөн капиталисттик мабдага өтүшкөн. Натыйжада бүгүн Европа коому ошол мабданын жемишин т.а. дүйнөдөгү кайгы-капаны, руханий боштукту жана жашоонун шорун татып жатышат.
Европа калкы акыркы эки жыл ичинде Газада яхудий түзүмүнүн кылмыштарын — карыяларды, аялдарды жана балдарды кыруусун, элди көчүрүүсүн, үйлөрдү, мектептерди, ооруканаларды жана коомдук мекемелерди ичиндегилер менен кошо кыйратуусун, чоң-кичине дебей атайылап ачка кармоосун — өз көздөрү менен көрүштү. Алар өздөрүнүн бийликтери башкарган маалымат каражаттары аркылуу жасалган алдоодон арылууга жетишти. Бул көрүнүштөр адамдардын жүрөгүн титиретти.
Толук элестетүү үчүн биз европалыктардын көңүлүн бир нерсеге бурмакчыбыз: алар яхудийлердин Европадагы тарыхын кылдаттык менен, еврей эмес, ишенимдүү европалык тарыхчылардын эмгектеринен окуп чыгышы керек. Яхудийлер Европа континентине кандайча келишкен? Эмне үчүн аларды бир нече жолу кууп чыгышкан жана эмне үчүн чыгарып жиберишкен? Мунун бардыгын түшүнүү зарыл.
Европа элдери Жакынкы Чыгыштын коңшусу болуп саналат. Ошондуктан өз кызыкчылыктарын жана Жакынкы Чыгыш элдери менен болгон мамилесин аларды алдоочу жетекчилери эмес, өздөрү аныкташы керек. Айрыкча, статистикалык маалыматтар боюнча жакынкы жылдары Европа калкынын көпчүлүгүн мусулмандар түзөрү эске алынышы зарыл.




