Европа Россия менен Америка келишим түзүшүнөн коркуп жатат

Европа Россия менен Америка келишим түзүшүнөн коркуп жатат
Кабар:
“Reuters” агенттиги дипломатиялык булактарга жана европалык аткаминерлерге таянып билдиргендей, Европа АКШ президенти Дональд Трамптын Россияга карата позициясындагы карама-каршылыктарынан чарчады.
Басылма жазгандай, «Вашингтондо бир нече европалык дипломаттар Трамптын Россияга карата туруксуз мамилесине жашыруун нааразылыгын билдиришкен жана анын Москвага карата кезектеги катуу позициясы ишенимдүү болбой калышы мүмкүн экенин айтышкан». Агенттик кошумчалагандай, «Трамп июль жана август айларында европалык лидерлерди мактап, Украинанын айланасындагы жаңжалдан улам Россияга жаңы санкция салуу менен коркуткан. Бирок, Аляскада Россия президенти Владимир Путин менен жолугушкандан кийин, Трамп жөнгө салуу боюнча бир нече маселелерде көз карашын өзгөрттү».
Европалык бир аткаминердин айтымында, Трамп «Европа мамлекеттерин орус мунайын сатып алып жатканы үчүн айыптап, Индия менен Кытайга 100% бажы салыгын киргизүүнү сунуштаган».
Эске сала кетсек, 15-августта Аляскада өткөн жолугушууда Орусия жана АКШ президенттери Украина жаңжалын жөнгө салуунун жолдорун талкуулашкан. Эки лидер тең бул жыйынды оң баалашкан. Путин саммиттен кийин Украина жаңжалын токтотууга жетишүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирип, Россия узак мөөнөттүү жөнгө салууга кызыкдар экенин ырастаган.
Комментарий:
Трамп АКШ президенттигине келгенден бери ички жана тышкы саясий иштерде башаламандыкка жол ачты. Ал өзүнүн жеке түшүнүгүндөгү «көз карашты» ишке ашыруу үчүн Америка кызыкчылыктарына да зыян келтирүүдөн тартынбай калды. Мисалы, демократтарга каршы саясий согуш ачып, Байденди катуу шылдыңдады. Ошондой эле, акыркы отуз жыл бою ар кандай администрациялар Британиянын таасирин азайтуу үчүн аракет кылып келген Индияны да кемсинтти.
Дагы бир жагынан алганда, Трамп дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө соода согушун ачып, анда союздашты да, көз каранды мамлекетти да аяган жок. Ал тургай, орус-украин согушун чечүүгө жалгыз аракет кылып, өзүнүн салттуу европалык өнөктөштөрүн процесске кошкон жок. Чындыгында бул согуш Европа үчүн АКШга караганда маанилүүрөөк болчу. Бирок Трамп мындан да ашып түшүп, түз эле Украинанын атынан Путин менен соодалашып, Украинанын төрт облусун өз жериндей көрүп, ага берип жибергендей болду. Ал Путинге болгон суктануусун жана аны колдоп жатканын да жашырган жок.
Ошентсе да, бул нерсе Трамп менен Путиндин алакасы толугу менен шайкеш экенин билдирбейт. Бул соодалашуу, алмашуу, күч сынашуу аркылуу ар ким өз кызыкчылыгын көздөгөн мамиле. Мына ушул ызы-чуунун ичинде Европанын коопсуздугу жана экономикалык турмушу кооптуу абалда калды, анткени ал өзүнө түз тиешелүү болгон маселеде чечим кабыл алуу айлампасынан чыгып калды. Ошондуктан Европанын жетекчилери таң калыштуу билдирүүлөрдү жасап жатышат. Алар Трамптын Россиядан эмнени каалап жатканын билбей жатышат, бирок алар чоң оюн алардын үстүнөн жүрүп жаткандыгын жана Европа Америка-Орусия келишиминин курмандыгы экенин түшүнүп турушат.
Мындан тышкары, бул иш Америка менен Россиянын ортосунда түздөн-түз эмес болсо да атайын уюштурулган сыяктуу көрүнөт. Себеби Европа Украинаны Россиядан коргой албайт, өзүн да толук коргой албайт. Ошондуктан Европага басым жасалып, Украинаны кандайдыр бир чечимге макул кылууга мажбурлоо максат кылынууда. Бул жагынан алып караганда, АКШнын аскерий өкүлдөрүнүн Беларусия жана Россия ортосундагы биргелешкен машыгууларга катышуусу жана орус дрондорунун Польша аба мейкиндигин бузуп киргенден кийинки кырдаал — АКШ менен Россиянын ортосундагы макулдашуунун деңгээлин ачык көрсөтүп турат. Мына ушундан Европа коркуп жатат, анткени ал жөн гана курмандыкка айлануу алдында турат. Ал эми бардык чыгымдар анын моюнуна жүктөлмөкчү.