Комментарий

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8,4 млрд долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8,4 млрд долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир жылда 33,2 пайызга өстү. Бул Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөнүн жалпы карызы 8,4 миллиард долларды түзөт. Анын 5,2 миллиард доллары тышкы карыз жана 3,1 миллиард доллары ички карыз.

Салыштыруу үчүн айтсак, Россияда мамлекеттик карыздын өсүшү 17,2 пайыз, Казакстанда 16,8 пайыз, Арменияда 12,5 пайызды түздү.

Комментарий:

Маалым болгондой, расмий бийлик тышкы карыз тууралуу маалыматтар талкууланбай турганын айтып, карыз 15-16 млрд долларга жетсе да коркпоо керектигин билдирген эле. Бул болсо учурдагы бийлик да мурунку мамлекет башчылардай эле мамлекетти карызга батыруу үстүндө бара жаткандыгын билдирет. Негизи, карыз берип жаткан тараптар каражатты өзүн актабай турган же өз кызыкчылыктарына ылайыктуу тармактарга гана берет. Маселен, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда Кыргызстандын үлүшүн төлөө үчүн Кытайдан кайрадан карыз алуу аракети жүрүп жатат. Долбоор Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында ишке ашып жаткандыктан, ага карыз берүү аркылуу артыкчылыкка ээ болууга Кытай да кызыктар. Бул болсо, мамлекеттик карыздын көлөмү жогорудагы 8,4 млрд долларлык карыздын үстүнө дагы кошумча 2 млрд доллардын тегерегинде көбөйүшүн билдирет.

Кыргызстан 2024-жылы тышкы карызды тейлөө үчүн 700 млн доллар короткон. Ал эми Кумтөрдүн ушул жылкы таза пайдасы 400 млн доллар болгон, анан дагы мамлекетке 200 млн долларга жакын салык жана төлөмдөр которгон. Т.а. сумма: 600 млн доллар. Демек, Кумтөрдүн бир жылдык пайдасы сырткы карыздын бир жылдык тейлөөсүн жапканга жетпей жатат! Калган каражатты чогултуу үчүн өкмөт салык жана ОСАГО сыяктуу төлөмдөрдү көбөйтүү менен калктын жонунан кайыш тилип жатат.

Жогорудан маалым болгондой, өлкөдөгү курулуштардын дүркүрөп жатышы карыз алуу жана кустурузациядан түшкөн каражаттын бир бөлүгү эсебинен болуп жатат десек жаңылышпайбыз. Камчыбек Ташиевдин билдиргени боюнча, “кустуризациядан” бардыгы болуп 100 млрд. сом түшкөн. Мунун 40 млрд сому нак акчалай алынган. Бул каражаттардын каякка жумшалганы тууралуу так маалымат жок. Андыктан, айрым өнүгүү сыяктуу көрүнгөн көрүнүштөргө алданбастан, бийликтин аракетин өндүрүштү жолго коюуга, туруктуу өнүгүүнү камсыз кыла турган тармактарга көңүл бурууга жана капиталисттердин эмес, калктын негизги муктаждыктарын чечүүгө каратуусун талап кылышыбыз керек.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button