Комментарий

Кытай менен Ирандын ортосундагы келишимге карата Американын позициясы

Кытай менен Ирандын ортосундагы келишимге карата Американын позициясы

بسم الله الرحمن الرحيم

Жаңылык:

Америка салган оор санкциялар Ирандын экономикасын кыйла чектеп, Вашингтон Тегерандын каржылык булактарын кургатууга аракет кылып жаткан шартта, The Wall Street Journal жарыялаган акыркы маалыматтарда Иран менен Кытайдын ортосундагы жашыруун каржылык канал ашкереленди. Бул канал аркылуу Тегеран өзүнүн мунайын Пекинге экспорттоп, анын ордуна Кытайдын мамлекеттик компаниялары Иран ичинде ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатышканы айтылат.

Баяндамага ылайык, бул канал аркылуу өткөн кирешелердин көлөмү өткөн жылы 8 миллиард доллардан ашкан. Бул каражат Ирандагы транспорт, энергетика жана аэропорт тармактарын жандандырууга жардам берди. Эң маанилүүсү — бул акчалардын бир да доллары эл аралык банк тутуму аркылуу өтпөгөндүктөн, америкалык санкциялар түз таасир бере алган жок.

Регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча эксперт Хакам Амхаз Sky News Arabiaга берген маегинде: “Кытай менен Ирандын ортосунда болуп жаткан иш-аракеттерди Пекин менен Москванын америкалык санкцияларга каршы позициясынан бөлүп кароого болбойт. Кытай да, Россия сыяктуу эле, эл аралык жаңы санкцияларды да, Америка кошкон санкцияларды да Иран Ислам Республикасынын үстүнөн тааныбайт”, — деп билдирди. (Sky News Arabia).

Комментарий:

Биз мусулмандар, вакыйлыктын өзүн фикир жүгүртүүнүн негизи эмес, объекти катары карашыбыз керек. Анткени вакыйлык өзү эле туура жыйынтык бербейт. Ал  соо мээ, сезүү органдары жана сабык маалыматтар менен байланышкан учурда гана фикир жүгүртүү процесси жаралат.

Бул жерде талкууланып жаткан вакыйлык — Америка тарабынан Иранга коюлган экономикалык курчоо. Иран болсо, чынында, Американын орбитасында айланып келген мамлекет. Ал Америкага ири кызматтар көрсөткөн: Афганистан менен Иракты басып алганда жардам берген, Шам жеринде Америка кызматчысы Башар Асаддын кулашына жол бербөө үчүн өзүнүн куралчан топторун жөнөткөн. Бирок азыр көрүнүп тургандай, Америка Ирандын кызматтарына муктаж болбой калып, аны өз кызыкчылыктарына коркунуч жаратпаш үчүн чектөөгө киришти. Ошондуктан ал өткөн июнь айында яхудий түзүмүнө Иранды бомбалоого уруксат берди, мындан тышкары Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларга да өзү катышты.

Ал эми Иран менен Кытайдын ортосундагы жашыруун канал аркылуу иран мунайын экспорттоо маселесине келсек, бул Американын көз жаздымында болушу мүмкүн эмес. Себеби Американын аскердик флоттору деңиздерди кайтарып, анын базалары бүтүндөй аймакка жайылган. Бирок ал атайылап буларга көз жумууда, мунун максаты Иран режимин тирүү кармап, өзүнө баш ийген абалда сактап туруу.

Ал эми Кытай менен Россияга таянуу — отко качып, жалынга түшкөн менен барабар. Анткени бул экөө тең мусулмандарга каршы согуш жүргүзүп жаткан мамлекеттер. Кытай бүгүн Чыгыш Түркстанды басып алып, ал жактагы мусулмандарды кордукка салып жатат. Аялдарга жоолук салууга тыюу салып, аларды зордуктап, эркектерди камап, балдардын акылын “кайра тарбиялоо” деген шылтоо менен жууп жатат. Мусулмандарды арак ичүүгө жана чочконун этин жегенге мажбурлап келет. Мындай мамлекеттен жакшылык күтүүгө болобу?! Ошондой эле Россия Афганистанда, Чеченстанда жана Шам жеринде миллиондогон мусулмандарды өлтүргөн кылмышкер өлкө.

Ал эми шариаттагы чечим кафир Батышка болгон көз карандылыкты үзүү, андан толук баш тартуу жана Аллахтын шариатын өкүмдар кылуу, ошондой эле мусулмандардын өз күчүнө таянуу. Бул болсо үммөттүн ичиндеги ихлас менен иш алып барган адамдар менен бирге аракеттенип, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана ишке ашат. Ал эми бул саткын режимдер муну эч качан ишке ашыра албайт.

Бул чечим үммөттүн өз колунда. Анткени үммөт Аллах айткандай:

﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ﴾

“(Эй Мухаммаддын үммөтү), силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар”. (Али Имран: 110).

Эми кантип биз эң жакшысын төмөнүнө алмаштырабыз?! Кантип Аллахтын бизге берген ыйык нематын куфурга алмаштырып, өзүбүздү кыйроо жана азапка түртөбүз?!

Хизб ут-Тахрир — өз элине жалган айтпаган жол көрсөтүүчү уюм —сиздерге мусулмандарга, кайрылат:

келгиле, чыныгы айыгуу жолу болгон ишке бирге киришели! Кадырлуу жашоону кайра орнотолу жана даңкка бөлөнгөн мамлекет — Пайгамбардын ﷺ минхажы боюнча Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө биригели!

Ал мамлекет Исламды жашоонун бардык тармактарында толук колдонуп, аны бүтүндөй адамзатка жол көрсөтүүчү жана нур тартуулаган даъват катары көтөрөт.

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button