
Мадагаскардагы төңкөрүш: Франциянын оюнубу же таасирине урулган жаңы мыкпы?
Жаңылык:
Мадагаскар армиясынын элиталык бөлүгүнүн командачысы полковник Майкл Рандрианьерина шейшемби күнү бул Африкадагы арал-мамлекетте армия бийликти өз колуна алганын жарыялады. Бул кадам парламент президент Андри Раджолинаны “милдетин таштап коюу” айыбы менен кызматтан алуу чечимин кабыл алгандан кийин болду. (Al Jazeera)
Ошондой эле Францияга каршы чакырыктар жазылган баннерлер Мадагаскар борборунда жайылып кеткенин “Agence France-Presse” кабарчылары билдиришти. Алардын ичинде мындай ураандар болгон: “Чык, Франция!”, “Раджолина жана Макрон, экөөңөр тең кеткиле!” (Al Jazeera)
Комментарий:
Мадагаскар Африканын чыгыш жээгине жакын жайгашкан жана дүйнөдөгү төртүнчү ири арал болуп саналат. Анын калкы болжол менен 26 миллиондон ашат, ал эми борбору — Антананариву же француз колонизаторлору “Тана” деп атаган шаар.
XIX кылымдын аягында Мадагаскар жана анын айланасындагы аралдар үчүн Франция менен Британиянын ортосунда катуу колониялык жарыш жүргөн. Христиан миссионерлери, соодагерлер жана контрабандачылар аркылуу бул эки мамлекет Инд океанындагы бул стратегиялык аймакка үстөмдүгүн орнотууга аракет кылышкан. Акыры, 1896-жылдын 6-августунда Франция Мадагаскарды расмий түрдө колониясы деп жарыялаган.
Франциянын колониялык башкаруусу бардык мааниде жапайы жана канкор болгон. Франция бир да өлкөнүн элин кыргынга учуратпастан басып алган эмес. 1947-жылы француз аскерлери Мадагаскардын элин кырып салган кандуу кырдаал жараткан. Мындан тышкары, алар өлкөнүн байлыктарын тоноп, элдин жакырчылыгын жана экономикалык кыйроосун өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланган. Натыйжада, калк Францияга каршы чыгып, аны жек көрө баштаган, бул болсо анын колонияларын жоготууга алып келген.
Франциянын алсырашына жана дүйнөлүк позициясынын кыйрашына эл аралык тирешүүлөр да түрткү болду, айрыкча Украинадагы согуш жана ички саясий-экономикалык кризистерден кийин күчөдү. Биз акыркы жылдары Африка өлкөлөрүнөн Францияны — Мали, Буркина-Фасо жана Нигер кууп чыгышканын көрдүк. Демек, Франция азыр колониялык доорунун аяктоо жолуна түшүп, эл аралык алсыздык менен ички кризистин натыйжасында мажбур түрдө артка чегинүүдө.
Ал эми эл аралык тирешүү маселесине келсек: Америка 2008-жылы Африка континентине “Африком” деп аталган Африка боюнча аскердик командачылыгы аркылуу аскерий жактан кирген. Андан соң ал “терроризмге каршы күрөш” деген шылтоо менен француз колонияларындагы африкалык армияларды окутууга жана куралдандырууга каражат бөлө баштаган. “Африком” Африкага киргенден бери, бир нече өлкөлөрдө дал ушул Америка тарабынан атайын даярдалган аскер күчтөрү аркылуу төңкөрүштөр болуп келди.
Окуяларды кылдат талдап караганда, бул жолу болгон окуя чыныгы төңкөрүш эмес, тескерисинче, чыныгы төңкөрүш болуп кетпесин деген алдын алуу аракети сыяктуу көрүнөт. Муну бир нече белги да ырастайт:
- Айрым маалымат каражаттары билдиргендей, президент Раджолина Макрон менен макулдашкандан кийин француз аскердик учагы менен өлкөдөн чыгып кеткен. “Аш-Шарк аль-Авсат” гезити мындай деп жазган: “Бир аскер булагы “Рейтерс” агенттигине Раджолина жекшемби күнү француз аскердик учагы менен өлкөдөн чыгып кеткенин айтты. Франциянын радиосу болсо анын француз президенти Эммануэл Макрон менен келишим түзгөнүн билдирди”. Бул болсо анын өлкөдөн чыгышы Франциянын чечими болгонун көрсөтөт.
- Аны кызматтан алуу демилгеси өлкөдөгү французчул саясий чөйрөдөн чыккан. Муну парламенттин Раджолинаны кызматтан алуу боюнча басымдуу көпчүлүк добуш менен кабыл алган чечими далилдейт.
- Франциянын бул окуяга болгон реакциясы Малидеги окуялардай катуу болгон жок. Алар болгону “кооптонуу” тууралуу сүйлөштү, башкача айтканда, бул жолу Франциянын нааразычылыгы өтө жумшак болду.
Жыйынтыктап айтканда, Франция азыр караңгы туннелге кирип, эл аралык аренадан артка чегинип жатат. Муну менен катар ички саясий кризистер, коом ичиндеги бөлүнүү, тышкы саясий жана экономикалык кризистер улам күчөп баратат. Мындан да көбүрөөк, Европа да алсыздыгын жана натыйжасыздыгын, айрыкча Украинадагы согуш учурунда көрсөттү. Балким, Франция бир күнү өзү дүйнөгө кылган зулумунун даамын татат. Анткени ал жалган “эркиндик” жана “француз революциясы” ураандары менен элди алдап, дүйнөнү эзген кир колонизатор мамлекеттердин бири.




