Комментарий
Trending

Нарындагы күч кызматкерлеринин ашынган зулумдугу

Нарындагы күч кызматкерлеринин ашынган зулумдугу

Нарын шаарынын шаардык УКМК жана Ички иштер кызматкерлери бир катар мусулмандарды аёосуз кыйноого алганы аныкталды. Жергиликтүү маалыматка таянсак. Улан, Кубан, Нурлан, Рахат, Азамат, Алтынбек, Адилет аттуу жигиттерди Нарын шаардык күч кызматкерлери жасалма кылмыш жоопкерчилигин моюнга алдыруу үчүн кыйноого алышкан.  Булардын ичинен Улан аттуу жаран жүрөгү кармап, Нарын шаардык ооруканасынан дарыланууга мажбур болгон.

Комментарий:

Күч кызматкерлеринин мындай кылмыштуу аракеттери 2024-жылдын аягынан бери күчөп барууда. Бул аралыкта 50дөн ашык динин бекем карманган мусулмандарга жасалма кылмыштар тагылып, ар түрдүү кыйноого алынган. Расмий түрдө мыйзамды коргоочу органдар мыйзамды ачык түрдө тебелеп-тепсеген кызматка айланды. Мусулмандарды уурдап кетүү, ур-токмокко алуу, токко тарттыруу, сууга тумчуктуруу сыяктуу аракеттер күч кызматынын адатына айланып барууда.

Аллах таала айтат:

وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ

– Сен эч качан: «Аллах заалим адамдардын кылып жаткан иштеринен бейкабар» деп ойлобо! Болгону Аллах аларды(н жазаларын), көздөр (коркунучтан) катып кала турган, (Кыямат) Күнүнө гана калтырууда. [14-42].

Бийлик ээлерине жана күч кызматкерлерине айтаарыбыз, Тарыхта Фиравн дагы өзүнө баш ийбеген ыйман ээлерин азаптар менен коркуткан эле. Учурдагы фиравндын ордун ээлеген Трамп, Путин, Цзиньпин сыяктуу кожоюндардын буйругу үчүн мусулмандарды азаптоо  силер үчүн чоң өкүнүч болот. Эмнеге каафир кожоюндарыңардын дүнүйөсү үчүн өз диниңерди сатып жатасыңар? Арзыбас бийлигиңерди сактап берүү акысына динге кыянат кылып жатасыңарбы?! Силердин бийлигиңер алардын бийликтерине эч качан тең келбейт, бирок, азаптарыңар алардыкындай болуп калышынан корккула.

Аларды ыраазы кылабыз деп Кечээги эле Саддам, Каддафи, Асад сыяктуу наалатылардын жазмышын кайталап калуудан сабак алгыла!

Буга кошумча, ыйманында жана андан келип чыккан позициясында бекем момундар Кыяматка чейин ар дайым табылат. Силер мусулмандарды кыйнап, азапка салуу менен өзүңөргө гана зыян жеткирип жатасыңар. Ал эми, Аллах убада кылгандай, Пайгамбар (с.а.в) сүйүнчү кабар бергендей – Ислам сөзсүз түрдө кайтып келет.

Эй бийликтегилер, силерди да мусулман бир туугандар деген этибарда, төмөнкү нерселерден эскертебиз.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) Роббисинен хадис кудсийде риваят кылат: “эй пенделерим, албетте Мен Өзүмө зулмду харам кылдым, демек, силер да бири-бириңерге зулум кылбагыла”.

Ошондуктан, эй бийлик ээлери жана күч кызматкерлери, мусулмандарга кылган зулумуңар жаатында Аллахка тообо келтирип калгыла. Аллах Таала айтат:

إِلاَّ مَنْ ظَلَمَ ثُمَّ بَدَّلَ حُسْنًا بَعْدَ سُوءٍ فَإِنِّي غَفُورٌ رَحِيمٌ  “Бирок, ким зулумдук кылса, кийин жамандыктан соң, аны жакшы (иштерге) алмаштырса, албетте Мен Кечиримдүү, Мээримдүүмүн”. [27:11].

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button