Россия менен Украина ортосундагы согуштун отун тутанткан Америка, эми аны оңдоочу кийимин кийип чыгууда!

Россия менен Украина ортосундагы согуштун отун тутанткан Америка, эми аны оңдоочу кийимин кийип чыгууда!
Жаңылык:
Путин: «Трамптын Украина боюнча планы келишимдин негизи боло алат, америкалыктар бизден ийкемдүүлүк сурашты, биз буга даярбыз».
Зеленский украиналыктарга кайрылып: «Учурда Украинага болгон басым эң кооптуу, биз абдан оор тандоого туш болуп турабыз».
Комментарий:
АКШ дүйнөдө миллиондогон адамдардын өлүмүнө себепкер болгон, өзүнүн пландаган согуштары жана бул согуштар алып келген кыйроо менен материалдык жоготууларды айтпаганда да, аягында өзү согушту жек көргөн түрдө реформатор болуп көрүнүүгө аракет кылууда!
Трамптын Украина-Россия согушун аяктоо планында адилетсиздик билимдүү адамга да, жахилге да айкын көрүнүп турат. Анткени бул план Украинага таандык бир нече облустарды Россияга берип, Украина президенти Зеленскийди согушту токтотуу планына макул болууга мажбурлап жатат.
Дүйнөнү башкаруу капитализмге да, социализмге да муктаж эмес. Ал илахий бир мабдага муктаж, ал мабда дүйнөнү дээрлик он үч кылым башкарган Ислам.
Ислам душмандар сүрөттөгөндөй, согушка жана терроризмге негизделген эмес, тескерисинче, ал жашоонун бардык тармактарында адилеттүүлүккө негизделген. Тарыхта Рабъий ибн Амирдин перстердин кол башчысы Рустамга айткан сөзү жазылып калган: «Аллах бизди адамдардан Аллахка кулчулук кылууга чыгарыш үчүн жиберди, дүйнөнүн тардыгынан дүйнө жана акыреттин кеңдигине чыгарыш үчүн, диндердин зулумунан Исламдын адилеттүүлүгүнө чыгарыш үчүн жиберди. Ал бизди Өз динине даъват кылуу үчүн макулуктарына жиберди. Ким кабыл алса, биз да кабыл алабыз жана андан кайтабыз. Ким баш тартса, биз аны менен Аллахтын убадасы жүзөгө чыкканга чейин согушабыз».
Алар: «Аллахтын убадасы эмнеде?» — деп сурашты. Ал: «Ким баш тарткандар менен согушуп жүрүп өлсө ага бейиш, ким тирүү калса ага жеңиш», — деди.
Мына ушул Исламга душмандары да күбө болушкан. Мерзубан (Кисранын элчиси) Мединага келип, Амирул-му’минин Умар رضي الله عنه менен жолуккусу келгенде, халифанын сарайын издеп, Кисра менен Кайсардын тактыларын титиреткен бул улуу адамды көрүүгө ашыкты. Бирок Мединада ал эч кандай сарай да, күзөтчүлөр да көрбөдү. Элден: «Амирул-му’минин Умар кайда?» — деп сураганда, алар: «Билбейбиз, балким тигил дарактын алдында жаткан адам ошолдур» — дешти. Мерзубан укканына ишене албай, ошол жерге барса, чындыгында эле Умар رضي الله عنه жерде, эски чапанын үстүнө жатып уктап жаткан экен. Муну көргөн Мерзубан таң калып токтоп, өзүнүн атактуу сөзүн айтты: «Сен адилет менен өкүм кылдың, ошондуктан коопсуз болдуң, ошондуктан тынч уктап жатасың».
Бүгүн дүйнө адамдарды пенделерге кул болуудан өздөрүнүн Раббысына кул болууга чыгарган, дүйнөнүн тардыгынан дүйнө жана акыреттин кеңдигине чыгарган, капитализмдин зулумунан Исламдын адилеттүүлүгүнө алып чыккан адилеттикке зар.




