Комментарий
Trending

Түрк мамлекеттер уюмунун диний лидерлери кезектеги жыйынга чогулду

Түрк мамлекеттер уюмунун диний лидерлери кезектеги жыйынга чогулду

11-сентябрда Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин диний лидерлеринин делегациясын кабыл алды.

Жолугушууда Садыр Жапаров элдин 90 пайызын мусулмандар түзөрүн, мындан улам, акыркы жылдары Кыргызстанда дин жаатында бир катар реформалар жүргүзүлгөнүн айтты, ошондой эле, учурда ар кандай диний агымдар күчөп, жаштар интернет жана социалдык тармактар аркылуу алардын таасирине кирип жатышканын баса белгиледи.

Комментарий:

Садыр Жапаров бийликке келерден мурун мусулмандардын Исламий туйгуларынан пайдаланып, чоң колдоого жетишкен эле. Адамдар ыймандуу башчы деп, Ислам жана мусулмандарга колдоо көрсөтөт деп үмүт артышкан. Бирок, убакыттын өтүшү менен мусулмандардын үмүтүн таш каап, алар кантип алданып калышкан баамдашты, кээ бирлери алигече аңдай албай келишет.

Өзгөчө казино маселесинде өлкө башчысынын билдирүүлөрү жана чечими анын ашынган колдоочуларын да нес абалга салды. Адамдар бул ачык-айкын харам нерсеге тыюу салынат деп толук ишенимде болушкан. Бирок, андай болгон жок, тескерисинче казино киреше табуунун булагы деп каралып ага уруксат берилди. Андан тышкары, мусулмандар эки гана майрамды белгилешет, бул – Орозо Айт жана Курман айт майрамдары. Бул күндөрү мусулмандар Исламдын жөрөлгөлөрүн аткарып, бири-бирин куттуктап, кубаныч менен бул майрамдарды өткөрүп келишет. Бирок, коопсуздук шылтоо кылынып борбор калаанын аянтында бул майрамдардын негизги ырасымын – Айт намаздарын окууга тыюу салынды. Ошол эле маалда, аянтта ар кандай бузукулук майрамдары, ырасымдар, кечелер эч бир чектөөсүз массалык түрдө өткөрүлүп келет. Бирок, аз убакытка созулган жамаат намазын аянтта окууга тыюу салынды. Бул болсо, “коопсуздук” деген шылтоо жөн гана алдоо экенин көрсөтөт.

Ушундай көрүнүштө калктын 90 пайызын мусулмандар түзгөн өлкөбүздө акыркы жылдарда дин жаатында бир канча реформалар өткөрүлдү. Бул реформалар дин тутуу жөнүндөгү жаңы концепциянын негизинде кабыл алынды. Алар динди кубаттаган эмес, тескерисинче чектеген чечимдерден болду. Маселен үймө-үй кыдырып даават кылууга жана көчөдө никаб кийип жүрүүгө тыюу салынды. Бул маселелер эл арасында резонанс жаратып, бийлик Исламга каршы чечимдерин актоого мажбур болду. Бул резонанс жараткан маселелер дин тутуу жөнүндөгү концепцияда камтылган чектөөлөрдүн бир учу гана. Концепция дагы көптөгөн диний иш-аракеттерге тыюу салууга арык казган көрсөтмөлөрдү өз ичине алат. Келечекте мусулмандарды дагы да катаал реформалар (чектөөлөр) күтүп турат.

Башкача айтканда, бул концепция аркылуу дин тармагы толук көзөмөлгө алынып, мечиттерде чыккан ар бир үн Дин комиссиясы аркылуу түздөн-түз президенттин көзөмөлүнө алып келет. Бул болсо Түрк мамлекеттери уюмуна агалык кылган Түркия моделиндеги мээлүүн Ислам долбоору ишке ашып барышын билдирет. Тактап айтканда Исламдын ибадат сыяктуу жекече көрүнүшү гана сакталып, коомдук турмушка, башкарууга тиешелүү өкүмдөрү жокко чыгарылат. Ал эми, Түрк мамлекеттер уюму дал ушул долбоорду бирдиктүү ишке ашыруучу кеңешме болуп эсептелет.

Бул жол коомду кырсыкка кептеши ачык-айкын. Себеби жеке адамды же коомду ар кандай бузгунчу иштерден тыйып турган нерсе – бул дин. Андан башка эч бир түшүнүк, пикир же идея андай кудуретке ээ эмес. Ошондуктан Исламды чектебестен, бурмалап өзгөртпөстөн тунук абалында адамдарга жеткирүү коомдук кырсыктан, төмөндүктөн куткарат.

Андыктан коомду оңдоо жана мусулмандардын биримдигин жүзөгө чыгаруу үчүн Исламды ар кандай саясатка жана каада-салттарга айкалыштыруунун (ылайыкташтыруунун) жана ар тараптан чектөөнүн ордуна, саясатты жана каада-салтты Исламга түздөшүбүз керек. Ошондо гана коомдун ийгилиги жана мусулмандардын биримдиги кепилденет.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button