Комментарий
Trending

Түрк мамлекеттер уюмунун саммити – Батыш долбоорлорунун бири

Түрк мамлекеттер уюмунун саммити – Батыш долбоорлорунун бири

بسم الله الرحمن الرحيم

Жаңылык:

8-октябрда «Анадолу» маалымат агенттиги кабарлагандай, «Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин он экинчи саммити 2025-жылдын 6–7-октябрында Азербайжандын Габала шаарында “Тынчтык жана аймактык коопсуздук” деген ураан алдында болуп өттү. Уюмдун төрагалыгы Кыргызстандан Азербайжанга өттү. Саммитке бардык мүчө жана байкоочу мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катышты. Бул болсо, саммитти уюмдун тарыхындагы эң маанилүү жыйындардын бири кылды».

Саммиттин жыйынтыгында лидерлер 121 пункттан турган Габала декларациясын кабыл алышты жана “Түрк мамлекеттер уюму +” форматын түзүү, түрк маданияты жана мурасы борборун чыңдоо, түрк академиясын кайра уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшту. Түркмөнстан түрк академиясына жана түрк маданияты менен мурасы уюмуна байкоочу болуп кирди, ал эми Түндүк Кипр Түрк Республикасы Түрк мамлекеттер академиясына байкоочу макамына ээ болду.

Комментарий:

Түрк тилдүү мамлекеттер кеңеши 1992-жылы Советтер Союзу кыйраган соң түзүлгөн. Түркиянын ошол кездеги президенти Тургут Өзалдын демилгеси менен Түрк тилдүү мамлекеттердин биринчи саммити Анкара шаарында өткөн. 2021-жылы Стамбулда Түркия президенти Эрдоган “Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин” аталышын “Түрк мамлекеттер уюму” деп өзгөртүлгөнүн жарыялаган.

Бул мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты куруунун негизги идеясы улутчулдукка негизделген. Түрк тилдүү элдердин тили негизги бириктирүүчү фактор катары көрсөтүлөт. Бул идея жаңы эмес, биз мунун окшошун Араб мамлекеттер лигасынан да көрө алабыз. Аны Улуу Британия 1943-жылы сунуш кылган, ал эми уюмду түзүү келишимине 1945-жылы Каирде кол коюлган. Ошондон бери бул уюмга кирген элдер зулум өкүмдарлардын жана колонизаторлордун эзүүсүндө жашап келишет. Жылдар өтүп, бул мамлекеттер кедейликке жана кыйроого батышкан. Алар кол койгон саммиттер же келишимдер элдерине тынчтык жана жыргалчылык алып келген эмес. Тескерисинче, бул өлкөлөрдө чыңалуу, төңкөрүштөр жана бүтпөгөн согуштар өкүм сүрүүдө. Түрк тилдүү элдер жашаган мамлекеттерде да абал ушундай.

Биринчиден: Түрк же араб тилдүү элдерди бириктирүү идеясы Батыш, айрыкча Америка менен Британия колдонгон курал. Анын максаты, Ислам өлкөлөрүн бөлүп-жаруу жана аймактагы таасирин сактап калуу үчүн мусулмандардын үстүнөн зулум режимдерди орнотуу жана экинчи рошид Халифалыктын тикеленишине жол бербөө.

Экинчиден: Улутчулдук робытасы элдерди бириктирүүгө ылайыктуу эмес, буга үч негизги себеп бар:

1. Бул робита – уруучулдук робитасы. Адам ойгонуу жолун көздөй бараткан убакта, ал адам менен адамдын арасын байланыштырууга жарабайт;

2. Бул робита бако гарыйзасынан келип чыккан сезимге тиешелүү. Андан жетекчиликти сүйүү кесели пайда болот;

3. Бул робита адамгерчиликке жат. Анткени, ал адамдар арасындагы жетекчилик үчүн чыккан чыр-чатактарга себепчи болот. Мунун айкын далили — бүгүн колонизаторлор чийип берген улуттук чек аралар үстөмдүк кылган Ислам өлкөлөрүнүн вакыйлыгы.

Үчүнчөдөн: Көз карандысыздык демилгесине байланыштуу. Советтер Союзу кыйраган соң дүйнөдө жаңы эл аралык маселе — Борбор Азия маселеси пайда болду. Бул маселе Американын Борбор Азия жана Кавказ аймактарындагы Россиянын таасирин жок кылуу умтулуусуна негизделет. Көз карандысыздык Америка үчүн саясий жана идеологиялык манёврлардын куралы катары кызмат кылат. Анын максаты, бир жагынан Россияны бул аймактардан сүрүп чыгуу, экинчи жагынан болсо мусулмандарды улутчулдук негизинде арабдарга, түрктөргө жана фарстарга бөлүү. Америка Украинадагы согуш башталгандан кийин Россиянын саясий жана экономикалык алсыздыгын пайдаланып, Кавказ жана Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүдө.

Мунун ачык мисалы катары 30 жылдан ашуун созулган Азербайжан менен Армения ортосундагы жаңжалдын чечилишин айтууга болот. Август айында Трамп Азербайжандан Армения аркылуу Түркияга өткөн Зангезур коридору тууралуу келишимге кол койгон, анын мөөнөтү 99 жыл. Аны “Трамптын эл аралык тынчтык жана өнүгүү жолу” деп аташты. Бул коридор Түркияны түздөн-түз Борбор Азия мамлекеттери менен байланыштырмакчы. Натыйжада Азербайжан эми Евразиядагы негизги транспорттук түйүнгө айланат.

Америка Зангезур коридорун геосаясий курал катары пайдаланууда. Ал Борбор Азия мамлекеттерине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Россия аркылуу өтүүчү мунай жана газ жолдорун айланып өтүүчү альтернатива түзөт. Ошондой эле, Америка Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштарын күчөтүп, Азербайжанды Өзбекстан менен интеграциялоо аракети, аймакта Россиянын таасирин алсыратуу максатындагы түздөн-түз сокку болуп эсептелет.

Бул кайгылуу чындыкты жана колонизаторлордун Ислам өлкөлөрүнүн байлыктарына ээ болуу үчүн өз ара тирешүүсүнүн себептерин Пайгамбарыбыз өз хадисинде сүрөттөгөн. Имам Ахмад жана башкалар Саубан رضي الله عنه аркылуу риваят кылган хадисте Пайгамбар мындай деген:

«يُوشِكُ الْأُمَمُ أَنْ تَدَاعَى عَلَيْكُمْ كَمَا تَدَاعَى الْأَكَلَةُ إِلَى قَصْعَتِهَا. فَقَالَ قَائِلٌ: وَمِنْ قِلَّةٍ نَحْنُ يَوْمَئِذٍ؟ قَالَ: بَلْ أَنْتُمْ يَوْمَئِذٍ كَثِيرٌ وَلَكِنَّكُمْ غُثَاءٌ كَغُثَاءِ السَّيْلِ وَلَيَنْزَعَنَّ اللَّهُ مِنْ صُدُورِ عَدُوِّكُمْ الْمَهَابَةَ مِنْكُمْ وَلَيَقْذِفَنَّ اللَّهُ فِي قُلُوبِكُمْ الْوَهْنَ. فَقَالَ قَائِلٌ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَمَا الْوَهْنُ؟ قَالَ: حُبُّ الدُّنْيَا وَكَرَاهِيَةُ الْمَوْتِ».

«Жакында силердин үстүңөргө түрдүү элдер кудум жеп тойбос ачкөздөр өз тамагына таштанганы сыяктуу таштанышат». Ошондо бир киши: «Ошондо биз азчылык болобузбу, я Расулулла?» – деп сураганда айтты: «Ал күндө силер көпчүлүк болосуңар, бирок, селдин көбүгү сыяктуу бир көбүк болосуңар. Алла душманыңардын жүрөгүнөн силерден коркууну алып таштайт, силердин жүрөгүңөргө болсо вахнды салып коёт». Бир киши: «Я Расулулла, вахн эмне?» – деп сурады. Айтты: «Дүнүйөнү жакшы көрүү жана өлүмдү жаман көрүү» (Ахмад).

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосу

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button