Яхудий түзүмүнүн спортчуларын четке кагуу: бул Индонезиянын принципиалдуу позициясын сынообу?

Яхудий түзүмүнүн спортчуларын четке кагуу: бул Индонезиянын принципиалдуу позициясын сынообу?
Жаңылык:
Яхудий түзүмүнүн гимнастика федерациясы 2025-жылдын 19–25-октябрында Индонезиянын Жакарта шаарында өтө турган көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатына өзүнүн спортчуларын катыштырууга уруксат берүүнү талап кылып, Эл аралык спорттук арбитраждык сотко кайрылган. Бирок сот бул доолорду четке какты. Индонезия өкмөтү Палестинаны колдоо жана ички коомдук басымдын негизинде яхудий түзүмүнөн келген алты спортчуга виза берүүдөн баш тарткан. Эл аралык гимнастика федерациясы виза маселесине кийлигише албасын билдирген. Индонезия болсо бул чечими өзүнүн тышкы саясаты жана коомдук пикири менен шайкеш экенин дагы бир жолу ырастады. (en.antaranews.com)
Комментарий:
Индонезиянын яхудий спортчуларын дүйнөлүк гимнастика чемпионатына катыштырбоо чечими колдоого арзый турган кадам болуп саналат. Бул чечим Индонезиянын яхудий түзүмүнө карата катаал жана принципиалдуу мамилесин чагылдырат. Бул аракет спорт тармагында эле эмес, экономика, туризм, билим берүү жана башка тармактарда да яхудий түзүмүнүн катышуусуна каршы туруктуу позициянын башталышы болушу керек.
Индонезия дайыма Палестинанын көз карандысыздыгын колдой турганын айтып келген жана яхудий түзүмү менен расмий дипломатиялык алакалары жок. Бирок расмий эмес байланыштар дагы деле бар. Акыркы жылдары яхудий түзүмүнүн айрым спортчулары Индонезияда өткөн мелдештерге катышкан. Алардын арасында 2015-жылы Жакартада өткөн дүйнө чемпионатына катышкан бадминтончу Миша Зильберман, 2022-жылы Жакартада өткөн альпинизм боюнча дүйнө кубогунда ат салышкан Юваль Шимла жана 2023-жылы трек велоспорт боюнча эл аралык кубогунда коло медаль алган Михаэль Яковлев бар. Мындан тышкары, 2022-жылы Бали шаарында өткөн Эл аралык парламенттик союздун 144-жыйынына Индонезия расмий чакырбаса да, яхудий түзүмүнүн парламенттик делегациясы катышкан.
Соода жагынан алганда да, Индонезия менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы экономикалык ишмердүүлүк Сингапур жана Гонконг сыяктуу үчүнчү тараптар аркылуу уланууда. 2024-жылы Индонезиянын яхудий түзүмүнөн жасаган импорту болжол менен 54,2 миллион АКШ долларын түзгөн, анын ичинде механикалык жабдуулар, электр жабдуулары, оптикалык жана дары-дармек продукциялары болгон. Ал эми Индонезиянын яхудий түзүмүнө экспорту 236 миллион доллардын тегерегинде болуп, негизинен тери бут кийимдер, пальма майы жана токулма буюмдар камтылган. Туризм тармагында да миңдеген яхудий түзүмүнүн жарандарына Индонезияга барууга уруксат берилген, ошол эле учурда көптөгөн индонезиялыктар да ал жакка сапар алышат.
Бул маалыматтар Индонезиянын яхудий түзүмүнө карата позициясы толук мабдаий эмес экенин көрсөтөт. Ошондуктан анын спортчуларын жакында четке кагуу чечими бул түзүмгө каршы бардык тармактарда бирдиктүү жана ырааттуу саясатты жүргүзүүгө багытталган алгачкы кадам болушу керек. Бирок, эгер бул чечимди башка тармактардагы окшош позициялар коштоп кетпесе, анда маанилүү суроо жаралат: бул чечим чыныгы Палестина менен тилектештик үчүн кабыл алынганбы, же коомдук пикирдин яхудий түзүмүнүн спортчулары Индонезиядагы мелдешке катышуусуна каршы болгон басымына жооп катары гана кабыл алынганбы?
Эгер себеп жөн гана коомдук басым болсо, бул Индонезиянын Палестинага карата мамилесинин олутсуздугун көрсөтмөк. Бул учурда Индонезия да Палестинаны сөз жүзүндө колдогон, бирок иш жүзүндө яхудий түзүмү менен байланыш түзгөн башка өлкөлөрдөн эч айырмаланбай калмак.
Бул жагдай өкмөтүн сөз менен иштин ортосундагы шайкештикке түрткү берүү үчүн индонезия эли үчүн ой жүгүртүүгө чакырык болушу керек. Ошондой эле бул бүткүл Ислам өлкөлөрү үчүн сабак болушу зарыл: азыркы улуттук кызыкчылыктарга туткун болгон режимдер турган шартта, гуманитардык маселелер да, үммөткө тиешелүү маселелер да четке сүрүлө берет. Ошондуктан мусулмандар өздөрүнүн күрөшүн кыска мөөнөттүү маселелер менен гана чектебей, дүйнө жүзүндө өз кызыкчылыктарын чындап коргой турган исламий башкаруу түзүлүшүн орнотууга умтулуулары керек.




