Комментарий

Үммөттүн ойгонушу алтын жана күмүш менен эмес, пикир менен болот!

Үммөттүн ойгонушу алтын жана күмүш менен эмес, пикир менен болот!

Жаңы хижрий жылдын биринчи түнүндө дүйнөдөгү эң кымбат кааба каптоосу (Кисва) алмаштырылды. Бул каптоо үчүн болжол менен 1000 килограмм таза жибек, 120 килограмм алтын жип, 100 күмүш жип колдонулат. Кисванын курунун бөлүктөрү — 16, анын астында 6 бөлүк жана 12 шам түрүндөгү кооздук, ошондой эле төрт бурчка коюлуучу 4 «сумадия» бөлүгү бар. Жалпысынан 47 жибек бөлүктөн туруп, 68 аят менен кооздолгон. Аны даярдоого бир ай кеткен. Жалпы салмагы 1416 килограмм.

Комментарий:

Чындыгында, каабанын каптоосу гана эмес, өзү да Аллах үчүн бир мусулмандын каны же намысынан кымбат эмес. Мындай алтын, күмүш, жибек менен кооздоого жана мынчалык акча жумшоого? айрыкча мусулмандар жер которуп, ачка, суусуз, дарысыз калып жаткан учурда эч кандай акылга сыярлык негиз жок!

Биз азыр рувайбиза башкаруучулардын доорунда жашап жатабыз. Мусулмандардын акчалары дүйнөдөгү эң кымбат каптоону жасоого, же Гиннес китебине кирүү үчүн эң чоң күрүч табагын жасоого жумшалууда! Мына ушундай акыбалга келдик: күчсүз жана жихадсыз армиялар, ысырап болгон байлыктар, келечексиз жаштар, талап-тонолгон жаратылыш байлыктары, ал байлыктар менен курал жасап кайра бизди өлтүрүү үчүн каапырлардын башчыларына белек катары берилүүдө. Анан башкаруучулар чыгып алып, айыптап же ыйлап жатышат. Ошол эле учурда алар мусулмандарга келген балээнин тамыры жана башаты.

Умар ибн Хаттаб رضي الله عنهга: «Каабаны жибек менен каптабайсызбы?» — дешкенде, ал мындай деген: «Мусулмандардын ашказандары каабаны жибектен каптоого караганда артык!».

Чындыгында Мекке Аллахтын үйү. Бул жерде дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Аллах үчүн бардык дүйнөлүк нерселерин таштап келишет. Мусулман бул үйдү зыярат кылууну кыялданып, кубаныч менен күтөт. Бирок, бүгүнкү күндө ажылык жана умра соодага айланып, байлык топтоо мүмкүнчүлүгү болуп калды. Ар бир нерсенин баасы бар. Материализм ушунчалык үстөм болду, жада калса шайтанды урган таштар да сатылып жатат!

Чындыгында, Аллахтын ибадаттары Аллах үчүн бойдон калат. Бирок бүгүнкү күндө биз жашап жаткан карама-каршылыктар, Аллахтын шариатын таштап койгондун табигый натыйжасы. Биз саткындарды, кыянатчыларды жана нормалдаштыруу жүргүзгөндөрдү «эки ыйык мечиттин кызматчысы» деп атаган заманда жашап жатабыз. Алар болсо өз динин эң арзан баада сатып, яхудийлер менен насараларга жагынуу үчүн бардык нерсеге даяр.

Мына ушундайча бизди бөлүп-жарып, мусулмандарды бузукулукка, жылаңачтык жана уятсыздык фестивалдарына батырышты. Пайгамбарыбыз ﷺ  чын айткан:

: «سَيَأْتِي عَلَى النَّاسِ سَنَوَاتٌ خَدَّاعَاتُ؛ يُصَدَّقُ فِيهَا الْكَاذِبُ وَيُكَذَّبُ فِيهَا الصَّادِقُ، وَيُؤْتَمَنُ فِيهَا الْخَائِنُ وَيُخَوَّنُ فِيهَا الْأَمِينُ، وَيَنْطِقُ فِيهَا الرُّوَيْبِضَةُ». قِيلَ: وَمَا الرُّوَيْبِضَةُ؟ قَالَ: «الرَّجُلُ التَّافِهُ فِي أَمْرِ الْعَامَّةِ».

«Адамдарга ушундай бир жылдар келет, анда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга чыгарылат, саткынга аманат тапшырылат, аманаткөй саткынга чыгарылат, рувайбиза сөз сүйлөйт. Андан: Рувайбиза ким, деп суралды. Эл атынан сүйлөгөн болбогур киши, деди» (Ахмад жана Ибн Мажа).

Ислам мамлекетинин жоголуусу менен, ислам түссүз жана жытсыз абалга келди. Бизди бузук жана майып болгон адам жасаган системалар менен башкарууга өтүштү. Акыры, биз элдердин эң артында калдык, баарына жем болдук. Мына ушундай акыбалга келдик жана эгер бул башкаруучулар мусулмандардын жеринде бейкапар жашай беришсе, бул балээ дагы да уланат.

Ислам — мабда, анын негизи — акыйда, ал эми андан толук жана кеңири система кедип чыгат: ибадаттар жана муамалалар системасы, экономикалык жана социалдык система, тышкы мамилелер жана башкаруу системасы… Аллах Таала айтат:

﴿مَا فَرَّطْنَا فِي الْكِتَابِ مِنْ شَيْءٍ﴾

«Китепте бир да нерсени койбой жазганбыз. Кийин бардыгы Раббисинин алдында жыйналышат». (Ан’ам сүрөсү, 38-аят).

Пенделер жана өлкөлөр ислам менен көтөрүлөт, аларды эски салттардан жана жаңылыш ишенимдерден чыгарат. Ислам — дин жана мамлекет, ал бир гана ибадат жайларында жана айрым муамалаларга чектелген дин эмес. Бул саткын башкаруучулардын жок болушу качып кутулгус. Үммөт аң-сезим жана эрк менен аларды четке какканда, алар сөзсүз кулайт. Алар жок болгондо, Аллахтын уруксаты менен жакшылык жайылат жана адилеттик орнойт. Бир гана ислам системасы менен биз зыяндуу башкарууларды жок кылып, жер бетинде Аллахтын өкүмүн кайра орнотобуз. Бул — Аллахтын убадасы, алдамчылардын айла-амалдарына жана душмандардың кутумдарына карабастан, бул сөзсүз ишке ашат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button