Коомдук өнүгүү боюнча глобалдык саммит капитализмдин бузуктугун ачыктады

Коомдук өнүгүү боюнча глобалдык саммит капитализмдин бузуктугун ачыктады
Кырктан ашуун мамлекет башчылары, анын ичинде бир катар мусулман өлкөлөрү жана 8 миңдей катышуучу болгон Коомдук өнүгүү боюнча экинчи глобалдык саммит Катардын баш калаасы Дохада өз ишин жыйынтыктады. Саммит үч күнгө созулуп, бардык адамдар үчүн адилеттик, теңчилик жана кадыр-баркты камсыз кылуу үчүн милдеттенмелерди ишке ашырууга жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө дүйнөлүк деңгээлде макулдук менен аяктады.
Бул саммит 1995-жылы Копенгагенде өткөн биринчи глобалдык саммиттен отуз жыл өткөндөн кийин өткөрүлдү. Ал кезде дүйнө лидерлеринин эң ири жыйыны болуп, ага 14 000ден ашуун адам катышкан, алардын ичинде 186 мамлекеттин өкүлдөрү бар эле. 117 мамлекеттин президенттери же өкмөт башчылары катышкан. Ал жыйында өкмөттөр жакырчылыкты жоюуну, толук ишке орноштуруу максатын жана коомдук интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги максаттары катары жарыялашкан.
2000-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы Женевада Копенгаген саммитинен бери жетишилген ийгиликтерди баалоо үчүн өзгөчө жыйын өткөргөн. Анда мүчө мамлекеттер жакырчылыкты жана жумушсуздукту азайтууда олуттуу жылыштар болбогонун, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактары боюнча эл аралык деңгээлде коюлган максаттарга жетүү дагы эле алыста экенин моюндашкан.
Катардагы бул экинчи саммит БУУнун Туруктуулукка жетишүү максаттарынын алкагында социалдык адилеттүүлүккө жетүү, жакырчылыкты жоюу, жумуш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана коомдук биримдикти чыңдоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди кайрадан жаңылоого багытталган.
Көрүп турганыбыздай, бул саммиттин жана ушул сыяктуу башка жыйындардын максаты «коомдук адилеттүүлүк» деп аталаган нерселерди камсыз кылуу, жакырчылык менен жумушсуздукту жоюу. «Коомдук адилеттүүлүк» деген термин батыштык термин болуп, капиталисттик түзүмдү жамоо үчүн ойлоп табылган өкүмдөр жана чечимдер болуп саналат. Мисалы, социалдык камсыздоо, профсоюздар жана шариат өкүмдөрүнө каршы келген ушул сыяктуу түшүнүктөр. Анткени булардын баары адамдар тарабынан ойлоп табылган, жеке кызыкчылыкка, жеке пайдага жана күч-байлык ээлерине таянган түшүнүктөр.
Алар бул түшүнүктү да башка капиталисттик идеялар сыяктуу алдамчылык менен «бардыгы үчүн тең укук жана экономикалык, коомдук, саясий мүмкүнчүлүктөр» деген өңүттө көрсөтүшөт. «Улуту, жынысы же жагдайы кандай болбосун, коомдун бардык мүчөлөрү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигин камсыз кылат» деп да айтышат. Ошондой эле «ресурстарды жана артыкчылыктарды адилеттүү бөлүштүрүүгө, бардыгын коомдук жашоого катыштырууга, адам укуктарын баарына камсыз кылууга, ушунун негизинде жакырчылыкты жоюуга умтулат» деп да түшүндүрүшөт.
Бирок реалдуу турмушка назар салсак, мунун эч бири дүйнөдө үстөмдүк кылып жаткан капиталисттик түзүмдө жок жана колдонулбайт. Бул элдерди жана коомдорду алдоо үчүн ойдон чыгарылган көптөгөн жасалма, жалтырак терминдердин жана түшүнүктөрдүн бири гана.
Капитализм өз маңызындагы бузук мамилеси жана экономикалык чечимдери менен жакырлардын чыныгы душманы. Ал өзүнүн башкы максаты катары ири капитал ээлеринин, корпорациялардын жана колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгын коргойт, ал эми жакырлардын жана эзилген элдердин эсебинен пайда табат. Бул чириген мабда болуп, пайыз системасын түбөлүк өсүү үчүн даңазалайт. Натыйжада туруксуз экономика, кеңири жайылган жумушсуздук, байлыктын азчылык колунда топтолушу жана жакырлардын санынын өсүшү пайда болду. Мына ушунун бардыгы байлардын дагы байышына, жакырлардын дагы жакырланышына алып келди.
Капитализм жеке пайда жана экономикалык кирешени жашоонун башкы максаты кылып койду. Натыйжада материалисттик, керектөөчү коомдор жаралды. Бул коомдордо зыянга учурабоо, кадыр-баркты сактоо жана турмуш жыргалчылыгын камсыз кылуу эмес, пайда табуу биринчи орунга чыкты. Бул болсо дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын эксплуатацияланышына жана кулдай пайдаланылышына жол ачты.
Мындан тышкары, Эл аралык валюта фонду (IMF) жана Дүйнөлүк банк сунуштаган кредит системалары, эркин рынок деген система менчиктештирүү, монополия, концессиялар аркылуу дүйнөдөгү эң бай ресурстарга ээ болгон мусулман өлкөлөрүн «өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө» айландырып койду. Мунун баары батыш капиталисттик мамлекеттеринин жана алардын уюмдарынын жалпы кирешесин жогорулатуу жана бул өлкөлөрдүн байлыгын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында жасалып жатат. Бул иштерге болсо рувайбиза, саткын өкүмдарлар менен бирге кутум аркылуу жетишүүдө.
Аялдар да бул эскирген түзүмдүн кыйратуучу натыйжаларынан аман калышкан жок. Бул түзүм өзүн «аялдарды коргойт жана алардын укугун талап кылат» деп көрсөтсө да, өкмөттөрдүн жана компаниялардын кирешесин жогорулатуу максатында капиталисттик мамлекеттер аялдарды «теңчилик», «аялдын деңгээлин көтөрүү», «аялдын иштөөсүнө болгон муктаждык» деген шылтоолор менен иш дүйнөсүнө аралаштырды. Аялдын баасын байлык өндүрүүдөгү ролуна жараша аныктады. Анын негизги ролу болгон эне жана үй кожойкеси болуу милдетинин эсебинен, аны үй-бүлөсүн камсыз кылуу үчүн оор жүккө такап, жумушчу күчкө айлантты. Ошентип капитализм эне болуу түшүнүгүн жокко чыгарып, аялдын үйүнө жана балдарына керектүү убакыт жана күчүн толук арноосуна мүмкүнчүлүк бербей койду. Натыйжада аялдардын өз милдетин аткара албай калгандыгы келечек муундардын өсүшүнө да терс таасир тийгизди.
Ошондуктан капитализм аялдарды экономика үчүн күңгө айлантты. Аларга товардай, буюмдай, байлык өндүрүүчү машинадай мамиле кылып, алардын эне болуусун, аялзаттык касиетин, кадыр-баркын жана адамдыгын тебеледи.
Демек, булардын баарына чек коюу керек. Бул бузук жана зулум түзүмдү жок кылуу үчүн өлкөлөрдүн байлыгын жеке байлыкка айлантып жатышкан мусулман өлкөлөрүндөгү бузук жана ийгиликсиз режимдерден арылуу зарыл. Чындыгында дүйнө бүтүндөй жаңы түзүмгө муктаж, мындай түзүм адамды материалдык пайданын булагы катары көрбөстөн, ага камкордук кылууну биринчи орунга коёт. Бул түзүм пайда жана адам ойлоп тапкан эрежелер башкарбаган түзүм. Байлыкты коом ичинде адилеттүү бөлүштүрүү аркылуу жакырчылыкты жок кылуучу, гүлдөгөн экономикасы бар түзүм. Экономикалык өсүш менен адилеттүүлүктү айкалыштырып, байлыгын адамдардын өмүрү жана адамдыгынын эсебинен курууга жол бербеген түзүм. Рибаны, элдик мүлктү менчиктештирүүгө, байлыкты азчылыктын колунда топтоого тыюу салган, ресурстарды жана байлыктарды өндүрүшкө, өнөр-жайга, технологияга, айыл чарбасына жана башка тармактарга жумшаган, элди басынткан салыктарды жойгон, өлкөнүн өз ресурстарына таянган жана башка мамлекеттерге көз каранды кылган тышкы карыздардан арылган түзүм.
Мындай түзүмдө дүйнөдөгү бардык аялдар чыныгы коргоону табат. Жакырчылыктан жана кулчулуктан корголот, аларды пайда үчүн колдонулуучу буюм катары эмес, кадыр-барктуу адам катары караган түзүм.
Бул болсо Халифалык мамлекетинде гана ишке ашат. Анткени Халифалык дал ушундай көз карашты табанний кылып, Исламдын өкүмдөрүн, анын ичинде экономикалык түзүмүн жүзөгө ашырат. Ал эч бир катмарды башка катмардан, эч бир адамды башка адамдан артык көрбөстөн, баарынын укуктарын коргоп, жыргалчылыгын камсыз кылат.
Бул түзүм кылымдар бою колдонулуп, жакырчылык менен жумушсуздукту жоюуда өзүнүн өзгөчө жөндөмүн далилдеген. Байлыкты адилеттүү бөлүштүрүү, элден салыктын оордугун алып салуу, жеке адамдардын кирешесин көтөрүү, алардын негизги жана жада калса камалий муктаждыктарына чейин камсыз кылуу аркылуу жыргалчылыкка, өнүгүүгө жана кеңири жумуш мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачкан.
Муслима аш-Шами
Роя гезити




