Коомдун орду

Рамазан рубрикасы
Ижтимаий түзүм
Бала тарбиялоо (3)
Коомдун орду
Баланы тарбиялоо дегенде, биз эң оболу үй-бүлөнү көз алдыбызда элестетебиз. Буга чейинки макалада, биз бала тарбиялоодо үй-бүлөнүн канчалык маанилүү экенин карап чыкканбыз. Анда, ата-эне эң алгачкы мугалимдер, эң алгачкы кадыр-барктуу үлгү, нормалар менен баалуулуктардын эң биринчи булагы экенин белгиледик. Бирок, адамзат эч качан ата-эненин тарбиясы менен гана чектелген эмес, анткени бул тарбия, өзгөчө инсанды калыптандырууда жетишсиздик кылат.
Үй-бүлө менен бир катар, ар дайым коом тарбиясы да сакталып келген. Бул мектеп, көчө, маданий чөйрө, жамаат, мамлекеттик институттар, каада-салттар жана турмуштун жалпы эрежелери аркылуу баланы калыптандыруучу көзгө көрүнбөгөн, бирок кубаттуу таасир этүү түзүмү. Дал ушул жеке жана коомдук тарбиянын кесилишинде, толук кандуу инсан калыптанат.
Ата-эненин тарбиясынан көбүнчө жеке баалуулуктар калыптанат. Ал көп жагынан үй-бүлөнүн мүнөзүнө, тажрыйбасына, маданиятына, билим деңгээлине, ата-эненин көз карашына, ал тургай алардын маанайына жараша чектелген болот. Бир үй-бүлөдө баланы жоопкерчиликке жана сый-урматка үйрөтсө, экинчисинде баарына уруксат берүүгө же тескерисинче, сакалдуудан же күч ээсинен коркууга көндүрүшөт. Үй-бүлө сүйүү, сезим, колдоо жана жеке үлгү бере алат, бирок ал өзүнүн тар көз караштары менен чектелүүгө мажбур. Ата-энелер, албетте, баланы жашоо үчүн тарбиялашат, бирок алардын өздөрү эле баланын бүтүндөй жашоосу үчүн жетишсиз.
Ал эми коом такыр башкача тарбиялайт. Ал өзүнө киргендердин баарын кар көчкү сыяктуу ичине камтып, бириктирип турган зор таасирге ээ. Коом жүрүм-турумдун жалпы эрежелерин калыптандырып, адамды башка адамдардын арасында жашоого үйрөтөт. Мында бала ар кандай мүнөздөргө, түрдүү көз караштарга жана жалпыга бирдей болгон ченемдерге туш болот. Ал чыныгы жашоонун кыйынчылыктары менен бетме-бет келгенде, кызматташууга, атаандашууга жана жамаат алдындагы жоопкерчиликке үйрөнөт.
Мектеп, көчөдөгү достор, спорттук секциялар, маданий мекемелер – мунун баары дүйнө бир гана баланын айланасында айланбаганын көрсөтөт. Дал ушул жерде, коомдун бир бөлүгү болуу сезими ойгонуп, мыйзамдарды таануу жана сыйлоо, башкалардын кызыкчылыктары менен эсептешүү жөндөмү калыптанат.
Аллах Таала, Ыйык Куранда мындай деп буюрган:
«Силердин араңарда жакшылыкка чакырган, жамандыктан кайтарган жана жакшы иштерге үндөгөн бир жамаат (үммөт) болсун…» (Аали Имран сүрөөсү, 104-аят).
Ошондуктан, коом тарбиясы, бул өзүнчө бир тең салмакта кармап туруу түзүмү. Эгерде үй-бүлөдө тарбия өтө эле жумшак болсо, коом өз эрежелерин киргизет. Ал эми үй-бүлө ашыкча катаал болсо, коомдук чөйрө, балага өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Тарбиянын бул эки булагы айкалышып иштегенде гана, инсан бирдиктүү жана шайкеш абалда өнүгө алат.
Бирок, капитализмдин бүгүнкү реалдуулугунда, биз институттук жактан алсыз жана өзүнүн тарбиялык ролун жоготкон коомго туш болуп жатабыз. Маданий жана билим берүү чөйрөсүн колдоого тийиш болгон мамлекеттик институттар, өз бийлигин сактап калуу жана киреше табуу менен алек болуп, тарбиялык таасирин жоготууда.
Мектеп болсо барган сайын баалуулуктарды калыптандыруучу, же инсанды тарбиялоочу жай эмес, жөн гана кургак билим берүүчү жайга айланууда. Балдарды чыныгы бийик максаттардын айланасында бириктире албаган мугалим болсо, административдик талаптарды аткарууга гана мажбур болуп, инсанды тарбиялоого убактысы калбай калды. Анын үстүнө, мугалимдин насаатчылык кадыр-баркы да эбак эле төмөндөп кеткен.
Коомдук таасирдин боштугу, тез эле башка күчтөр тарабынан толтурулууда. Бул күчтөрдүн башында, кызыкдар капиталисттер тарабынан башкарылган жана көзөмөлдөнгөн санариптик чөйрө турат. Өзүмчүлдүк жана керектөөчүлүк идеяларын жайылткан интернет менен социалдык тармактар, өспүрүмдөрдүн негизги «тарбиялоочусуна» айланды. Алгоритмдер алардын каалоолорун, көз карашын, а түгүл жүрүм-турум моделдерин калыптандырып жатат. Жыйынтыкта, бала жандуу коомдо эмес, баалуулуктар «лайктар», популярдуулук жана убактылуу тренддер менен аныкталган маалыматтык «көбүктүн» ичинде калууда.
Биз, азыртан баштап бала менен коомдун ортосундагы мындай ажырымдын кесепеттерин байкай баштадык. Өспүрүмдөр арасындагы агрессия, интернеттеги жек-көрүүнүн көбөйүшү, заматта атактуу болууга умтулуу жана кооптуу “челлендждердин” жайылышы, мунун баары – чыныгы социалдык тарбиянын жоктугу, баалуулуктардын бузулушуна алып келерин далилдейт. Мурун өспүрүм өзүнүн кылган иштерине жамааттан, мугалимдерден жана чоңдордон баа алса, бүгүн ал белгисиз аудиторияга гана карап калды.
Дагы бир кооптуу белги, бул жаштар арасындагы коомдук жоопкерчиликтин төмөндөшү. Бала коомдук турмушка аралашпаса, ал өзүнүн жасаган иштеринин айланасындагы адамдарга тийгизген кесепетин аңдап билбей калат. Мектеп болобу, айыл-аймак же бүтүндөй бир өлкө болобу кандай болбосун, балада жалпы ишке тиешелүүлүк сезими жоголот. Жыйынтыгында, өз укуктарын талап кылууну жакшы билген, бирок өздөрүнүн милдеттери жана жашоодогу орду жөнүндө сейрек ойлонгон «индивидуалисттердин» (өзүмчүлдөрдүн) мууну калыптанууда.
Бул көрүнүш, өзгөчө мамлекет активдүү тарбия саясатынан иш жүзүндө баш тарткан же аны ишке ашыра албаган жерлерде даана байкалат. Атайын сабактар, спорттук секциялар, жаштар уюмдары жана маданий чөйрөлөр кыскарганда, балдар көчө же экран менен бетме-бет жалгыз калышат. Мындай учурда тарбия, баш аламандык жана кокустук чөйрөнүн мыйзамдары менен жүрөт.
Бул глобалдык көйгөйдүн мусулмандар үчүн эң ачык мисалы – коомду ислам мабдасы менен жана тарбия саясатынын негизинде калыптандыра турган Ислам мамлекетинин жоктугу. Бул нерсе, мусулман коомун коомдук пикирди жана сезимдерди өстүрө турган, колдой турган бардык институттук куралдардан ажыратууда. Секулярдык (светтик) идеология үстөмдүк кылып жаткан чакта, мамлекеттин исламий мектептерди, секцияларды, өнүктүрүү борборлорун, спорттук, ал тургай аскердик билим берүү секцияларын түзүүгө же колдоого кызыкдар болгон бир дагы фактысын көргөн жокпуз.
Андан сырткары, биз Ислам негизинде түзүлгөн жамааттардын бардык түрлөрүнө жана көрүнүштөрүнө карата туруктуу басым жана аларды сүрүп чыгарууга кылынып жаткан аракеттерди көрүп жатабыз. Учурда мусулмандар, балдарынын билим алышына толук шарттары түзүлбөгөн, өтө аз сандагы ислам медреселери менен гана чектелүүгө мажбур болушууда.
Күндөрдүн биринде Умар ибн аль-Хаттаб, (Аллах андан ыраазы болсун) башка балдар менен чуркап ойнобой, абдан олуттуу жана терең ойго баткан абалда басып бараткан баланы көрүп калат. Умар таң калып, андан: Эмне үчүн сен башка балдар менен ойнобой жатасың? – деп сурайт. Бала ага мындай деп жооп берет: «Биз оюн-зоок үчүн жаратылдык беле? Чындыгында, Аллах бизди Өзүнө ибадат кылуу үчүн жараткан». (Сахих аль-Бухари, Сахих Муслим, Сунан Абу Дауд).
Бул жооп Умарды абдан таң калтырат. Кээ бир булактарда ал баланы жашоонун маңызын терең түшүнгөндүгү үчүн мактаганы айтылат.
Бул окуя, жада калса туура чөйрөдө тарбияланган кичинекей бала, жашоонун максатын эрте түшүнө баштай турганын түшүндүрөт. Бул мисал, такыбалыкка сугарылган коомдук чөйрө жана адилеттүү башкаруучунун көзөмөлү, келечек муунду өз жоопкерчилигин сезген аң-сезимдүү мусулмандарды кантип калыптандырарын даана көрсөтүп турат.
Жалпысынан алганда, Исламдагы жаратман коомдун тарыхы, өнүгүүнүн ушундай жаркын мисалдарына абдан бай. Атүгүл жалпы адамзат тарыхына көз чаптырсак да, бала тарбиялоо менен алектенбеген коом, эртели-кеч олуттуу социалдык көйгөйлөргө туш болорун көрөбүз.
Бүгүнкү күндөгү өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, эрежесиз уруш клубдары, мектептеги рэкетчилик, жаштардын радикалдашуусу, түнкү клубдар жана маданий баалуулуктардын жоголушу – мунун баары капысынан же капиталисттердин планысыз эле пайда болуп калган жок. Бул чоңдордун мууну, өзүнүн жаңы муунун калыптандырууда кадыр-баркын, жигердүү жана жөндөмдүү катышуучу ролун жоготконунан улам, ошондой эле, өспүрүмдөр коомунун демократиялык идеялар менен узак убакыт бою ууланып келгендигинин натыйжасында болууда.
Ошондуктан, коомдук тарбия маселеси – бул жөн гана педагогикалык тема эмес. Бул күчтүү жана жаратман коомду калыптандыруу маселеси. Үй-бүлө балага сүйүү жана адеп-ахлактык пайдубал бере алат, бирок башка адамдардын арасында жашоону бала коомдон гана үйрөнөт. Бала менен коомдун ортосундагы бул көпүрө бузулганда, биз технологиялык жактан өнүккөн, бирок социалдык жактан туруксуз жана кайдыгер, обочолонуп өскөн муунду алабыз.
Дал ушул себептен, балдарды тарбиялоо жоопкерчилиги, эч качан ата-эненин гана мойнунда калбашы керек. Бул исламий үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин жалпы милдети. Бүткүл адамзат муктаж болгон ислам ааламынын келечеги, дал ушул милдеттин кандай аткарылышына көз каранды.
Момун эркек жана момун аялдар бир-бирине дос. Алар (бири-бирин) жакшылыкка үндөшөт, жамандыктан токтотушат… (Тообо – 71 аят).
Бурана




