Кооперативдик жана камсыздандыруу компаниялары

Кооперативдик жана камсыздандыруу компаниялары
Суроо: Акыркы убактарда кеңири жайылып, өсүп жаткан, кээде “кооперативдик камсыздандыруу”, “такафул”, же “исламий камсыздандыруу” деп аталган компаниялардын шаръий өкүмү кандай?
Алардын ээлери жана маркетологдору мындай дешет: бул компаниялар харам болгон коммерциялык камсыздандыруудан айырмаланат, анткени бул – мусулмандардын бири-бирине кырсык болгондо жардам берүүсү үчүн төлөнгөн төлөмдөрдүн негизинде түзүлгөн кызматташтык.
Мындан тышкары, бул маселе боюнча изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, алар Расулуллах ﷺ ашъарийлерди өз ара жардамдашканы үчүн мактаган хадисти далил кылышат.
Жоопту кеңири түрдө беришиңизди суранабыз. Аллах сиздерди жакшылык менен сыйласын.
Жооп:
Бул тема боюнча жиберилген материалды карап чыктым, ошондой эле башка булактарды да изилдедим. Натыйжада төмөнкүлөр айкын болду:
Биринчиден: камсыздандыруунун вакыйлыгы
- Кооперативдик, такафул же исламий деп аталган бул камсыздандыруу – түзүлүш ыкмасы жана иштөө тартиби жагынан бири-биринен айырмаланбайт. Ошондуктан алардын өкүмү да бирдей.
- Аны менен иш кылгандар мындайча жарнамалашат: бул – белгилүү суммаларды “кайрымдуулук” иретинде берүү, эгерде алардын бирине өрт, жол кырсыгы ж.б. сыяктуу кооптуу окуя болуп калса, бири-бирине жардам беришет. Бирок ошого карабастан, “кайрымдуулук кылуучу” адам менен камсыздандыруу компаниясынын ортосунда келишим түзүлөт!
- Аны менен иш кылгандар мындай дешет: бул камсыздандыруу пайда табуу максатында эмес, тескерисинче, жакшылык жана такыбалыкта кызматташуу үчүн түзүлгөн.
- Ошондой эле алар муну харам болгон коммерциялык камсыздандыруудан айырмаланат дешет. Коммерциялык камсыздандыруу пайда табуу жана камсыздандырылуучулар төлөгөн акчаларды инвестициялоо максатында түзүлөт. Анда белгисиздик (гарар) бар, анткени камсыздандырылган адам өзүнүн взносун төлөйт, бирок ага качан кырсык болорун билбейт.
- Аны менен иш кылгандар анын шаръийлигине далил катары ашъарийлер тууралуу хадисти келтиришет: алар ачарчылыкка кабылганда же Мадинада үй-бүлөлөрүнүн азыгы азайганда, ар кимде болгон тамак-ашты бир жерге чогултуп, анан аны өз ара тең бөлүшүшчү. Расулуллах ﷺ мындай деген:
«إِنَّ الْأَشْعَرِيِّينَ إِذَا أَرْمَلُوا فِي الْغَزْوِ أَوْ قَلَّ طَعَامُ عِيَالِهِمْ بِالْمَدِينَةِ جَمَعُوا مَا كَانَ عِنْدَهُمْ فِي ثَوْبٍ وَاحِدٍ ثُمَّ اقْتَسَمُوهُ بَيْنَهُمْ فِي إِنَاءٍ وَاحِدٍ بِالسَّوِيَّةِ فَهُمْ مِنِّي وَأَنَا مِنْهُمْ»
«Ашъарийлер жоого чыкканда каражатсыз калышса же Мадинада үй-бүлөлөрүнүн азыгы азайса, ар кимде болгон нерсени бир кездемеге чогултуп, анан аны өз ара тең бөлүшүшөт. Алар менден, мен аларданмын». (Муттафакун алейх)
- Бул кооперативдик компаниялар “кайра камсыздандыруу” ишин да жүргүзүшөт. Башкача айтканда, жергиликтүү же чакан кооперативдик камсыздандыруу компаниясы камсыздандырылуучулардан топтолгон взносторду ири камсыздандыруу компаниясына өткөрүп берип, ал каражатты башкаруу жана инвестициялоо ишин ага жүктөйт. Кайра камсыздандыруу тууралуу алардын китептеринде жана брошюраларында “кайра камсыздандыруу” боюнча төмөнкүдөй айтылат:
«Чакан камсыздандыруу компаниялары чоң зыяндардын компенсациясын жаба албайт жана кеме же учак сыяктуу ири тобокелдиктерди көтөрө албайт. Ошондуктан алар дүйнөнүн ири борборлоруна б.а. Европа жана Америка сыяктуу жерлерде жайгашкан чоң камсыздандыруу компанияларына камсыздандырууну камсыздандырууга мажбур болушат. Бул кайра камсыздандыруу деп аталат…».
- 7. Кооперативдик камсыздандыруу менен алек болгондор коммерциялык камсыздандыруунун харам экенин танбайт. Анткени аны харам деген фатвалар бир катар органдар тарабынан чыгарылганын моюнга алышат жана ал органдардын шаръийлигин да таанышат. Алардын айрымдары:
- Саудиядагы Жогорку аалымдар кеңеши.
- Жидда шаарында жайгашкан Ислам кызматташтык уюмуна караштуу Эл аралык Ислам фикх академиясы.
- Меккеде жайгашкан Рабытатул-Алам аль-Исламийге караштуу Ислам фикх кеңеши.
- Аль-Азхардагы Ислам изилдөөлөр жыйыны. (ж.б.) Аягы.
Бирок алар мындай дешет: кооперативдик камсыздандыруу андан айырмаланат, ошондуктан ал халал. Аны “кайрымдуулук” деп эсептешет, коммерциялык инвестиция эмес дешет, жана ал коммерциялык камсыздандыруу компаниялары менен кайра камсыздандыруу иштерин жүргүзбөйт дешет…
Ошондой эле алар 1397-хижрий жылдын 4/4-күнү Саудиянын Улуу аалымдар кеңеши чыгарган чечимди ушул камсыздандырууну жайылтууда пайдаланууга аракет кылышкан.
Бул чечим кантип чыккан жана кийин кантип такталган?
Тактык үчүн бул чечим кандайча кабыл алынганын жана кеңеш аны кийин кантип тактаганын айтып өтүү туура болот. Кеңеш өкмөт менен байланышта экенине карабастан (мунун өзү өзүнчө маселе) адилеттик үчүн болгон окуяны баяндайбыз.
Бул камсыздандыруу менен алек болгондор маселени Саудиянын Жогорку аалымдар кеңешине төмөнкүдөй негизде сунуш кылышкан: бул инвестиция же пайда табуу максатында эмес, тескерисинче, жакшылык жана такыбалык үчүн берилген кайрымдуулук деп түшүндүрүшкөн (жогоруда баяндалгандай).
Ошонун негизинде кеңеш 1397-х. 4/4-күнү №51 чечимди кабыл алып, берилген маалыматтарга таянып кооперативдик камсыздандырууга уруксат берген. Чечиминин башында мындай деп айтылган:
«Кооперативдик камсыздандыруу – бул кайрымдуулук келишимдеринен болуп, анын түпкү максаты коркунучтарды бөлүштүрүүдө кызматташуу жана кырсыктар болгондо жоопкерчиликти бирге көтөрүү. Бул белгилүү адамдардын акчалай салым кошуусу аркылуу жүзөгө ашат, жана ал каражат зыян тарткан адамга компенсация берүү үчүн бөлүнөт. Кооперативдик камсыздандырууга катышкан топ башка адамдардын акчасынан соода же пайда табууну көздөбөйт, тескерисинче, тобокелдиктерди өз ара бөлүштүрүү жана зыянды бирге көтөрүү максатын көздөйт…». Аягы.
Ал чечимдин акырында кеңеш мындай өтүнүч менен жыйынтыктаган:
«Бул кооперативдик компаниянын деталдуу жоболорун ушул тармактагы адистерден турган топ иштеп чыксын, аларды мамлекет тандасын. Алар ишин бүткөндөн кийин жазылган материал кайрадан Жогорку аалымдар кеңешине кайтарылып, шарият эрежелерине ылайык изилденип, колдонууга киргизилсин. Аллах тавфик берүүчү».
Кеңештин чечиминен айкын көрүнүп турат: ал бул ишти пайда же киреше табуу жайы эмес, кайрымдуулук келишими деп эсептеген. Башкача айтканда, эки тараптуу алмашуу (муаваза) келишими эмес, бир тараптуу табарруъ (кайрымдуулук) катары караган. Бул болсо камсыздандыруу менен алек болгондор берген маалыматтардын негизинде кабыл алынган.
Бирок айтылган камсыздандыруу чындыгында табарруъ эмес экенин компаниялар өздөрү да жакшы билишет. Ошондуктан алар кеңештин чечимин пайдаланып, өз иштерин жайылтууга аракет кылышкан.
Мунун натыйжасында Жогорку аалымдар кеңешине караштуу Туруктуу илимий изилдөөлөр комитети атайын билдирүү чыгарган. Анда мындай делген: “Мындан мурда Жогорку аалымдар кеңеши коммерциялык камсыздандыруунун бардык түрлөрүн харам деп чечим чыгарган, анткени анда зыян, чоң тобокелдик жана адамдардын мал-мүлкүн батыл жол менен жеп алуу бар…
Ошондой эле Жогорку аалымдар кеңеши кооперативдик камсыздандырууга уруксат берген. Бул болсо кайрымдуу адамдардын табарруъаттарынан түзүлүп, муктаж жана кырсыкка учураган адамга жардам берүү максатын көздөйт. Андан катышуучуларга эч нерсе кайтып келбейт — баштапкы капитал да, пайда да, инвестициялык киреше да жок. Анткени катышуучунун максаты муктажга жардам берүү аркылуу Аллахтан сооп үмүт кылуу, дүйнөлүк пайда көздөө эмес. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнө кирет:
﴿وتعاونوا على البر والتقوى ولا تعاونوا على الإثم والعدوان﴾
“Жакшылык жана такыбалык жолунда көмөктөш болгула, күнөө жана чектен ашуу жолунда көмөктөш болбогула! Алладан корккула, Албетте Алланын азабы катуу!” (Маида: 2).
Жана Пайгамбар ﷺ мындай деген:
“والله في عون العبد ما دام العبد في عون أخيه” .
“Пенде бир тууганына жардам берип турганда, Аллах Өз пендесине жардам берет”.
Бул ачык жана түшүнүктүү, анда шек жок. Бирок акыркы мезгилде айрым мекемелер жана компаниялар элди адаштырып, чындыкты бурмалап жатышат. Алар харам болгон коммерциялык камсыздандырууну “кооперативдик камсыздандыруу” деп атап, адамдарды алдоо жана өз компанияларын жарнамалоо үчүн, ага уруксат берген сөздү Жогорку аалымдар кеңешине таандык кылышууда.
Жогорку аалымдар кеңеши мындай иштен таптакыр алыс. Анткени анын чечими коммерциялык камсыздандыруу менен кооперативдик камсыздандыруунун ортосундагы айырманы так белгилеген. Атты өзгөртүү чындыктын өзүн өзгөртпөйт. Элге түшүндүрүү, бурмалоону ашкерелөө жана жалган менен жалааны четке кагуу максатында ушул билдирүү чыгарылды» Аягы.
Булак: «Маанилүү билдирүүлөр жана фатвалар», Илимий изилдөөлөр жана фатва боюнча Туруктуу комитет, Дар Ибн ал-Жаузи, Даммам, Саудия, 1421-х./1999-ж.
Экинчиден: Бул камсыздандыруу коммерциялык камсыздандыруудан сөздөрдү гана өзгөртүү менен айырмаланат.
- Бул жакшылык жана такыбалык жолунда көмөктөшүү эмес. Тескерисинче, төлөнгөн каражаттарды инвестиция кылуу жана катышуучуларга киреше бөлүштүрүү болуп саналат. Бирок алар муну коммерциялык камсыздандыруу компаниялары же банктар сыяктуу “пайда” же “пайыз” дебестен, “ашыкча каражат” деп аташат.
- Бул кайрымдуулук эмес. Тескерисинче, коммерциялык камсыздандыруудагыдай эле акциялык үлүшкө жазылуу болуп эсептелет. Мунун далили: эгер катышуучу өзүнүн жазылуусуна “ашыкча каражат” деп аталган кирешени албаса, ал нааразы болуп, сотко чейин кайрылышы мүмкүн. Эгер бул чындап эле кайрымдуулук болгондо, мындай укукка ээ болмок эмес.
Мындан тышкары, кайрымдуулук – бир тараптуу амал, ал келишимдерди, шарттарды жана сүйлөшүүлөрдү талап кылбайт. Анткени кайрымдуулук кылган адамдын ролу акчаны берүү менен аяктайт.
- Бул – катышуучулардын каражаттарын инвестиция кылуу. Башкача айтканда, каражаттарды жөн гана фондго топтоп коюу эмес, коммерциялык камсыздандыруудагыдай эле инвестицияга салуу болуп саналат.
- Алар кайра камсыздандырууну кабыл алышат, башкача айтканда, каражаттарды инвестициялоого көбүрөөк жөндөмдүү болгон ири компанияларга өткөрүп беришет. Бул да коммерциялык камсыздандыруудай эле.
- Анын ишин башкаруу катышуучулардын үлүштөрүнө (акцияларына) жараша өкүлчүлүк кылган башкаруу аркылуу жүргүзүлөт. Кимдин жазылуусу көбүрөөк болсо, ошол башкармалык кеңешинде көбүрөөк таасирге ээ болот. Бул да коммерциялык камсыздандырууга окшош.
- Анда коммерциялык камсыздандыруудагыдай эле белгисиздик (гарар) бар. Анткени катышуучу өзүнө кырсык качан болорун билбейт.
- Бул камсыздандыруунун программалары коммерциялык камсыздандыруудан айырмаланбайт. Алар төмөнкүлөрдү камтыйт: өрттөн камсыздандыруу, авто кырсыктарынан камсыздандыруу, жүктөрдү кургактык, аба жана деңиз аркылуу ташууда камсыздандыруу, кемелердин корпусу, мунай жана газ ж.б.
Айырмасы болгону аталышында гана: коммерциялык камсыздандыруу “камсыздандыруу” деп ачык жазса, такафул камсыздандыруусу “өрттөн такафул программасы”, “унаа кырсыктарынан такафул программасы”, “жүктөрдү кургактык, аба жана деңиз аркылуу такафул программасы” ж.б. деп жазат.
Үчүнчүдөн: “Ашъарийлер хадисине” таянуу туура эмес. Кооперативдик, такафул же исламий камсыздандыруу коммерциялык камсыздандыруудан айырмаланат, анткени анын шаръий далили бар, ал Ашъарийлер хадиси деп айтуу туура эмес.
Себеби Ашъарийлер хадисинде кызматташуу кырсык болгондон кийин жүзөгө ашат. Башкача айтканда, ачарчылык, жакырчылык же башка кырсык келгенде алар бири-бирине жардам беришкен. Ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша берип, ошол болгон кырдаалды бирге жеңүүгө аракет кылышкан. Ал эми кырсык боло электе алдын ала акча чогултуу жөнүндө сөз жок.
Хадистин тексти ачык:
«إِنَّ الْأَشْعَرِيِّينَ إِذَا أَرْمَلُوا فِي الْغَزْوِ أَوْ قَلَّ طَعَامُ عِيَالِهِمْ بِالْمَدِينَةِ جَمَعُوا مَا كَانَ عِنْدَهُمْ فِي ثَوْبٍ وَاحِدٍ ثُمَّ اقْتَسَمُوهُ بَيْنَهُمْ فِي إِنَاءٍ وَاحِدٍ بِالسَّوِيَّةِ فَهُمْ مِنِّي وَأَنَا مِنْهُمْ.»
Башкача айтканда, азыгы түгөнгөндө алар колунда болгон нерселерди бир кездемеге чогултуп, анан тең бөлүшүшкөн. Демек, бул хадис кырсыкка кийинчерээк жооп кайтаруу жөнүндө, алдын ала взнос төлөп, келишим түзүү жөнүндө эмес.
Төртүнчүдөн: Бул камсыздандыруунун шаръий өкүмү харам.
Бул төмөнкү себептерден улам харам:
- Бул кайрымдуулук эмес. Демек, аны табарруъ (кайрымдуулук) негизинде карап чыгууга болбойт.
- Бул катышуучулардан түзүлгөн камсыздандыруу компаниясынын кырсыкка учураган катышуучуга кепилдик (доман) берүүсү. Ошондуктан Исламдагы кепилдик шарттары ага колдонулушу керек:
а) Кепилдик берилгенге чейин адамдын мойнунда такталган укук болушу керек. Башкача айтканда, адегенде кырсык болуп, андан кийин компания ошол адамдын мойнундагы милдеттенмени өзүнө алып, төлөп бериши керек.
б) Кепилдик келишими алмашуу (муаваза) келишими болбошу керек. Башкача айтканда, кепил болгон тарап акы албашы керек, ал “пайда”, “ашыкча каражат”, “взнос” ж.б. деп аталса да.
в) Камсыздандыруу компаниясынын келишими шаръий компания (шарикат) келишими болушу керек. Исламда компания мал-мүлк жана эмгекке (мал ва бадан) негизделет, жөн гана капиталдык компания (шарикат амвал) болбойт.
Ал эми бул камсыздандыруу — капиталдык компания. Бардыгы акча кошот, башкаруу кеңеши да алардын капиталынын өкүлү катары иш алып барат. Эч ким эмгеги менен шерик болбойт, баары акчасы менен гана катышат. Демек, бул акционердик компания сыяктуу капиталдык компания.
г) Каражат шариятка каршы жолдор менен инвестицияланбашы керек. Башка компаниялар аркылуу болобу, “инвестиция” же “кайра камсыздандыруу” деп аталабы — баары бир.
Бул маселелердин далилдери капиталдык компаниялардын далилдерине жана кепилдик (доман) маселесинин далилдерине таянат. Алардын бардыгы исламий экономикалык түзүмдө баяндалган.
Жыйынтык
Кооперативдик, такафул же исламий деп аталган камсыздандыруу Исламдагы кепилдик шарттарына жооп бербейт. Исламдагы компания шарттарына да жооп бербейт. Ошондуктан ал шарият боюнча жайиз эмес.
07.06.2010-м.




