Басма сөз

Коопсуздук органдары адамдарга каршы уурдоо ыкмаларын дагы деле колдонуп жатышат!

Басма сөз баянаты

Коопсуздук органдары адамдарга каршы уурдоо ыкмаларын дагы деле колдонуп жатышат!

Бул качан токтойт?!

Кечээ, жума күнү (20.02.2026-ж.) күндүз саат бирлер чамасында Ливан армиясынын чалгын кызматынын кызматкерлери борбор шаар Бейрутта бензинге салыктын көбөйүшү жана кошумча нарк салыгы (TVA) жогорулатылганы тууралуу билдирүү тараткан деген жүйө менен эч кандай мыйзамдык негизсиз, укуктук документсиз же соттун уруксатысыз, адамдын эң жөнөкөй укуктары менен ар-намысын да эске албай, Ливандагы Хизб ут-Тахрирдин эки жигитин уурдап кетишти.

Алар түн ортосунан кийин бошотулганына карабастан, бул окуяга жана мындай аракеттерге олуттуу көңүл буруу зарыл. Анткени коопсуздук органдарынын негизги милдети — адамдарды коргоо, аларды коркутуу же уурдоо эмес. Бирок бул органдар дагы эле адамдарды коркутууга жана алардын кризисин билдирген акыйкат үнүн басууга аракет кылган булак болуп калууда. Алар элдин эркиндигин тартып алып, коопсуздуктун жок болушуна себеп болуп жатышат. Куралсыз, колунда пикир менен сөздөн башка эч нерсеси жок адамга кылмышкердей мамиле кылуу, аны үй-бүлөсүнүн арасынан же көчөдөн уурдап кетүү бийлик менен анын органдары адамдардын ишин кароодон жана алардын коопсуздугун камсыз кылуудан канчалык алыс экенин көрсөтөт.

Бүгүнкү күндөгү эң маанилүү суроо: мыйзамсыз мындай аракеттер болуп жаткан чакта, айрыкча мыйзам чегинде иш алып барган, расмий таанылган партияга карата ушундай иштер жасалып жатканда бийлик кайда карап турат?! Коопсуздук органдарынын кызматкерлери же офицерлери адамдарга каршы чектен чыккан аракеттерди жасап жатса, эмне үчүн алардан сурак алынбайт жана жоопко тартылбайт?! Коопсуздук органындагы кайсы бир офицер же жооптуу адам өз алдынча адамдарды уурдап, камап, кармап, кайра коё берип жатканын башкаруучу бийлик бул тууралуу билбей калышы мүмкүнбү?!

Акыйкат менен адилеттин чегинен тышкаркы ар кандай аракет жабырлануучуга гана зыян келтирбестен, башкаруучу бийликтин кайдыгерлигин, адамдардын ар-намысын тебелешин жана коопсуздук органдарынын аракеттерине көз жумуп жатканын ашкере кылат. Анда бул аракеттерге карата Ички иштер министрлиги менен Адилет министрлиги эмнеге көңүл бурбайт? Же бул органдар көзөмөлдөн жана жоопкерчиликтен тышкары болууга макулдашылганбы?!

Хизб ут-Тахрир / Ливан вилаяты бул билдирүүсүндө, балким бардык билдирүүлөрүндө айтып келген нерсе өлкөдөгү адамдардын жалпы маселеси, алардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер жана органдардын кызматкерлери да бар. Силер бул адилетсиз салыктар өтүп кетишин, адамдардын ырыскысына мындайча кол салуу көзөмөлсүз жана жоопкерчиликсиз калышын каалайсыңарбы?! Эгер мамлекет адамдардын түп тамырынан өзгөрүү болоруна үмүтсүздүгүнөн улам унчукпай калышына көнүп калган болсо, бул сөз жана фикр ээлери да өз укуктары тууралуу унчукпай калат дегенди билдиреби?! Бул эч качан болбойт, акыры Аллах Таала ортобузда акыйкат менен өкүм кылганга чейин:

﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ يَقُصُّ الْحَقَّ وَهُوَ خَيْرُ الْفَاصِلِينَ﴾

«Акыйкатта өкүм Алланын өзүнө гана таандык. Ал жалаң акыйкатты гана сүйлөйт. Ал (чындык менен жалганды) ажыратып билгендердин эң көсөмү». (Анъам: 57).

Эй башкаруучу бийликтин өкүлдөрү! Силер бул негизсиз зомбулук аракеттерин токтотууга милдеттүүсүңөр, адамдардын укуктарын эч кандай өзгөчөлүксүз урматтоого милдеттүүсүңөр, элдин жалпы позициясын билдирген көз карашын айткандыгы үчүн адамдарды жоопко тартпоого милдеттүүсүңөр. Мындан тышкары, мындай аракеттер боюнча тез арада иликтөө ачууга милдеттүүсүңөр, айрыкча бул биринчи жолу болбогонун эске алуу зарыл!

Бул органдар «укуктук мамлекет» деген дооматтарына карабастан баш тарткысы келбеген мындай ыкмалар аймактагы кулаган режимдерди эске салат. Алар да ушундай услубдарды колдонуп, акыры элдин каарына калып, кеч болсо да кулатылган.

Эркиндик белек эмес, кадыр-барк артыкчылык эмес, адилеттик тандоо эмес. Булар негизги укуктар. Өлкө да, эл да ушул укуктар менен гана түздөлөт.

﴿وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّهَ غَافِلاً عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ * مُهْطِعِينَ مُقْنِعِي رُءُوسِهِمْ لَا يَرْتَدُّ إِلَيْهِمْ طَرْفُهُمْ وَأَفْئِدَتُهُمْ هَوَاءٌ﴾

«(Эй Мухаммад) Сен эч качан: «Алла заалим адамдардын кылып жаткан иштеринен бейкапар (кабарсыз)» деп ойлобо! Бар болгону Алла аларды(н жазаларын), көздөр (айбат-коркунучтан) катып кала турган, (коркунучтуу Кыямат) Күнүнө гана калтырууда. (Аз Күндө) алар баштарын (асманга) көтөрүшкөн бойдон (чакырылган тарапка эсеп-китеп үчүн) жүгүрүшөт. Көздөрү өздөрүнө кайтпайт (башкача айтканда коркунучтан катып калып, өздөрүнүн кандай абалда экендиктерин да көрүшпөйт). Дилдери (коркунучтун айынан) боп-бош болуп калат.» (Ибрахим: 42–43).

Хизб ут-Тахрирдин Ливан вилаятындагы маалымат бөлүмү

21.02.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button