Коррупциянын башкаруунун куралы болушу административдик кемчилик эмес!

Коррупциянын башкаруунун куралы болушу административдик кемчилик эмес!
Коррупция ар дайым эле мамлекеттин эсеп-кысабындагы ката эмес, анын административдик механизмдериндеги айып да эмес, ошондой эле мамлекет көп учурда өз жарандарын ынандырууга аракет кылган кадр жетишсиздигинин же ресурстар тартыштыгынын натыйжасы да эмес.
Айрым өлкөлөрдө коррупция мыйзамдын өзүнөн да иреттүүрөөк, институттардан да натыйжалуураак жана иштеп жаткан башкаруунун табиятын эң так чагылдырган көрүнүш болуп калат. Андай жерде коррупция көмүскөдө башкарылбайт, тескерисинче, атын атабастан ачык жүргүзүлөт жана дароо оңдолчу өзгөчө көрүнүш катары эмес, түздөн-түз башкаруунун куралы катары колдонулат.
Расмий түрдө, айрыкча көз каранды мамлекеттерде, коррупция административдик четтөө же көзөмөлдүн алсыздыгынан же мыйзамдардын кемчилигинен улам чыккан жеке жүрүм-турум катары көрсөтүлөт. Бирок бул мүнөздөмө канчалык кеңири тараганына карабастан, көрүнүштүн тереңдигин да, анын ондогон жылдар бою уланып келген жөндөмүн да түшүндүрбөйт. Ошондой эле аны менен күрөшүүдөгү көпчүлүк аракеттердин кайра-кайра ийгиликсиз болушун да чечмелеп бере албайт. Мына ошондуктан көптөгөн режимдерде коррупция кокустук кемчилик эмес, аң-сезимдүү түрдө башкарылган, элиталарды көзөмөлдөө, берилгендиктерди кайра бөлүштүрүү жана бийликтин сакталып калышын камсыз кылуу үчүн колдонулган борбордук башкаруу куралы болуп саналат.
Бул кырдаалда «мамлекет эмнеге кыйрады?» деген суроо туура эмес. Тескерисинче, «мамлекеттин ийгиликсиздигине карабастан, режим кантип сакталып калды?» жана «коомдук каражат кантип кызмат көрсөтүүчү ресурс болуудан көзөмөлдөөчү каражатка айланды, административдик кемчиликтен кантип толук кандуу башкаруу логикасына өттү?» деген суроолор орундуу.
Ошого жараша, мамлекеттерди үч негизги түргө бөлүүгө болот:
— Алсыз, көз каранды авторитардык мамлекеттер: буларда коррупция параллелдүү системага, а түгүл башкаруунун негизги тирегине айланат.
— Туруктуу мамлекеттер: адатта капитализм алкагында туруктуу мыйзамга баш ийген ири мамлекеттер; бул жерде коррупция негизинен натыйжалуу иштеген укуктук тутумдун ичиндеги өзгөчө көрүнүш катары эсептелет.
Ири мамлекеттердин айынан мусулман өлкөлөрүнүн баары коррупцияны башынан кечирип, андан жапа чегишет. Ири мамлекеттер бул коррупцияны сактап келишет, анткени алар андан эң чоң пайда көрүп, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаруучулардын өздөрүнө көз карандылыгын камсыз кылышат.
— Мабдаий мамлекеттер: булар коррупциянын өзү өсө турган кыртышты өзгөртүп, анын башынан эле пайда болушуна жол бербейт.
Ар бир түргө өз-өзүнчө токтолобуз.
Биринчиден: коррупция башкаруунун куралы болуудан саясий кыртышка айланган учур. Бул типтеги мамлекеттерде коррупция ахлакый күнөө катары эмес, саясий тандоо жана башкаруу түзүмү катары каралат. Бул режимдер аскерий, экономикалык, уруучулук, партиялык же мазхабдык сыяктуу көптөгөн күч борборлорунун ортосундагы назик тең салмакка таянат. Алар адатта, чыныгы институттук легитимдүүлүктөн куру калгандыктан, берилгендикти камсыз кылуу үчүн коррупцияга кайрылышат.
Умумий мүлктү ыйгарып алуу, келишимдерди көзөмөлдөө жана жоопкерчиликтен качуу мүмкүнчүлүгү берилет. Бирок бул «уруксат» баарына бирдей берилбейт, ал саясий берилгендикке шартталган. Мына ушунда коррупция эки жүздүү кылычка айланат: берилгендер үчүн сыйлык, ошол эле учурда аларды дайыма кысымда кармап турган шантаж куралы. Анткени каалаган учурда алардын иш кагаздарын ачууга болот.
Бул мамлекеттердеги «коррупцияга каршы күрөш» кампаниялары көбүнчө башынан эле саясий мүнөзгө ээ болот. Aлар системаны эмес, айрым адамдарды бутага алат жана системанын ичиндеги эсептешүүлөрдү тазалоо үчүн колдонулат. Мындай кампаниялар күчтөрдүн тең салмагы өзгөргөндө, элиталарды кайра иретке келтирүү зарыл болгондо же айрым тараптарга эскертүү сигналдарын жөнөтүү керек болгондо гана жанданат. Ошентип, коррупцияга каршы күрөш чыныгы реформалык долбоорго эмес, таза саясий куралга айланат.
Бул мамлекеттерде башкаруучу менен башкарылуучунун ортосундагы мамиле салыктар жана эсеп берүү негизинде эмес, үлүштү бөлүштүрүү негизинде түзүлөт. Коррупция өзгөчө келишимдер, импорттук монополиялар, жерлер жана кыймылсыз мүлк, кызмат орундар түрүндө берилет. Мунун баары жөндөмгө эмес, берилгендикке жараша талап-тоноо үчүн таратылат. Ошондой эле коопсуздук жана аскерий сыяктуу сезимтал түзүмдөргө (мамлекеттин таягы) экономикалык артыкчылыктар жана кол тийбестик берилет. Бул система тараптан байкабай калуу эмес, тескерисинче, режимдин сакталып турушу алардын пайда көрүп турушуна түздөн-түз байланыштуу болгондуктан жасалат.
Башкаруучу элитанын ичинде пикир келишпестик чыкканда, атайын эсептелген агызуулар аркылуу «так иштелип чыккан» коррупция иштеринин капыстан пайда болушу байкалат. Бул коррупция мурда эле белгилүү болгонун, бирок анын ээси күч тең салмагындагы ордун жоготконун тастыктайт. Көп учурда мындай режимдер өздөрү көз каранды болгон ири мамлекетке байланыштуу болот. Ал эми эл аралык жаңжалдарда да адамдар алмашат, бирок система алмашпайт.
Бул үлгү араб мамлекеттеринин көпчүлүгүн, Латын Америкасын, Азиянын айрым бөлүктөрүн жана Африканын басымдуу бөлүгүн, башкача айтканда, түзүмдүк жактан көз каранды мамлекеттерди камтыйт.
Өкүнүчтүүсү, «араб жазы» деп аталган же башкаруу системасында өзгөрүү болгон мамлекеттер көбүнчө мурунку абалына кайра кайтышты. Бул мусулман өлкөлөрүндө башкаруунун жалгыз уруксат берилген модели катары коррупция — башкаруунун куралы, ал эми көз карандылык — тагдыр катары таңууланып жаткандай элес калтырат. Муну Батыш бекем сактап келет.
Коррупциялык режимдер коррупция күчөгөндө эмес, система олжону бөлүштүрө албай калганда кулайт. Ошондо берилгендик тармагы бузулат жана коррупция аркылуу камтып болбой турган, системадан тышкаркы күч пайда болот. Мындай учурда үстөм мамлекеттер толкунга дуушар болуп, чыныгы түпкү өзгөрүү болгондон башка учурларда коррупцияны жаңы жүздөр менен кайра өндүрүүгө умтулушат.
Экинчиден: туруктуу мамлекеттер.
Бул — башкаруу системасы туруктуу мыйзамга таянган ири мамлекеттер. Алардын ичинде коррупция бар, бирок ал системанын куралы эмес, анын ичиндеги бузулуу болуп саналат. Бул мамлекеттердин көпчүлүгүндө коррупция ачыкка чыгып, жоопко тартылат, теориялык жактан алганда, абсолюттук саясий коргоо жок, мыйзамдан жогору турган эч ким жок.
Бирок бул көрүнүш ири кызыкчылыктарга келгенде өзгөчөлөнөт: анда саясий акча, таасирдүү лоббилер жана расмий бийликтин үстүндө турган түзүмдөр (терең мамлекет) аркылуу айланып өтүүлөр болот.
Бул мамлекеттер коррупцияны түп-тамырынан жулуп салбай, аны менен күрөшүүгө аракет кылышат. Анткени коррупция компромисске негизделген туруктуу мыйзамдын ичине терең сиңип калган. Негизинде бул мыйзам «эркиндиктер» деген аталыш алдында коррупциянын ар кандай түрлөрүн мыйзамдаштырат. Бул динди турмуштан ажыратуу жана жамааттан көрө жеке тарапты үстөм коюу принцибине таянган капиталисттик мабдадан келип чыгат.
Бүгүн биз капитализм өз маңызын жоготуп, эл аралык мыйзам тандалма колдонулуп калган учурда туруктуу мамлекеттердин начарлашына күбө болуп жатабыз. Бул мамлекеттер бири-бири менен байланышкан үч таянычка негизделген болчу, азыр алардын баары алсырай баштады:
- Ирээттелген экономика: бүгүн ал дээрлик жок; ири инфляция, рецессиянын башталышы жана биринин артынан бири келген каржы кризистери — мунун баары капиталисттик мабданын өзүнүн натыйжасы.
- Мамлекет менен коомдун ортосундагы мамилени жөнгө салган ички мыйзам: бул багытта ажырым болуп көрбөгөндөй кеңейип, ашынган оңчул партиялардын көтөрүлүшүнө шарт түздү.
- Эл аралык мыйзамга берилгендик: ал олуттуу түрдө солгундады. Бул көз каранды мамлекеттерге карата гана эмес, көз карандысыз мамлекеттердин ортосунда да байкалууда, айрыкча АКШ жүргүзүп жаткан эл аралык бейбаштык эл аралык мыйзамды эң начар абалга түшүрдү.
Мамлекеттер бул тутумга берилгендигин жогото баштаганда, алар дароо кулап түшпөйт, тескерисинче, жай баракат начарлоо абалына кирип, аталышы боюнча көз карандысыз, мазмуну боюнча алсыз, функциялык жактан обочолонгон мамлекеттерге айланат.
Үчүнчүдөн: мабдаий мамлекет
Бул — коррупция өсө турган кыртыштын өзүн өзгөртүп, анын башынан эле өнүгүшүнө жол бербеген мамлекет. Мындай мамлекет толук кандуу түрдө бүгүн эл аралык аренада жок, бирок аны кайра алып келүү үчүн иш алып баргандар бар. Алла кааласа, жакын келечекте ал пайда болуп, чечим дал ушунда экенин дүйнөгө көрсөтөт. Ал — Исламды мабдаий негиз катары, Конституция кылып алган Халифалык мамлекети. Анткени Ислам акылга негизделген акыйда, андан Раббаний система келип чыгат.
Ислам коррупцияны башкаруунун куралына айланышына уруксат берүүсү бул жерде турсун, коррупциянын өзүнө да жол бербейт! Коррупциянын адамдык ката себептүү болуп калышы менен аны мыйзамдаштыруу же кабыл алуу — экөөнүн ортосунда чоң айырма бар.
Ислам мабдасында коррупция шаръий кылмыш, адам ал үчүн акыретте жооп берет, ал эми дүнүйөдө мамлекет тарабынан жоопко тартылат. Ал акча менен гана чектелбейт. Зулумдукту, адилетти бузууну, адамдардын укуктарын жеп коюуну жана бийликти олжого айлантууну да камтыйт.
Исламда бийлик – бул аманат, артыкчылык эмес. «Саясий коррупция» деген түшүнүк жок: башкаруучу халифа болобу же валий болобу эсепке тартылат, суракка алынат жана кызматтан алынат.
Демек, Ислам мамлекети адамдык катадан толук таза экенин доомат кылбайт, бирок коррупция менен эч качан элдешпеген башкарууну түптөйт. Ал адамдардын иштерин кароого жана адамдын өзү менен, Раббиси менен жана башкалар менен болгон мамилесин жөнгө салган шаръий өкүмдөрдү колдонууга негизделет.
Бул манхаж жашоо тартиби катары карманылганда, жашоо оңолот жана адилеттик үстөм болот. Анткени бул дин гана адамдарды адамдарга кул болуудан Ааламдардын Раббисине кул болууга, диндердин зулумунан Исламдын адилеттигине жана нуруна чыгара алат.
Роя гезити
Устаз Набил Абдулкарим




