
Кремль жана ага моюн сунган муфтийлер Исламды муунтууну улантууда
Астраханда өткөн эл аралык ислам конференциясында Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын муфтийлери, мусулмандарга карата бир катар «сунуштарды» айтып чыгышты. Алар мусулмандарды, эл көп чогулган коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде жана мектептерде никаб кийбөөгө чакырышты. Бул сунуштарды «коопсуздукту камсыз кылуу», «адамдын өздүгүн аныктоону жеңилдетүү» деген жүйөлөр менен негиздешип, ошондой эле никаб «жергиликтүү элдердин тарыхый салты эмес» экенин далил катары баса белгилеп чыгышты. Мындан тышкары, муфтийлер «ылайыксыз жерлерде» коомдук жайларда, жолдордо, кызмат учурунда ж.б. ушул сыяктуу жагдайларда намаз окуудан тыйылууга чакыршыты.
КОММЕНТАРИЙ:
Кремль системалык түрдө өзүнүн исламга каратылган ар тараптуу көзөмөлүн күчөтүүдө. Ага ылайык, дин мамлекет белгилеген чекте гана «бар болот», ал эми жамааттардын ар кандай өз алдынча өнүгүүсү, кооптуу көрүнүш катары кабыл алынат. Андыктан, бул чечимдердин негизин талдоого эч кандай кажет жок. Анткени “коопсуздукту камсыздоо”, “өздүктү аныктоо” жана “салтка карама каршы келүү” сыяктуу шылтоолор, жылдан жылга чыныгы себепти жаап-жашыруучу парда катары иштетилип келүүдө.
Мындан улам, бизге бир маанилүү нерсе ачыкталууда: бул жерде кеп тартипти орнотуу же коопсуздук чараларын жөнгө салуу жол-жоболору тууралу эмес. Маселе аймакта тездик менен өнүгүп келе жаткан ислам динине карата системалуу кастыкта. Дал ушул исламдын жандануусу, идеологиялык жана коомдук турмушта монополиясын сактап калгысы келген бийлик ээлерин тынчсыздандырууда.
Айрыкча, бул иш-чаралар жүрүп жаткан маалда муфтийлердин мамлекеттин кылып жаткан басымын мыйзамдаштырууга урунганы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Мындай билдирүүлөр, теологиялык позициянын, же дин тутуучу жарандардын камын көрүү эмес. Бул – диний мекемелердин мамлекетке ачык эле саясий лоялдуулугун көрсөткөнүн жана коомдун кызыкчылыгына каршы келсе да, бийлик ээлерине баш ийгенге даяр экенин тастыктайт.
Андыктан, момундардын жана Жаратуучунун алдында, аларга кылмыштары үчүн жүктөлө турган жоопкерчилик абдан оор. Анткени, дал ушул дин башчылары, административдик чектөөлөрдү колдоп кубаттагандын ордуна, динди коргоого, аны сактоого жана жайууга умтулушу керек эле. Муфтийлер мамлекеттик көзөмөлдүн кызыкчылыгында иштей баштаганда, алар өздөрүнүн моралдык кадыр-баркын гана жоготпостон, аны менен кошо элдин ишениминен ажырашат. Ал эми бүгүн, расмий дин өкүлдөрү менен мусулмандардын кызыкчылыктарынын ортосундагы ажырым күн өткөн сайын чоңоюп барууда.
Абду Шукур




