Сакофат
Trending

Кыргызстандагы аялзаты да капитализм зулумун тартууда

Кыргызстандагы аялзаты да капитализм зулумун тартууда

Коомдо колдонулуп жаткан капитализм системасы жеке турмуштагы эки жүздүү мунаафык адамга окшойт. Мунаафык сүйлөсө жалган сүйлөйт, айтып жаткан нерселери амалдарына дал келбейт о.э. амалдардан келип чыккан натыйжалар да кептерине тескери келет. Демократия маскасын жамынган капитализмдин аялзаты жаатындагы идея-пикирлери, баалуулуктары, стандарттары жана нормалары о.э. принциптери жана мыйзамдары так ушундай. Мисалы, бир кездерде капитализмди калыптандырган философтор тарабынан “эркиндик” идеясы, анын алкагында “аялдар эркиндиги” идеясы да көтөрүлүп, ал өзүнө “аялдар коомдо б.а. саясатта, билимде, экономикада ж.б.у.с. активдүү болушу керек” деген идеяларды камтыган. Капитализмдин калыптануу тарыхында бул идеялар коомго сиңдирилип, “баалуулуктарга” айланган. Бул баалууктар өз кезегинде – айрыкча, империализмдин эң башкы куралы болгон Бириккен улуттар уюмунда – принцип катары кабыл алынып,  алар эл аралык норма жана стандарттарга киргизилген. Мамлекеттер болсо ал стандарттарды өздөрү үчүн үлгү кылып, ал эми, нормаларды ушул жааттагы мамлекеттик мыйзамдарга булак кылып алышууда.

Жогоруда айтылган “баалуулуктар” канчалык сырты жалтырак сөздөр менен айтылбасын, алардан келип чыгып жаткан терс натыйжалар алардын канчалык “ичи калтырак” экенин айгинелеп турат. Мисалы, “дене эркиндигинен” улам, аялдардын денеси товарга айланды. “Гендерлик теңчилик” боюнча, аялзаты эркектер көтөрө алгыс жумуштарга тартылды жана салык төлөөчү субъекттер болуп калышты. Жумуштан колу бошобогон аялдар перзенттер тарбиясын бакчаларга, андан ары мектептерге тапшырышты, энелик тарбия өз ордун жоготту, перзенттери болсо капиталисттик стандарттагы таалим алышып, мээлери капитализм тарбиясы менен жуулуп, капиталисттерге даяр кулдар болуп өстүрүлүүдө. Аялдарды саясатка, башкаруу иштерине аралаштыруу аялды шантаж кылына турган олжого айландырды. Мындай аял үйдөгү жубайлык, энелик милдеттеринен алыстап, үй-бүлө институту бузулушуна салым кошуп калды.

Азыр Кыргызстанда аялдарга карата үрөй учурган шумдуктуу кылмыштар улам көп катталып барууда. Эгер капитализмдин колдонулушу улам узарып бара берсе, мындай кылмыштар дагы да артып бара берет, азыркыдан да шумдуктуу окуялар күтүлөт. Анткени, Кыргызстан да дүйнөлүк капитализм кербенинде бара жатат. Бу бузук капитализмде көргөндөн көрө элегибиз көп. Мындай терс натыйжаларга карата кабыл алынган “жамаачы” мыйзамдар эч кандай жардам бере албайт. Учурда дүйнөнү “Эпштейн окуялары” дүңгүрөтүүдө. Анда дүйнөнү бийлеп турган империалисттик мамлекеттердин чиновниктери жана башка атактуулары аялзатынан кандай пайдаланышкандыгы ачыкталууда. Мына биз “үлгү” кылып алып жаткан адамдар, мына биз суктанып жаткан коомдор – мына ушулар биз умтулуп жаткан “баалуулуктар(!)”.

Ислам Умматы, анын ичинде Кыргызстандын мусулман калкы да, каафирлер тарабынан Исламдан узакташтырылып салынгандыктан, мына ушул капитализм зулумдуктары астында эзилип жатат. Мунун алкагында муслима аялдарыбыз да капиталисттик жашоо образынын запкысын тартып келүүдө. Андыктан, алдыбызда Исламыбызды үйрөнүү зарылдыгы турат.

Исламыбыз аялзатына кандай карайт?

Ислам аялга бешикте эле камкордук көрсөтүп, ага өз кадыр-кыйматын берди. Натыйжада, аял кымбат васият жана улуу аманат болуп калды. Эгер, аялдын үй-бүлөсү ага жакшы камкордук көрсөтүп, ал жаатта Аллахтын аманатын өтөшсө, Аллах аларга жаннат ниъматтарын убада кылды.

Расулуллах (с.а.в) мындай деди:

«مَنْ كَانَ لَهُ ثَلاَثُ بَنَاتٍ فَصَبَرَ عَلَى لَأْوَائِهِنَّ وَسَرَّائِهِنَّ وَضَرَّائِهِنَّ أَدْخَلَهُ الْجَنَّةَ بِفَضْلِ رَحْمَتِهِ إِيَّاهُنَّ: قَالَ رَجُلٌ: وَابْنَتَانِ؟ قَالَ: وَابْنَتَانِ، قَالَ رَجُلٌ: وَوَاحِدَةٌ؟ قَالَ: وَوَاحِدَةٌ»

«Кимдин үч кызы болуп, аларды багуу кыйынчылыктарына, кубаныч жана капачылыктарына сабыр кылса, Аллах аны аларга көрсөткөн ырайымы себептүү бейишке киргизет. Ошондо бир киши: Эки кызы болсочу? – деп сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в): Эки кызы болсо да деди. Дагы бир киши: Бир кызы болсочу? – деп сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в): Бир кызы болсо да деди».

Ислам аялдын өспүрүм кезинде, анын иштөө, эмгек кылуу укугун – анын аялдыгынан пайдаланылышына жол бербей турган таризде – кепилдеп койду. Анын өз аялдыгын сатып тиричилик кылуусун харам кылды. Ислам аялга корголуп-сактала турган, Аллахтын өкүмдөрүнө ылайык гана адал боло турган бир кымбат бермет деген этибарда карады. Ошондуктан да, аял – үйдүн бермети, мээримдүү эне, коргоп жатып жан курман кылына турган ар-намыс кылып белгиленди.  Ислам өспүрүм кыздын нафакасын үй-бүлөнүн валийине жүктөдү. Эгер иштейм десе, валий – башкалар кыздын аялдыгынан пайдаланып кетишине жол бербей тургандай – шарттарды түзүп бериши керек. Гойюр мусулман эркек кызын сафарга махрамсыз чыгарбайт. Хижабсыз көчөгө коё бербейт. Муну менен жаман көздөн, суук сөздөн, карөзгөй ниеттерден сактайт. Аллах ага аманат кылып тапшырган кызын ар кандай жамандыктардан өз коргоосунда асырайт жана өз убагында турмушка узатат. Ошентип, бул бапестелген бермет-каухарыбыз эринин үйүнө намысы менен, даражасы бийик, кадырлуу, айбаттуу кирип барат.

Аял Набий (с.а.в)дын Хажжатул вадаъдагы васияты болду. Расулуллах (с.а.в) айтты:

«اسْتَوْصُوا بِالنِّسَاءِ خَيْرًا فَإِنَّمَا هُنَّ عِنْدَكُمْ عَوَانٌ أَلاَ وَحَقُّهُنَّ عَلَيْكُمْ أَنْ تُحْسِنُوا إِلَيْهِنَّ فِي كِسْوَتِهِنَّ وَطَعَامِهِنَّ»

«Аялдарга карата жакшы мамиледе болгула, себеби, алар карамагыңардагы туткундар… Эсиңерде болсун, алардын үстүңөрдө акылары бар, аларды жакшы кийиндиргиле жана жедиргиле».

Расулуллах (с.а.в) айтты:

«إِيَّاكَ وَالْقَوَارِيرَ، إِيَّاكَ وَالْقَوَارِيرَ»

«Бул айнектерге (одонолук кылуудан) этият бол, Бул айнектерге (одонолук кылуудан) этият бол».

Ислам ата-энеге жакшылык кылууну абдан көп буйруду. Набий (с.а.в) мында эне акысын катуу белгилеп, ага жакшылык кылууну атага жакшылык кылуудан үстөм койду. Ислам тууган-уруктар менен байланышка, айрыкча, эже-карындаштарга камкордук кылууга, кыздардын тарбиясына этибар берүүгө өтө көп буйруду. Аялга эң жоопкерчиликтүү жүктү – перзент тарбиясын жүктөдү. Ислам ар бир аялга анын муктаждыктары жөнүндө жетиштүү кайгыра турган жана ага камкордук көрсөтө турган бир шаръий демөөрчүнү белгиледи, эгер, аялдын жакындарынан эч бир валийи болбосо, анда, анын иши жөнүндө кайгыруу мамлекет башчыларга важиб болот. Ислам аялды мураскерлер катарына кошту, ага ишкерлик, акимдерди тергөө укуктарын берди.

Исламий шарият аялды улуу макамга көтөрдү, бейишти энелердин таманы астында деп белгиледи. Исламда карылык жашына жеткен энелер үйлөрдүн төрүндө, эң жакшы орундарда отурушат, алар эң жакшы тамак менен сыйланат, колдору жана баштары өбүлөт, аларга жакшы кызмат жана чоң урмат көрсөтүлөт, алдыларында урматтоо жүзөсүнөн кол куушуруп турулат, саждаларда, эки сажда арасында жана намаздар артынан алардын акысына дуба кылынат… Чоӊ эне болуп калган убакта да ага урматтоо көрсөтүлөт. Капитализмде болсо мунун бүтүндөй тескериси. Себеби, карылык жашындагы чоӊ энелердин бул түзүмдөрдөгү тагдыры карыялар үйүнө алып барат. Алар бул мамлекеттерде коом желкесиндеги жүк болуп калышат, аларды перзенттери, неберелери оор көрүшөт, аларды жаман оорулуу адамдай тышкы дүйнөдөн үзүп коюшат.

Азыркы күнүбүздө чыныгы исламий билимдерди үйрөтө турган муслима кыздарыбыз көпчүлүк эмес. Мусулман калкыбыз болсо алардын даъватына мухтаж. Ушундай болушуна карабастан, капитализмди колдогон, анын “баалуулуктарын” коргогон бийлик өкүлдөрү, алардын күч түзүмдөрү каафирлерге малайлык кылып, бул муслима кыздарыбызды камактарга алышууда, даъват жолунан тосушууда. Негизи, бийлик өкүлдөрү да, алардын күч кызматкерлери да мусулмандар, ошондуктан, алар даъватчы кыздарыбыз менен элдин арасын ажыратпастан, даъватчы муслималарга зулум кылбастан, тескерисинче, даъваттарын колдоп, кыздарыбызды өз коргоолоруна алуулары лаазым.

Сакофат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button