Макала

Кыргызстандагы диний чөйрөнү чектөөчү жаңы мыйзам

Кыргызстандагы диний чөйрөнү чектөөчү жаңы мыйзам

Жогорку Кеңешке «Диний чөйрөдөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору сунушталды. Бул долбоор 18 жашка толо элек жарандардын диний билим алуу үчүн өлкө сыртына чыгуусуна толук тыюу салууну карайт. Документ Балдар жөнүндө кодекске, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, «Тышкы миграция жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө» жана «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Ага ылайык, баланы чет өлкөгө диний окууга атайылап жибергендиги үчүн жоопкерчилик киргизилет. Жеке жактар үчүн 20 миң сом, ал эми юридикалык жактар үчүн 6,6 миң сом айып пул каралган. Мындан сырткары, мыйзамга «жашы жете электер» жана «диний ишмердүүлүк менен алектенген тараптардын мамлекеттик реестри» деген терминдер киргизилүүдө.

Негиздемеде бул демилге Президенттин тапшырмаларын аткаруу максатында даярдалганы, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталганы белгиленген. Авторлор өспүрүмдөрдүн деструктивдүү мүнөздөгү чет элдик диний окуу жайларына кетип жаткан учурларына жана алардын экстремисттик түзүмдөргө тартылуу тобокелдиктерин белгилешкен.

Расмий чечмелөөдөн тышкары

Эгерде расмий түшүндүрмөнү четке жылдырып карасак, кеп университеттер менен мазхабдардын ортосундагы айырмачылыктарды эске албаган тоталдык көзөмөл жөнүндө болуп жатканы көрүнүп турат. Мында, баары бирдей административдик чектөөгө кабылат. Биз кайрадан бул кадамдар үчүн экстремизмге каршы чаралар шылтоо кылынып жатканын угуп жатабыз. Бирок иш жүзүндө бул баланын диний жолдо өнүгүүсүнө жана жалпы эле ислам динин «коркунуч» катары кабыл алууга негизделген чектөө болуп эсептелет.

Акыркы эки жылда Кыргызстанда диний саясатты катаалдаштыруунун туруктуу багыты байкалууда. Алар:

  • Каттоо жана кайра каттоо иштерин күчөтүү;
  • Мамлекеттин көзөмөлдөө функцияларын кеңейтүү;
  • Кошумча административдик тоскоолдуктарды киргизүү;
  • Айып пулдардын өсүшү;
  • «Деструктивдүүлүк» жана «радикалдашуу» терминдерин жигердүү колдонуу.

Жаңы тыюу салуу да ушул аракеттерге төп келип, басымды барган сайын катуулатуу алкагында уланууда. Мамлекет жөнгө салуудан түз чектөөгө, ал эми тандалма чаралардан системалуу көзөмөлгө өтүп жатат.

Бул демилгеде балдарды коргоо шылтоосу өзгөчө көзгө урунат. Бул терминге ачык каршы чыгуу дээрлик мүмкүн эмес, дал ошондуктан ал тыюу салуу механизмдерин кеңейтүү үчүн универсалдуу шылтоого айланууда.

Бул багытта Орусияда ишке ашырылган чаралар менен окшоштуктар барган сайын айкын болууда. Баскычма-баскыч коопсуздук жана экстремизм түшүнүктөрүнүн кеңейтилиши, каттоо процедураларынын күчөшү, реестрлердин түзүлүшү, административдик кысымдын жана айып пулдардын өсүшү муну далилдеп турат. Бул бир жолку чара эмес, диний чөйрө борборлоштурулган башкарууну талап кылган «жогорку тобокелдик тармак» катары каралган ырааттуу саясаттын түптөлүшү.

Ошентип, бул мыйзамда өлкө сыртынан өз алдынча диний билим алуу айыпталып, шектүү амал катары каралууда. Ошол эле учурда, бул тыюу салуу идеологиялык тобокелдиктерди жойбойт жана өлкө ичинде диний билим берүүнүн өнүккөн альтернативдүү жолу сунуштабайт. Ал тек гана көзөмөлдөө куралын кеңейтет.

Маселе коопсуздукту камсыздоо менен дин тутуу жана билим алуу эркиндигин институттук деңгээлде чектөөнүн айырмасын аныктоодо. Жаңы мыйзам долбоору бул чек бара-бара катуу көзөмөлдөгү башкаруу тарапка ооп жатканын көрсөтүүдө. Акыркы жылдардагы аракеттерди байкасак, бул мыйзам Кыргызстандын диний саясаты барган сайын борборлоштурулган жана чектөөчү моделге айлануусундагы кезектеги баскычы экени айкын болот.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button