Комментарий

Кыргызстандагы саясаттын багыты кайда баратат?

Кыргызстандагы саясаттын багыты кайда баратат?

УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышынын артынан ага тиешелүү бир катар аткаминерлер кызматтан алынып, бир нече депутаттар мандатын тапшырды. Бул беш жылдан бери бийликти башкарып келген эки таасирдүү адамдын тандеми расмий түрдө аяктаганынын белгиси болуп калды. Биз учурда болуп жаткан окуяларды, келечектеги багытын талдоодон мурда Кыргызстандагы саясаттын өтмүшүнө кыскача токтолуп өтөлү.

Орто Азия чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргызстанга Ислам VIII кылымда келген. 751-жылы белгилүү Талас салгылашуусу өтүп, анда мусулман кошууну менен Кытай армиясы согушуп, мусулмандардын жеңиши менен жыйынтыкталган. Натыйжада, Кытайдын аймактагы таасири дээрлик миң жылга кесилип, бул аралыкта Кытай кайрадан аймакка кирип келүүгө даай алган жок. Бул учурда султандык, амирлик, хандык аталышында аймакта Ислам менен өкүм жүргүзүлүп келди. XIX кылымга келип Россия падышалыгы баш көтөрүп, Орто Азияны басып алуу аракетин баштады. Кыргызстан аймагы 1876-жылы толугу менен Россиянын падышалык баскынчылыгына моюн сундурулду. Россиянын баскынчылык аракетине каршы мусулмандардын көтөрүлүштөрү ийгиликсиз аяктады. Аймактын Усманий халифалык доорунда борбордук бийлик менен байланышы алсырап калганы да негизги себептерден болуп калды.

Падышалык Россия кулап, Советтер Союзу курулгандан кийин Кыргызстан анын курамындагы республикалардын бири болуп калды. Ошентип, Кыргызстан 1876-жылдан 1991-жылга чейин Россиянын түздөн-түз өкүмдарлыгы астында калды. Советтер Союзу ыдыраганда Кыргызстан да “эгемендүүлүк” алды. Бирок, бул жасалма эгемендик болуп, Кыргызстанда Россиянын күчтүү таасири сакталып кала берди. Буга туңгуч президент Аскар Акаевдин доорунда жүргүзүлгөн саясат толугу менен Россия таасири астында болгону ачык көрсөтүп турат. Ал аскерий жактан Россия үстөмдүк кылган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна Кыргызстанды мүчө кылып киргизди жана өлкөдө Россиянын аскерий базаларын жайгаштырууга жол ачып берди. Саясий жактан СССРдин ордуна түзүлгөн КМШ уюмуна мүчө болуп калды. Экономикалык жактан жүз миңдеген мигранттардын Россияга агып чыгышына жол ачып берди жана өлкөнү импорттук мамлекетке айлантып, негизги товарларды Россиядан ташып келүүгө басым жасады. Акаев орус тилине расмий макам берүү менен өлкөдө орус сакофаты сакталып калышын камсыздап берди.

Кийин токсонунчу жылдардын аягында Россия Чеченстанга каршы согушка кирип, өзү менен алек болуп турган чакта, Америка Исламга каршы согуш жарыялап, Афганистан менен Иракка басып кирди. Ушул учурдан пайдаланып, Америка Кыргызстандагы саясатчыларга кандайдыр бир деңгээлде таасир кылууга мүмкүнчүлүк тапты. Өзгөчө кичүү Буштун доорунда Америка Орто Азия жетекчилери менен мамиле түзө баштады. Арийне, 2001-жылы Бишкектин жанында АКШнын Манас авиабазасы ачылды. Россия Кыргызстанда АКШнын аскерий базасы ачылышына каршы болбоду, себеби ал учурда АКШнын “терроризмге” (түпкүлүгүндө Исламга) каршы кампаниясы дүйнө бойлоп күч алып турган жана Россия базанын ачылышына макулдук берүү менен АКШнын карасанатай саясатын басууга аракет кылган. Бул жагдай өлкөгө АКШнын таасири кирип келишине шарт түзгөндүгү шексиз.

Акаев доорунда аткаминерлер коррупцияга малынып, жетекчилердин башкарууга жөндөмсүздүгү өлкөнү жарга такап койду. Чабал башкаруунун, өлкөдө жайылган кеңири паракорчулуктун кесепетинен улам жакырчылык күчөп, экономика сенектик абалга кептелди. Андан тышкары, 2003-жылы референдум өткөрүлүп, конституцияга өзгөртүүлөр киргизилди. Анын натыйжасында, парламенттин ролу чектелип, президенттин укуктары кеңейтилди жана Акаевге дагы президент болуп шайланууга жол ачылды.

Бул өлкө башчылыгына келген башчылардын кесели десек болот. Алар бийликке келген соң, “түбөлүк башкарууну” көздөшөт. Акыбетте, референдум аркылуу укуктарын кеңейтип, президенттик мөөнөтүн көбөйтүүгө урунушат. Мындай абалдан тажаган эл төңкөрүш аркылуу 2005-жылы Акаевдин бийлигин кулатып, анын ордуна Бакиев келди. Бакиев шайлоо астындагы кампаниясында түндүктөгү таасири бар генерал Феликс Кулов менен тандем түзгөнүн жарыялаган. Кулов Акаевдин мезгилинде саясий мотив менен камакка алынып, төңкөрүш учурунда эркиндикке чыгарылган эле. Бирок, бир жыл өтпөй кызыкчылыкка негизделген тандем урап, бийликтин эки чылбыр бир тизгини Бакиевдин колуна топтолду.

Россия Бакиев оппозициялык топтун ичинен келсе да, бийликке келген соң Россиянын талаптарын толук аткарарына ишенген. Себеби өлкөдөгү негизги рычагдар Россиянын колунда болгондуктан, кандай адам келбесин Россиянын буйруктарын аткарууга мажбур болушун билген. Бирок, туруксуздук, башламандык жана элдик толкундоолор АКШ баш болгон Батыш күчтөрүнүн ал өлкөгө кирип келишине шарт түзөт. Буга кошумча, Бакиевдин өзү да батышчыл күчтөрдүн чөйрөсүндө болгон. Андан башка да батышчыл саясий фигуралар бул төңкөрүштүн артынан парламентке, бийлик бутактарына чыгып алышты. Бирок, жогоруда айтканыбыздай, өлкөдөгү аскерий, саясий, экономикалык тармак Россияга байланып калгандыктан, өлкө жетекчилигине келгендер ага баш ийүүгө мажбур болот.

Бакиев президенттик доорунун алгачкы мезгилинде Россиянын позициясын карманды жана өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө аракет кылды. Бирок, кийинчерээк ал көп векторлуу багытка ыктап, өлкөдө Американын атайын күчтөрдү машыгуудан өткөрүү борборун ачууну көздөдү. Ал эми, экономикалык жактан Кытай менен кызматташтыкты кеңейте баштады. Бул Россияга жаккан жок. Американын атайын күчтөрдү машыгуудан өткөрүү борборунун ачалышы Россия үчүн кызыл сызык болуп, ага кооптуу жагдай жаратмак. Андан тышкары, Бакиевдин баласы, туугандары маанилүү кызматтарды ээлеп алышып, өлкөнү каалагандай калчап калышты. Бул элдин нааразылыгына алып келди. Натыйжада, 2010-жылы Россия калктын нааразылыгынан пайдаланып Бакиевдин бийлигин кулатууга жетишти. Бул төңкөрүш кан төгүүлөр менен өттү. Убактылуу өкмөт түзүлүп, аны Роза Отунбаева жетектеди.

Төңкөрүш бүтөрү менен эле өлкөнүн түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгып, көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылды. Эки мусулман калк ортосундагы бул ыплас жаңжалдын артында Россия турган эле. Россия бул чыр-чатак аркылуу Өзбекстанды кайра өз чеңгелине алууну көздөгөн. Себеби, Өзбекстан Россия менен мамилелерин үзүп, Американы ээрчий баштаган болчу. Американын Каримовду экономикалык жана коопсуздук жактан кызыктырып, азгырышы Америкага барган сайын көбүрөөк ыкташына жана Россиядан сезилерлик түрдө алысташына алып келген. Мындан улам, Россиянын алдында Каримовдун Америкага жакындашына чекит коюу маселеси турду. Эгер жаңжалдан улам өзбек качкындары Кыргызстандан Өзбекстанга өтсө, бул проблеманы чечүү максатында ЖККУ аркылуу аралашууга шылтоо табылмак. Бул проблема орчундуу болгондуктан, Өзбекстан аны чечүү үчүн ЖККУга кайра кайтууга мажбур болмок. Бирок, Өзбекстан Америка бийлигинин аралашуусу менен муну четке какты, тагырак айтканда качкындарга чегараларды жаап койду. Акыбетте, Россия көздөгөн максатына толук жете алган жок.

Жогоруда өлкөдөгү туруксуз абал Батыштын таасири кирип келишине жол ачат деп айттык. Ошондой да болду, 2010-жылы абалдан пайдаланып Отунбаева бийликти жетектеп, Текебаевдин демилгеси менен жаңы конституция кабыл алынды. Жаңы конституцияга ылайык, өлкө парламенттик башкарууга өтүп, президенттин укуктары кыскартылды. Натыйжада, Кыргызстан Орто Азиядагы биринчи парламенттик республика болуп калды. Бул Россия жактырбаган система эле. Себеби Россия парламенттик башкаруу аркылуу батышчыл күчтөрдүн бийликке чыгып алышына каршы. Россия бийлик бир адамдын колунда турган малайлыкты каалайт.

Бирок, Отунбаевадан кийин бийлик башына келген Атамбаев Россияны ээрчиген саясат жүргүздү. Россиянын буйругу менен Кыргызстан 2014-жылы Манас аэропортундагы АКШ авиабазасы жөнүндөгү келишимди жана 2015-жылы АКШ менен кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко  чыгарды. Ошондой эле, Кыргызстанда Россиянын экономикалык таасирин бекемдеген Бажы Биримдигине мүчө болду.

Атамбаев да “түбөлүк башкарууну” көздөп премьер-министрдин укуктарын кеңейтти. Башкача айтканда, президенттиктен кеткенден кийин парда артынан өлкөнү башкарууну пландады. Ал ушул планын дагы да бекемдөө үчүн өзүнөн кийин бийликке “досу” Сооронбай Жээнбековду алып келди. Бирок, анын “эки дос” планы ишке ашпай, Жээнбеков менен түзүлгөн тандем ыдырады. Жээнбековдун президенттик доору Атамбаев жана анын адамдарын куугунтукка алуу менен өттү. Ал эми, тышкы саясатта Россияга болгон көз карандылык дагы да күчөтүлдү.

Ушул жерде белгилей кетүү зарыл, Кыргызстандагы саясий чөйрө эгемендик алган күндөн бери коррупцияга малынган адамдар тобунан түзүлгөн. Ошондуктан, бийлик үчүн күрөш тез арада элдин байлыгын талап-тоноо күрөшүнө айланып кетет. Топтогон байлыктары сактап калуу үчүн дароо эле “түбөлүк башкаруусун” ойлой башташат. Натыйжада, ар кандай конституциялык реформаларды өткөрүп өз бийлигин дагы да узартуунун камын көрүшөт. Бул дагы өлкөдө кайталанып келе жаткан төңкөрүштөрдүн негизги фактору болуп эсептелет.

Жээнбеков да ушул чөйрөдөн келген адам катары салтты улантты. Конституцияга ылайык анын президенттик мөөнөтү алты жылга белгиленген. Президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин кайрадан шайлоого катышууга шарт түзүү үчүн жаңы парламент керек болду. Ошентип, 2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоодо ага жакын партиялар жеңишке жеткени жарыяланды. Бирок, шайлоо учурунда башка партиялардын саясий укуктары басмырланып, куугунтукталгандыктан калктын нааразылыгы күчөп кетти. Шайлоонун жыйынтыгын четке каккан саясий партиялардын тарапкерлери борбор калаага агылып келип, өкмөт имаратын басып алышты. Айрым адамдар түрмөлөргө кол салып, камакка алынган белгилүү адамдарды бошотушту. Натыйжада, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандыгын жарыялады. Бул төңкөрүштү уюштургандардын башында экс-президент Атамбаев жана Батышка ыктаган саясатчылар турса да,  Батыштын кураторлору абалды туура баалай алган жок. Натыйжада, 10-октябрда депутаттардын жыйынында абактан чыгарылган Садыр Жапаров премьер-министр болуп жарыяланды. Россия ошол учурда элдин колдоосуна ээ боло турган нейтралдуу кадр менен иш алып барууга мажбур болду. 14-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Жапаровдун талапкерлигин расмий бекитти. Ушул төрт күн ичинде Батыш кураторлору Жээнбековду бийликти тапшыртпай өздөрү тарапка өткөрүп алууга катуу аракет кылышты. 15-октябрдан тарта Жапаров убактылуу президенттин милдетин да аткара баштады. Ал эми 2021-жылдын январында өткөн президенттик шайлоодо Жапаров президент болуп шайланды. Ал дагы мурунку президенттердин адатынча 2021-жылы конституцияга өзгөртүү киргизген референдум өткөрдү. Анын жыйынтыгында, өлкө президенттик башкаруу моделине өтүп, президенттин 5 жылдан эки мөөнөткө шайлануу укугу бекитилди.

Жапаровдун бийликке келишине чоң салымын кошкон Камчыбек Ташиев 2020-жылы УКМК башчысы болуп дайындалып, өлкөдөгү экинчи таасирдүү фигура болуп калды. Ташиевдин учурунда УКМКнын милдеттери аябагандай кеңейтилди. УКМК коррупциялык иштерден тартып жеке үй-бүлөлүк маселелерге чейинки кылмыштарды карай турган органга айланды. Ошондой эле, оппозицияны ооздуктоо, бийликке каршы чыккандарды, а түгүл жөн гана өз пикирин айткандарды куугунтоо менен алектенди. Калктын нааразылыгын пайда кыла турган долбоорлорду ишке ашырууда УКМК негизги ролду ойноду. УКМК коррупцияга каршы “кустуруу” долбоорун ишкерлерди тоноо, мурунку жана учурдагы аткаминерлерди камакка алып, бийликке каршы таасирдүү адамдарды баш ийдирүү үчүн пайдаланды. Бул жагдай өлкөдө абсолюттук президенттик башкаруунун бекемделишине өбөлгө түздү, ошондой эле, УКМКнын башчысы Ташиевге эбегейсиз бийликтин топтолушуна шарт түздү. Үлкөн бийликтин жана материалдык каражаттын Ташиевдин айланасында топтолушу аны дагы да чоңураак амбицияларга түрттү. Мамлекеттик кызматтарга өзүнүн адамдарын жайгаштырып, парламенттик шайлоодо дээрлик ал колдогон талапкерлер Жогорку Кеңешке жетип келди. Жаңы конституцияга ылайык, учурдагы парламентке президентке импичмент жарыялоо укугу берилген.

Ташиевдин амбициясы көп күттүргөн жок. Жаңы келген парламент депутаттары президенттин айрым демилгелерине каршы пикир менен чыгып, парламент спикери да ага каяша айта баштады. А түгүл, “75чилер” деп аталып калган эски аткаминерлерден түзүлгөн топ президенттик мөөнөттүн мыйзамдуулугу боюнча кайрылуу жасап, парламентке сунуш жөнөттү. Анткени, президент эски конститу2ия менен шайланып келгендиктен, укуктук жактан Жапаровдун кийинки шайлоого катышуусу суроо жаратып жаткан эле. Өлкө мыйзамына ылайык, президент кандайдыр жагдайда кызматтан алынса, анын милдетин убактылуу парламент спикери аткарат. Ал эми, парламент төрагасы Ташиевдин колдоосу менен мандат алганы белгилүү болчу. Окуялардын өнүгүшү көрсөткөндөй, мына ушул башаламандыктардын артынан Ташиев президенттикти мерчемдей баштаганы ачыкталып калды. Ошентип, бийликке иш жүзүндө тандем менен келген Ташиев Жапаровдун бийлиги үчүн негизги коркунучка айланды. Натыйжада, Жапаров Ташиевдин Германияга дарылануу үчүн кеткенинен пайдаланып, аны кызматтан алуу жөнүндө буйрук чыгарды. Артынан анын бийликтеги адамдары кызматтан алынып, айрымдары камакка алынды. Парламентке анын колдоосу менен келген депутаттар мандатын тапшырууга мажбур болду. Акыры, Ташиевдин бийликте турган кездеги коррупциялык иштери тууралуу видеолор чыгарылып, анын жакындарына кылмыш иштери козголду жана өзү да Ички иштер министрлигинде көрсөтмө берип чыкты.

Ошентип Жапаров алдыдагы шайлоодо атаандаш фигуранын чыгышын алдын алып, өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартууга жол ачып жатат. Айрыкча, Ташиевдин ресурстарын колго алуусу анын 2027-жылдагы президенттик шайлоодо жеңип чыгуу ыктымалын күчөтөт. “Эки достун” бийлик үчүн таасир талашындагы тышкы факторго келсек, өлкөдө негизги таасирге ээ болгон Россия Ташиевдин кызматтан алынышына олуттуу реакция кылган жок. Тескерисинче, айрым орус маалымат каражаттары анын бийликтен алынганын кубаттаган кабарларды таратышты. Бул жагдай Ташиевди кызматтан алууда Россия Жапаровду кыйыр түрдө колдогонун көрсөтөт. Буга кошумча, Россия үчүн Ташиев ыңгайсыз кадр болуп эсептелет. Биринчиден, Россия өлкөдө башаламандык жаралып, Батыш бул абалдан пайдалып кетүүсүнөн кооптонот. Ошондуктан, Россия өлкөдө кош бийликке чекит коюлуп, президенттик шайлоо тынч өтүшүнө кызыкдар.

Экинчиден, Ташиевдин жетекчилиги астындагы УКМК Украина согушуна катышкандарды камакка алып, бул согушка чакырыктарды кескин токтотуп, согуштагы тараптардын символдорун колдонууга каршы катуу чараларды көрдү. Жада калса, 2025-жылы УКМК “жалданмачылыкка” айыптап Оштогу “Орус үйүнүн” кызматкерин жана башка бир топ адамдарды камакка алды. Андан тышкары, чек ара маселеси Россиянын өлкөгө аралашуусуна, шантаж кылуусуна, таасир өткөрүүсүнө мүмүкүнчүлүк берген маселе болчу. Ташиев бул маселенин чечилишине жолтоо болгон бардык тоскоолдуктарды алып салды. Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек ара маселеси жөнгө салынды. Башкача айтканда, өлкөнүн ички ишине арашуусуна шарт түзгөн Россиянын бир рычагы – убактылуу болсо да – жоюлду. Демек, Ташиевдин таасирин жоюуда Жапаров тышкы колдоого да таянганын четке кагууга болбойт. Андыктан, Россиянын аскерий жана саясий таасири мындан ары да сакталып кала берет. А бирок, Украина кризисинен улам Россия Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорго аралашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калды. Мындан улам, өлкө бийлиги негизги экономикалык долбоорлорду Кытайга таянуу менен ишке ашырууда. Натыйжада, Кытай “жумшак күчүн” ишке салып, экономикалык баскынчылыгын кеңейтип барууда. Маселен, Кытай менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 2024-жылы 22,7 млрд доллар болсо, 2025-жылы 27,2 млрд долларды түздү. Ал эми, Кытайдын Кыргызстанга түз инвестициялары акыркы беш жылда арыштап өсүп жатат. Натыйжада, Кытай Кыргызстандагы эң ири инвесторго айланды. Буга кошумча, Кытайдын “Жибек Жолу” долбоору алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп баштады. Бул долбоор Кытайга үлкөн мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ошондой эле, ири долбоорлорду каржылоо менен Кытай Кыргызстанды карыздар менен да тушап барууда. Учурда Кыргызстандын 9 млрд доллларга жакын карызынын негизги бөлүгү Кытайга тиешелүү. Демек, Кытайдын өлкөдөгү экономикалык таасири, анын артынан сакофий жана аскерий таасири өсүшү күтүлөт.

Ал эми, Жапаровдун Батыш менен болгон мамилеси ортодогу аралыкты сактоо менен жүргүзүлүп жатат. Ошентсе да, АКШ геосаясий абалдан пайдаланып, өз таасирин жаюуга аракет кылууда. Бул багытта “С5+1” форматындагы Орто Азия жана АКШ жолугушуусунан кийин региондогу мемлекеттер менен миллиарддаган долларлык келишимдер түзүлдү. Америка менен Европаны аймактагы, анын ичинде Кыргызстандагы баалуу металлдар, сейрек кездешүүчү минералдар кызыктырат. Абал көрсөтүп тургандай, Батыш буга чейин ураан кылып келген адам укуктары экинчи планга жылып барууда. Ошентсе да, Жапаров калктын нааразылыгын, чыңалууну басып тууу үчүн демократия баалуулуктарды сактап турат. Ошондой эле, Россия менен Кытайга толук моюн сунуп калбоо үчүн Батышка альтернативдүү күч катары чектелген абалда таянуусун улантат.

Жыйынтыктап айтканда, 2027-жылдагы шайлоодо Жапаровдун кайрадан президент болуп шайлануусуна азырынча олуттуу тоскоолдук калган жок. Ошентсе да, Кыргызстандагы саясий окуялардын тез өнүгүүсүн эске алсак, шайлоо астында кырдаал өзгөрүп кетиши да ыктымал. Айрыкча жакында эле кызматтан алынган Ташиевдин колунда калган компроматтар оппозициялык саясатчылардын баш көтөрүүсүнө, кырдаалдан пайдалануусуна жол ачышы мүмкүн.

Буга кошумча, өлкөдө колдонулуп жаткан капиталисттик системанын табияты калктын жашоосун оорлотуп барууда. Салыктардын көбөйүшү, жаңы түрлөрүнүн киргизилиши, электр энергиясы, ысык суу жана муздак суу сыяктуу эл керектеген кызматтардын тарифтери кымбаттоосу, негизги керектөөчү товарлардын баасынын өсүшү калктын нааразылыгын күчөтүп жаткан негизги фактор боюнча калууда. Ал эми, калктын жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла турган кен байлыктарыбыз инвестор деген аталышта чет элдиктердин талап-тоноосуна дуушар болуп жатат. Бул жагдай капиталисттер гана байып, катардагы калың катмардын жакырлануусуна гана алып келери шексиз. Муну 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 20 млрд доллардан ашып рекорддук деңгээлге жетсе да, элдин жашоо шарты өзгөрбөй, оорлоп жатканы да ырастап турат.

Демек, Кыргызстандын андан ары Борбор Азия жана үммөттүн бүгүнкү оор абалы Ислам жерлеринин колонизаторлордун өз ара күрөш майданына айланып калышына түздөн-түз байланыштуу. Алардын максаты өлкөдө таасирин жайып, кен байлыктарыбызды, ресурстарыбызды талап-тоноо. Ошондуктан, өлкө башчыларынын алмашканы абалды өзгөртпөйт. Колонизаторлор бир малайын алып, башкасын бийлик башына олтургузуу менен негизги максатын орундатып бара берет. Биз мусулмандар, Ислам негизинде биригип, Ислам идеологиясын көтөрүп чыгуу менен гана бул зулумдукту, колонизаторлордун таасирин түп тамыры менен кесе алабыз. Мындан башка сунушталып жаткан жолдордун баары убактылуу же аталган державалардын айла-амалдары болуп эсептелет.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button