Кыргызстанда АЭС куруу маселеси референдум аркылуу чечилет

Кыргызстанда АЭС куруу маселеси референдум аркылуу чечилет
Кыргызстандын бийлиги атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча акыркы чечимди жалпы элдик добуш берүү аркылуу гана кабыл алууну көздөйт. Бул тууралуу 3-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. «Биз инфраструктураны түзүү жана адистерди даярдоо боюнча “Росатом” менен кызматташып жатабыз. Бул иштерден кийин гана аталган маселени карайбыз. Ошондой эле, ал референдумга коюлушу керек», – деди Амангелдиев.
Комментарий: 2022-жылы өлкөдө атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча Кыргызстан россиялык “Росатом” ишканасы менен келишим түзгөн. Ал эми, 2024-жылдан тартып бул маселе активдешип, тараптар конкреттүү келишимдерге жакындай баштаган. Бирок, ошол эле учурда коомчулукта олуттуу каршылыктар да болгон. Экологдор, жарандык активисттер жана айрым эл аралык уюмдар АЭС куруунун коопсуздугуна, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине жана суу ресурстарына байланыштуу кооптонууларын билдиришкен. 2025-жылы тема дагы да олуттуу деңгээлге чыгып, өкмөт АЭС куруу боюнча конкреттүү сунуштарды даярдай баштаган. Кадрларды даярдоо, инфраструктура түзүү жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу маселелери көтөрүлгөн.
Учурда бул маселе боюнча акыркы чечим кабыл алына элек. Бул багытта сүйлөшүүлөр уланууда, инфраструктура жана адистерди даярдоо боюнча иштер каралууда. Бийлик өкүлдөрү бул долбоор элдин макулдугу менен гана ишке ашарын бир нече жолу баса белгилешкен. Долбоорду референдумга коюу мүмкүнчүлүгү айтылганы менен, так чечим кабыл алынган эмес.
Бийлик бул маселени чечүүдө негизги фактор катары элдин макулдугуна басым жасап жатат. Ошондуктан, АЭС куруу долбоорун референдумга алып чыгууну көздөөдө. Башкача айтканда, долбоордун акыбет жоопкерчилигин элге жүктөп жатат. Себеби, маселе олуттуу, тагырак айтканда долбоордун курулушу – расмийлер айткандай – 10-15 жылга созулат, ошондой эле бул үлкөн каражатты талап кылат. Андан тышкары, экологиялык тобокелчиликтер, каражаттын булагы, адистерди, инфраструктарына даярдоо, өлкөдөгү сейсмикалык абал элди ойлондурууда. Ага кошумча, эксперттер долбоордун максаттуулугуна да сын пикирлерин айтып жатышат. Алардын айтымында, АЭС курулган учурда да андан өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 3-4 сом болот.
Эл өлкөдөгү аз эле өзгөрүүлөргө сезимтал мамиле кылат жана төңкөрүш жасоодо региондо тажрыйбасы көп. Андыктан, мындай үлкөн каражатты жана узак мөөнөттү талап кылган долбоор бийликке кооптуу жагдай жаратышы ыктымал. Бул элдин нааразылыгын туруктуу козгоп турган маселеге айланышы мүмкүн. Ошондуктан, бийлик бул маселеде күжүрмөндүктү көрсөтүүдөн алыс болууда.
Андан тышкары, бүгүнкү геосаясий кырдаалдан улам жаралган АЭС боюнча тобокелчиликтерди, кооптуу абалдарды жана жергиликтүү шарттарды эсепке албаганда да, долбоордун толук ишке ашуусу суроолорду жаратат. Себеби, долбоордун аткаруучусу катары Россиянын ишканасы көрсөтүлгөн. Бирок, бүгүнкү күндө Россия санкцияларга кабылган жана Украинада согуш алып барып жатат. Ошондуктан, ал долбоорду ишке ашыруу үчүн талап кылынган шартты жолго коё албайт. Россия бир тарабынан согушка малынып каражаты жетишсиз болуп жатса, экинчи тарабынан санкциялардан улам Батыш өлкөлөрүнөн АЭС курууга керектүү жабдууларды ала албай келет. Бул биздин чиновниктер АЭСтин курулушуна 10-15 жыл кетет деген мөөнөттүн дагы да узарышына алып келет.
Атомдук энергетика тармагында Россиянын тажрыйбасы мол. Андыктан, Россия бул артыкчылыгын өзүнүн таасирин жаюуда жана кармап калууда пайдаланып жатат. Россия үчүн бул долбоор биздин өлкөгө таасир кылуунун дагы бир куралы болуп эсептелет. Долбоор ишке ашабы, же ашпайбы, мөөнөтү узарабы, же узарбайбы, айырмасыз, Россия анын шылтоосу менен өлкөдөгү таасирин күчөтүүгө аракет кылат. Өлкөдө экономикалык тармакта Кытайдын таасири улам күчөп бара жаткан шартта, геоясасий жаатта Америка текебер-оройлук позициясы менен кадам шилтеп жатканда, Россия өз таасирин сактаган каражаттын бири катары атомдук энергетикадан пайдаланууда.
Харун Абдулхак




