Комментарий
Trending

Кыргызстанда ИДП 10% өскөнү айтылды

Кыргызстанда ИДП 10% өскөнү айтылды

Кыргызстанда узап бараткан жылдын 10 айында ички дүң продукттун (ИДП) өсүшү 10%ды түздү. Ал эми, консолидацияланган бюджети 1,1 трлн сомдон ашты. Бул тууралуу “Ынтымак Ордодо” Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүк жыйында билдирди.

“Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 млрд сомдон ашык профицит менен бул жылдан чыгабыз”, – деди Касымалиев.

Кыргызстандын азыркы бийлиги 2021-жылдан тартып бюджетти өлкөнүн бардык тармактагы киреше-чыгашасын кошуу менен “консолидацияланган бюджет” деген аталышта сунуштай баштаган. Мында республикалык бюджетке жергиликтүү кеңештердин бюджети, Социалдык фонддун жана Милдеттүү камсыздандыруу фондунун кирешелери, активдер жана милдеттемелер кошулган.

Улуттук статком 2023-жылкы ИДӨ өсүшү 7%ды көрсөтсө, 2024-жылы ИДӨ 9% болгонун билдирген. Ал эми, үстүбүздөгү жылы өсүш 10%ды түздү. Бийлик мындай өсүүнү абдан чоң секирик катары мүнөздөп жатат. Бирок, пандемия жылы т.а. 2020-жылы ИДӨ 8,5%га түшүп кеткенин эске алганда, муну “чоң секирик” эмес, балким калыбына келүүдөн кийинки бир аз өсүү катары кароого болот.

Комментарий:

Дүйнө бойлоп колдонулуп жаткан капитализмде экономикалык өнүгүүнүн эң башкы көрсөткүчү – Ички дүң өндүрүш. Экономикалык проблеманы чечүү үчүн өндүрүлгөн мамлекеттеги бардык товар жана кызматтардын көлөмү болсо – ИДӨ деп аталат. Маселен, Кыргызстанда ИДӨ 2022-жылы 900 млрд сомду түзсө, 2023-жылы 1,3 трлн сомду түзгөн эле. Демек, ошол жылкы 400 млрд сом кирешени 7 млн калкка бөлсө, 57000 сомдон тиет. Натыйжада жан башына киреше 57000 сомго өстү деп айтылат. Бирок, ар бир жарандын киреше табуусу мында эске алынбайт. Негизи, капитализмде пайданын үлкөн үлүшү бир ууч эң бай адамдарга тиет, андан соң орто байларга тийип, калган көпчүлүк пайдадан кур жалак калышат. Мындай натыйжалар капитализмдин табияты болуп саналат. Мисалы, Статком калкты кирешеси боюнча 20%дан беш топко бөлүп, алардын үлүшүн карап чыккан. Изилдөө көрсөткөндөй, өлкөдө 2020-жылы эң бай катмардагы адамдар эң жакыр катмардагы адамдардан 6 эсе көп пайда көргөн. Демек, Ички дүң өндүрүш өстү делген 400 млрд сом кирешенин негизги бөлүгү эң бай катмардын пайдасы болуп эсептелет.

Ошентип, табийгый түрдө, капитализмде бай менен кедейлердин арасындагы ажырым улам тереңдеп бара берет. Эгер дүйнөлүк тенденцияны карай турган болсок, 2024-жылы дүйнөдөгү 1% байлар дүйнөлүк байлыктын 50%ына ээлик кылары, дүйнөдөгү 10% байлар дүйнөлүк байлыктын 80%ына ээлик кылары, ал эми, алардан арткан 20% байлык калган 90% калктын үлүшүнө туура келери аныкталган.

Мындан белгилүү болгондой, Кыргызстандын бюджети же ИДӨсүнүн өсүшү калктын турмушу жакшырып жатканын чагылдырбайт. Тескерисинче, калктын абалы айлык акылар инфляцияны кубалап жетпеген кымбатчылыктан, көчөлөрдө, соц тармактарда байма-бай чыгып жардам сураган карапайым элдин абалынан ачык көрүнүп турат.

Мунун каршысында, Исламда экономикалык көз карашы бюджетти калктын негизги муктаждыктарын чечүүгө каратат. Башкача айтканда, мамлекет калктын тамак-аш, кийим-кече, турак-жай маселесин биринчи орунда чечип берүүгө милдеттүү. Андан кийин гана экинчи даражалуу муктаждыктарга өтүлөт.

Андыктан, биз мусулмандар өз Исламыбызды терең үйрөнүп, аны жашообузга колдонуу менен эки дүйнө бакытына жетүүгө аракет кылышыбыз зарыл.

Нурдин Асаналиев

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button