Макала

Кыргызстанда коопсуздук шылтоосу менен 3 медресе жабылды

Кыргызстанда коопсуздук шылтоосу менен 3 медресе жабылды

Кыргызстанда диний мекемелерди негизсиз текшерүү жана аларга басым жасоо иши уланууда. «Салттуу эмес диний агымдардын» идеяларынын жайылышына каршы күрөшүү шылтоосу менен, ошондой эле уставдык, этикалык жана санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоо талаптарына жамынып, мамлекеттик органдар 19 диний окуу жайын текшерүүдөн өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын УКМКсы расмий түрдө билдирди.

Бул аракеттер тандалма жана репрессивдик мүнөзгө ээ болууда. Бюрократиялык формалдуулуктарды, тактап айтканда, уруксат кагаздарынын жоктугун же талаптарга жооп бербегендигин шылтоолоп, 3 медресе жабылды. Дагы 2 медресеге айып пул салынып, иши убактылуу токтотулса, башка 4 мекемеге чоң эмес кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилди.

Өткөн жылы, динге каршы чектөөчү мыйзамдар топтому кабыл алынгандан бери, мамлекеттик органдар мусулмандардын окуу жайларына системалуу түрдө басым жасап келишти. Бирок атайын кызмат тарабынан басым жасалган коомдо бул окуялар кеңири коомдук резонанс жаратпагандыктан, көзөмөл жана кысымдын дагы да күчөшү байкалууда.

Мындай практика, олуттуу тынчсызданууну жаратат. Анткени конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, диний билим берүүнү колдоо жана мусулмандар үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнүн ордуна, басымдын күчөгөнү жана коркуу менен ишенбөөчүлүк сезими калыптанып жатканы байкалууда. Айрыкча, мындай иш-чаралардын системалуу түрдө өткөрүлүшү, өзгөчө кооптонууну жаратат. Бул болсо, исламий билим берүү мекемелерине карата саясаттын мындан ары да катаалдаша турганынан кабар берет.

Биз расмий органдарды куугунтуктоо практикасын токтотууга жана Орусия менен Кытай сыяктуу каапыр колонизатор мамлекеттердин үлгүсүндөгү бюрократиялык шылтоолор менен тандалма басым жасоодон баш тартууга чакырабыз. Кыргызстандын мусулмандары, Муфтияттан жана тиешелүү органдардан дин тутуучулардын билим алуусуна, агартуу иштерине жана бардык диний милдеттерин аткаруусуна зарыл болгон шарттарды түзүп берүүнү талап кылууга тийиш.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button