Макала
Trending

Кыргызстанда күч кызматкерлеринин зулумдугу муслима аялдарга жетти!

Кыргызстанда күч кызматкерлеринин зулумдугу муслима аялдарга жетти!

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда 5 муслима эже-карындаштарыбыз шарият илимдерин үйрөнүп жатканына байланыштуу айыпталып, бир айга убактылуу камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, алсыз аял затына “Кыргызстанда халифалык мамлекетин курууну талкуулашкан” деген айып коюлууда.

Кыргызстандын күч кызматкерлери зулумдук үстүндө аймактар аралык жарышка түшүп барууда. Бул жарышта, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы алдыңкы сапта туруу үчүн мусулмандардын ар-намысы болгон аялдарга да кол салуудан артка тартпай жатат. Буга чейин, аталган мекеме дааватчыларга жасалма айыптарды моюнга алдыруу үчүн токко тарттыруу, ур-токмокко алуу сыяктуу түрдүү кыйноолору менен белгилүү болгон.

Тилекке каршы, Кыргызстан бийлиги кымбатчылык, коррупция, сүткордук, монополия, кумарпоздук сыяктуу арты үзүлбөгөн арам амалдарды токтотуунун ордуна, күч кызматкерлерин Исламды үйрөтүп, жаман иштерден кайтарып, жакшы иштерге чакырган мусулмандарга каршы иштетип жатат. Коңшулардын, жергиликтүү тургундардын жасалма айыпталып жаткан дааватчыларга карата көрсөтмөлөрү, оң пикирлери эске алынбай калууда.

Андыктан, Кыргызстандагы мусулмандарды бул зулумдук кербени ар бир үйгө жетишинен эскертип, ар-намысыбыз болгон аялдарыбызды бирдикте коргоого чакырабыз! Анткени, расмий бийлик өткөн жылы кабыл алган “дин тууралуу” мыйзам долбоорунун алкагында расмий мекемеден уруксат албай шариятты үйрөнүп же үйрөткөн ар бир үйгө бастырып кирүүнү мыйзамдаштырып алган. Демек, аталган мыйзамдык шылтоо ар бир үйдү текшерүүгө укук берет.

Ал эми, расмий органдарда болсо бийликтин кызыкчылыгына төп келген шарият илимдери гана окутулат. Муну менен жашообуздун бардык тармагына чечим берген Ислам динин христианчылык, буддизм сыяктуу ибадат, адеп-ахлак менен чектөө максат кылынган.

Андыктан, жалганчылар чынчылга айланып, чынчылдар жалган үстүндө айыпталып жаткан бул мезгилде акыйкат үстүндө бекем туруп, күч кызматкерлеринин зулумдугуна каршы туруу ар бирибиздин милдетибиз!

Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылынат, Расулуллах (с.а.в) айтты:
«سَيَأْتِي عَلَى النَّاسِ سَنَوَاتٌ خَدَّاعَاتُ، يُصَدَّقُ فِيهَا الْكَاذِبُ، وَيُكَذَّبُ فِيهَا الصَّادِقُ، وَيُؤْتَمَنُ فِيهَا الْخَائِنُ، وَيُخَوَّنُ فِيهَا الْأَمِينُ، وَيَنْطِقُ فِيهَا الرُّوَيْبِضَةُ. قِيلَ: وَمَا الرُّوَيْبِضَةُ؟ قَالَ: الرَّجُلُ التَّافِهُ فِي أَمْرِ الْعَامَّةِ»
«Адамдардын үстүнө жалганчы жылдар келет. Ал жылдарда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга чыгарылат, саткын – аманаткөй, аманаткөй болсо саткын деп эсептелет, ал жылдары рувайбиза сөз сүйлөйт. Ошондо: Рувайбиза эмне? – деп суралды. Пайгамбарыбыз: Жалпынын иши жөнүндө (сүйлөй турган) ахмак кимсе» деп жооп берди.

Мумтаз Мавераннахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button