Макала
Trending

Кыргызстандын доо арызы ЕАЭБдеги кризистин белгиси

Кыргызстандын доо арызы ЕАЭБдеги кризистин белгиси

Кыргызстандын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Азамат Муканов эмгек мигранттары боюнча келишимдин аткарылбагандыгына байланыштуу Россияга каршы ЕАЭБ сотуна доо арыз менен кайрылды. Мамеле, Россия тараптан ЕАЭБ келишиминин 96–97-беренелеринин бузулушу, тактап айтканда, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин берүү маселеси жөнүндө болуп жатат. Мукановдун айтымында, соттун чечими эки жуманын ичинде күтүлүүдө. Бул маселе Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчуктун Кыргызстанга болгон сапары учурунда да көтөрүлгөн.

Бирок, ЕАЭБ сотуна кайрылуунун максаты, күтүлүп жаткан натыйжага жетиши күмөндүү. Интеграциялык биримдиктин алкагында юридикалык тирешүүдө тараптардын бири, ошол биримдиктин негизги жана үстөмдүк кылуучу катышуучусу экени бул күмөндү дагы да күчөтөт. Демек, кызыкчылыктарды коргоо аракеттери, башынан эле ийгиликсиздикке учурашы ыктымал.

ЕАЭБ сотуна токтолсок, анда саясий көз карандысыздык да, кабыл алынган чечимдерди аткарууга мажбурлоочу реалдуу механизмдер да жок. Бул жагдайда формалдуу түрдө оң чечим чыккан күндө да, анын иш жүзүндө кандайдыр бир өзгөрүүлөргө алып келүү мүмкүнчүлүгү төмөн.

Мындай кырдаалда, ЕАЭБдин укуктук механизмдерине гана ишеним артуу стратегиялык жактан ката. Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо – бул бир гана юридикалык эмес, эң оболу саясий маселе. Анткени, кеп союздаш мамлекеттин жарандары жана расмий деңгээлде достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин жарыялаган өлкөлөр тууралуу болуп жатат.

Бул кырдаалдан келип чыккан системалуу жыйынтык, өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Россиянын келишимдин негизги жоболорун иш жүзүндө аткарбоосу жана ЕАЭБдин буга каршы туруудагы чектелген мүмкүнчүлүктөрү, биримдиктин функционалдык жөндөмсүздүгүн ачыктайт.

Жумушчу күчүнүн эркин кыймылын жана бирдей социалдык кепилдиктерди жарыялаган интеграциялык биримдик, өзүнүн эрежелеринин сактабай жатышы, айрыкча, таасири азыраак өлкө жарандарынын укуктарын коргоону камсыз кыла албай жаткандыгы көрүнүп турат.

Демек, Кыргызстандын Орусияга каршы ЕАЭБ сотуна берген доо арызы – бул биримдиктин иш жүзүндө пайдубалынан бери солгундап жаткандыгынын кезектеги белгиси. ЕАЭБдин негизги келишимдерди аткарууну камсыз кылууга, жарандардын укуктарын коргоого жана биримдиктин ичиндеги талаш-тартыштарды жөнгө салууга кудуретсиздиги, айтылып жаткан интеграцияны формалдуу гана нерсеге айландырууда.

Белгилей кетсек, ЕАЭБдин 10 жылдык маарекеси көпчүлүктүн реакциясысыз, дээрлик байкалбай өтүп жаткандыгы да көңүл бурдурат. Жада калса символдук деңгээлде бул маарекенин белгиленбей жаткандыгы, биримдик өзүнүн иш жөндөмдүүлүгүн гана эмес, өнүгүүгө болгон ички дем-күчүн да жоготуп жаткандыгын ачыктайт.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button