Макала
Trending

Көзөмөлдү коопсуздук менен чаташтыруу

Көзөмөлдү коопсуздук менен чаташтыруу

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ички иштер министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынына катышты. Ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санариптик технологияларды ишке киргизүү жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу отчет берди. Ал ИИМ укук коргоо органдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган системалуу модернизациялоо иштерин улантып жатканын баса белгиледи.

Бийлик, адатта коомдун коопсуздугун күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү, алардын техникалык жабдылышы жана институттук өнүгүүсү менен байланыштырып келет. Албетте, мамлекет тартипти камсыздоого жана жарандарды коргоого милдеттүү. Бирок, тереңирээк алганда, коопсуздук – бул милициянын гана ишинин натыйжасы эмес, ал коомдук турмуш кайсы баалуулуктарга жана принциптерге негизделгенин чагылдыруучу күзгү болуп саналат.

Коллегияда сүйлөп жатып, Адылбек Касымалиев милиция кызматкерлерине профессионалдуулук үчүн ыраазычылык билдирип, алардын өзгөчө жогорку деңгээлдеги эл аралык сапарлар учурунда коопсуздукту камсыздоодогу ролун белгиледи. Ал, ИИМ калк менен түздөн-түз байланышта болгон жана укук тартибине жооп берген орган катары мамлекеттик башкаруу тутумунда негизги орунду ээлей турганын баса белгиледи.

Ошол эле учурда: эгерде коопсуздук алдын алуу чараларына жана коомдун адеп-ахлактык багыттарына эмес, көзөмөл менен кесепеттерге чара көрүүгө гана таянса, анда ал канчалык деңгээлде туруктуу боло алат? деген суроо туулат. Тарых көрсөткөндөй, эгерде социалдык адилетсиздик, идеологиялык боштук жана мамлекет менен жарандардын ортосундагы ишеним кризиси сакталып кала берсе, күч түзүмдөрүнүн санын көбөйтүү жана санариптик көзөмөл куралдарын киргизүү дайыма эле кылмыштуулуктун азайышына алып келе бербейт. Буга карама-каршы мисал катары, 1930-жылдары Фергана шаарындагы органдардын саны тууралуу маалымат сакталып калган. Ал кезде бүтүндөй бир шаардагы бардык кылмыш иштерин, бир гана участкалык милиционер жөнгө салып келген.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы коомдук туруктуулукту өлкөнүн экономикалык ийгиликтери менен байланыштырды. Ал 2025-жылы Кыргызстандын жалпы бюджети, биринчи жолу 1 триллион сомдон ашып, 2020-жылдын көрсөткүчтөрүнөн дээрлик беш эсе жогорулаганын белгиледи. Бул өсүш, мамлекеттик органдардын ырааттуу ишинин жана экономиканын динамикалуу өнүгүүсүнүн натыйжасы катары көрсөтүлдү.

Бирок, экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзү эле, ички коопсуздуктун кепилдиги боло албайт. Материалдык ийгилик, баалуулуктун негизги таразасына айланган системада, кылмыштуулук көп учурда суктанууну калыптандырып, белгиленген эрежелерге каршы чыгуунун бир формасы же социалдык лифттин «альтернативдүү жолу» катары кабыл алына баштайт. Мындай чөйрөдө кылмыштуулук менен күрөшүү анын себептери менен эмес, болгону кесепеттери менен күрөшүүгө айланып калат.

Коомдун чыныгы коопсуздугу, мекемелердин отчетторунда же кылмыштын бетин ачуу статистикасында эмес, мамлекеттик түзүлүштүн негизинде кандай идеология, адилеттүүлүк жана жоопкерчилик тууралуу кандай түшүнүк жатканына жараша калыптанат. Адеп-ахлактык принциптерге жана мыйзам алдындагы теңчиликке негизделген так өнүгүү миссиясы болбосо, ар кандай институттук аракеттердин натыйжасы чектелүү гана болот. Дал ушул контекстте, коопсуздук маселеси, ИИМдин ишмердүүлүгүнүн алкагынан чыгып, бүтүндөй коомдун өнүгүү багытынын маселесине, адилеттүү Ислам идеологиясын кабыл алуу жана коопсуздуктун кепилдиги катары Халифат мамлекетин куруу маселесине айланат.

Хужжад Жамия

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button