Көкөйгө тийген кымбатчылык

Көкөйгө тийген кымбатчылык
БУУнун Азык-түлүк программасы 2025-жылы Кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн 10% кирешеси азайып кеткенин билдирди.
Маалыматка ылайык, орточо киреше айрыкча кыш айларында кыскарган. Алар ден соолугунан акча үнөмдөөгө аргасыз адамдардын катары калыңдаганын белгилешкен. Ушул тапта калктын 53% гана туруктуу иши же чарбасы бар болсо, 20% иштегендердинкирешесиазайган. 15% туруктууиши жок же кирешеситөмөн, 12% жардамгамуктаж.
Эске салсак, Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов буга чейин 16 жашка чейинки балдар арасында жакырчылык деңгээли 33% түзөрүн айткан. Анын ырасташынча, өткөн жылдын ортосуна карата бул көрсөткүч 25,7% түзгөн. Балалуу үй-бүлөлөрдүн арасында жакырчылык өтө жогору. 950 миңден ашык бала жакырчылык чегинен төмөн жашайт.
Мындан көрүнүп тургандай, Кыргызстанда айлык акы, пенсия жана социалдык төлөмдөр жогорулатылганы менен элдин колундагы каражат инфляцияны кубалап жетпей жатат. Айрыкча, азык-түлүк, ижара акылар эселеп өсүп жаткан чакта айлык акынын жогорулашы маанисин жоготууда. Былтыр жыл аягында расмий инфляция 9,2% чыгып кеткен. Учурда күйүүчү майлардын кымбаттап жатышы азык-түлүктүн баасына таасирин тийгизиши талашсыз.
Ошол эле маалда өлкөдөгү 20% үй-бүлөнүн кирешеси акыркы 12 айда тескерисинче көбөйгөн. Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай катмары кедейлерден 5 эсе көп киреше тапчу. Учурда бул айырма 10 эседен ашты.
Демек, маселе өлкөнүн импорттук товарларга көз карандылыгында эле эмес, балким бизди башкарып жаткан түзүмдүк көйгөйгө байланыштуу. Анткени, учурдагы капиталисттик системада мамлекет капитал ээлери үчүн шарт түзүп, ал эми коомдун негизги жүгүн калктын калың катмарына салык катары жүктөгөн. Ал эми, бизге окшогон коррупцияга, тааныш-билиштик кызыкчылыктарга негизделип башкарган өлкөлөрдө калктын жүгү дагы да оорлойт.
Мунун каршысында, Ислам байлар менен жакырлардын ажырымын азайтуучу экономикалык саясатка ээ. Ислам байлыкты бир жерге топтоп койбоо жана анын коомдун бардык катмарлары арасында бөлүштүрүлүшүн камсыз кылууну көздөйт. Муну зекет системасы камсыздап берет.
Зекет – бул байлардын жылдык кирешесинин бир бөлүгүн (2.5%) жакырларга жана муктаждарга берүү. Бул механизм коомдогу эң аярлуу катмарды колдоп, байлык бир ууч адамдын колуна топтолушуна жол бербейт. Анткени, зекет Куранда эскерилген 8 түрдөгү адамдарга гана берилип, мындай түздөн-түз жардам берүү социалдык теңдикке өбөлгө түзөт. Алла Таала айтат:
إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡعَٰمِلِينَ عَلَيۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَٰرِمِينَ وَفِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۖ
“Албетте, садагалар (зекеттер) жалаң жакырларга, мискиндерге (бечараларга), садага жыйуучуларга, көңүлдөрү (Исламга) дос кылынуучу кишилерге, моюндарды (кулдарды) азат кылууга, карыздар кишилерге жана Алла жолунда (тактап айтканда, казатка же ажыга кетип жаткандарга) ошондой эле жол жүргөн-мусаапырларга берилет” (Тообо: 60).
Ал эми учурдагы салык саясаты Исламдагы экономикалык саясатка карама-каршы келет. Учурдагы салыктар эч кандай шарий мааниге, тагыраагы, зекет же фитр садакалардын маанисине дал келбейт. Анткени, Исламда ар бир мыйзам акыйдадан, тагыраагы аят, хадис сыяктуу нусустарга негизделип алынат.
Мумтаз Маверанахрий




