Ливан боюнча Американын картасы

Ливан боюнча Американын картасы
2023-жылдын 7-октябрында болгон «Аль-Акса ташкыны» операциясынан бери эки жыл өттү. Андан кийин ошол эле айдын сегизинде Ливандан «колдоо согушу» деп аталган аракеттер болду. 2024-жылдын 27-ноябрында Ливанда ок атууну токтотууга, андан соң 2025-жылдын 9-октябрында Газада ок атууну токтотууга чейинки америкалык ыкманын уландысы байкалды. Ошондой эле Стив Уиткоф, Том Баррак же Морган Ортагус болобу айырмасыз, Америка элчилеринин Ливанга жана Палестинага жасаган сапарларын көрдүк. Айрыкча Баррактын кыймыл-аракеттери жана анын Ливан маселесине карата дээрлик дипломатиядан алыс, өтө орой жана ачык коркутуучу билдирүүлөрү көңүл бурдурду. Ал куралсыздандыруу ишин жүргүзүп, кыйыр, андан соң түз сүйлөшүүлөргө өтүп, нормалдаштыруу жана багынып берүүнү талап кылды. Анын талабына ылайык, яхудий түзүмү менен сүйлөшүүгө барылбаса, яхудий түзүмүнүн Ливанга соккулары кеңейтилмекчи.
Бул бүгүнкү күндө иш жүзүндө болуп жатат, айрыкча 13 жигит каза болуп, ондогону жаракат алган Айн аль-Хилва лагериндеги сокку муну ачык көрсөтүп турат. Андан соң түштүк Дахияга жасалган соккуда Ливандагы Иран партиясынын башкы штаб башчысы Хайсам Али ат-Табатабаи жана аны коштогондор өлтүрүлдү. Яхудийлер Бейрутка сокку уруу тууралуу Америкага алдын ала маалымдаганын жарыялашты. Бул иш Америка ок атууну токтоткондон бери Бейрут борборуна сокку урууга тыюу салып келгенине байланыштуу «уруксат суроо» иретинде жасалганы айтылды. Америкага соккудан мурдабы же сокку учурунда маалымдалдыбы айырмасыз, Бейруттагы яхудийлер менен Американын орток максаты үчүн натыйжа бир: Америка бардык тараптарды өзүнүн саясий багыттарына милдеттендирген план же карта менен иш алып барып жатат. Буга Газада согушту кайра ачпоого болгон ачык каршылыгы жана Коопсуздук Кеңешинин 2803-резолюциясын кабыл алдыруу аракети да кирет. Анда «Тынчтык кеңеши», «өткөөл башкаруу администрациясы» жана «убактылуу эл аралык стабилдештирүү күчү» деген аталыштар менен колонизаторлук башкаруу түзүү каралган.
Ошондой эле, түштүк Дахиядагы аба соккусунда каза болгондорун жоктоо билдирүүсүндө «Ливан жана анын эли үчүн курмандык» деп Иран партиясы жаңы аталышты колдонгону байкалды. Бул мурда бардык курмандыктарын жоктоодо колдонуп келген «Кудс жолунда» деген аталыштын ордуна айтылды. Бул, Иран аны жалгыз калтыргандан кийин, абалды аңдап түшүнгөнүн т.а. азыркы этап нормалдашуу жана багынып берүү этабы экенин көрсөтүшү мүмкүн. Ошентип, эң жогорку жетекчилик катмар ок атууну токтоткондон кийин өлгөндөр менен жарадарлардын саны миңден ашканына карабастан, алар маселени Ливан бийлигине калтырды.
Белгилүү болгондой, азыркы сүйлөшүүлөр кыйыр түрдө жүрүп, Иран партиясы яхудий түзүмү менен сүйлөшүүлөргө жарандык фигураларды да камтыган делегациялардын катышуусуна макул болду. Бул партиянын ички чөйрөсүн ийкемдештирүүгө жасалган аракетти көрсөтүшү мүмкүн. Ошондой эле америкалык талап менен Ливан бийлиги өлкө ичиндеги кайсы бир тарап менен аскерий кагылышууга баргысы келбегени айкын. Яхудий түзүмүнүн аскерий басымдары жана Американын саясий кысымдары уланып, Ливан бийлигинин ички «сокку уруучу колун» узартуу жүрүп жатат. Мунун эң көрүнүктүү мисалы — коопсуздук жагынан эң татаал болуп келген, мурда качкын сириялык режим жана Иран партиясы коргоп келген Нух Зуайтер ишинин жабылышы.
Америка картасынын белгилери «Аль-Акса ташкыны» операциясы жана андан кийинки окуялар менен гана башталган жок. 2019-жылдан тарта Америка аймактагы эң ири элчилигин куруу жолуна түшкөн, айрыкча Ливанда ири аскерий жана логистикалык мүмкүнчүлүктөр бар. Бул 2019-жылдын октябрында аянттарда башталган революция маалында Ливан режими жана бийлиги алсырап турганына, андан соң корона кризисине карабастан жасалды. Тескерисинче, Америка Ливанды өлкө менен аймакты саясий башкарууну көзөмөлдөй турган платформа катары, ошондой эле Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги байлыктарды, өзгөчө аймакта ири көлөмү бар табигый газды башкаруу үчүн ыңгайлуу чекит катары көргөнү байкалат.
Бул жалпы баяндамадан кийин америкалык пландын негизги белгилерин кыска жана камтуучу аталыштар менен төмөнкүчө чагылдырууга болот:
- Коопсуздук чөйрөсүн кайра калыптандыруу жана Ливан–Палестина чек арасын көзөмөлдөө.
- Ливанды Американын түз таасирине баш ийген туруктуу аймагына айлантуу.
- Ливандык Иран партиясынын куралын жалпы кагылышуусуз көзөмөлдөө.
- Саясий-экономикалык келишимди түзүү.
- Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги газды өздөштүрүү жана атаандаш таасирлерди четтетүү.
Муну менен катар Ливандын ичиндеги жагдайлар:
- Президенттин (мурдагы армия кол башчысы) активдүү ролу жана анын америкалык саясат менен байланышы.
- Американын Ливандагы саясатын ишке ашырууда көбүрөөк берилген адамды коюу үчүн азыркы армия кол башчысын алмаштыруу ыктымалдыгы.
- Ливан банкынын таасири жана доллар саясаты Американын максаттарына жетишине кызмат кылууда. Анткени экономикалык эч кандай жаңы негиздер болбосо да, ал тургай яхудий түзүмүнүн Газадагы согушу маалында Ливанга каршы жүргүзгөн согуш учурунда да, валюта курсу таң каларлык түрдө туруктуу сакталды.
- Экономикалык жана медиа элиталардын Батыш долбоорлору менен байланышы. Муну яхудий түзүмү менен алаканы жайылткан маалымат каражаттарынын жана саясатчылардын көбөйүшүнөн байкоого болот.
- Ибрахимия долбоорунан пайда көргөн чиркөөлөрдүн жана тайпалардын ролу.
Бирок Америка мунун баарына жетише алабы?! Америка азыркыга чейин дүйнөдөгү биринчи ири держава бойдон калууда. Ал аймак маселесин жана аны нормалдаштыруу көз карашына ылайык кайра калыптандырууну, Украина–Россия маселесин Европанын ролун чектеп, аны Америкага жана НАТОго таяныч кылуу көз карашында башкарууда. Ошондой эле Украина согушунун негизинде орус-кытай алакасын алсыратууга жана Кытайдын өсүшүн токтотууну каалаган коркунуч катары анын аймактык чөйрөсүндө жана эски же жаңы соода жолдорунда кысымга алуу аркылуу көзөмөлдөөгө аракет кылууда.
Бирок Америка чоң Буш жана кичи Буш каалагандай жалгыз уюл боло алган жок. Ал 1992-жылдагы Клинтон доорундагыдай, башка ири державалардын катышуусун кабыл алган саясатка кайтып келди. Анын каржы системасы ачык эле ийгиликсиз, бирок дүйнөдөгү америкалык таасирлердин эсебинен кулабай турат. Бирок анын ийгиликсиздигин толук ачып бербей жаткан эң маанилүү нерсе — аны дүйнөдөгү биринчи держава ордунан түртүп чыгара турган башка күчтүн азырынча жоктугу. Бул Аллах Тааланын ааламдагы суннаты:
﴿وَلَوْلَا دَفْعُ اللَّهِ النَّاسَ بَعْضَهُم بِبَعْضٍ لَّفَسَدَتِ الْأَرْضُ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ ذُو فَضْلٍ عَلَى الْعَالَمِينَ﴾
«Эгер Алла адам баласынын айрымдарын айрымдары менен кайтарып турбаганда, шексиз, жер жүзү бузулуп кетмек. Бирок Алла бүткүл адамдарга кененчилик, жоомарттык кылуучу!» (Бакара: 251).
Бул күч Аллахтын уруксаты менен, андан соң аракет кылуучулардын иши аркылуу, пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалык болот. Ал үчүн Хизб ут-Тахрир күндү түнгө улап иш алып барууда.
Бул америкалык картага саясий күрөш менен каршы туруу зарыл. Ливанда жана аймакта аны жүзөгө ашырган ар бир тарапка — саясий болобу, экономикалык болобу же диний болобу — каршы күрөш жүргүзүлүшү керек. Бул өзүбүз көтөрүп жүргөн мабданын фикраты жана тарикаты аркылуу бекем турууну талап кылат. Дал ушул амалий жана жалгыз саясий альтернатива катары анын белгилерин ачык көрсөтүүнү улантуу керек болгон так саясий багыт.
Бул күрөш убактылуу эмес, стратегиялык күрөш. Бизди, Аллах Тааланын уруксаты менен, жамандыктын көптүгү коркутпайт:
﴿قُلْ لَا يَسْتَوِي الْخَبِيثُ وَالطَّيِّبُ وَلَوْ أَعْجَبَكَ كَثْرَةُ الْخَبِيثِ فَاتَّقُوا اللَّهَ يَا أُولِي الْأَلْبَابِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ﴾
«(Эй Мухаммад), айткын: «Эгерде таза эмес (арам) нерсенин көптүгү силерди кызыктырса да, таза эмес нерсе таза нерсеге тең болбойт. Демек, эй акыл ээлери (азаптан) кутулууңар үчүн Алладан корккула!». (Маида: 100).
Инженер Мажди Али
Роя гезити




