Комментарий

Маалымат каражаттарынын Ислам жана мусулмандарды жаман көрсөтүү аракети

Маалымат каражаттарынын Ислам жана мусулмандарды жаман көрсөтүү аракети

Британиядагы массалык маалымат каражаттарынын дээрлик жарымы мусулмандар тууралуу терс маалыматтарды чагылдырышат. Бул тууралуу Маалымат каражаттарына мониторинг жүргүзгөн борбордун (CfMM) жаңы изилдөөсүндө айтылды.

Борбордун изилдөөсүнө ылайык, 2025-жылы Британия басма сөзүндө жарыяланган жана мусулмандарды же Исламды камтыган материалдардын чоң бөлүгү атайылап жаман көрсөтүү учурларын камтыйт. Макалалардын болжол менен 70 пайызы мусулмандарды терс көрүнүштө көрсөткөн.

Борбордун адистери Британиядагы 30 ири басылманын 40 913 макаласын талдап чыгышкан. Анализдин жыйынтыгында болжол менен 20 миң материал бир тараптуулукту камтыгандыгы аныкталган. Баяндамада мындай тенденциялар мусулман коомчулугу тууралуу туура эмес коомдук түшүнүктөрдүн калыптанышына таасир кылгандыгы айтылат.

Борбордун башчысы Ризвана Хамиддин айтымында, жыйынтыктар Британия басма сөзүндө мусулмандарды чагылдырууда олуттуу системалык көйгөйлөр бар экенин ачыктаган жана бул тенденция өлкөдөгү мусулмандар тууралуу коомдук пикирге терс таасир кыларын көрсөткөн.

Комментарий:

Жогоруда көрсөтүлгөн изилдөө Батыш маалымат каражаттары чынчыл, калыс деген пикирлерди төгүндөйт. Бул маалымат каражаттары Исламды жана мусулмандарды жек көрсөтүшөт жана алардын чыныгы көрүнүшүн чагылдыруудан алыс. Себеби, алардын баары бийлик тарабынан толук көзөмөлдөнөт. Көзөмөлдөн одоно чыгып кеткен маалымат каражаттары жабылат.

Батыш өлкөлөрү Исламды капитализмге каршы турган альтернативалык идеология деп билишет. Ошондуктан, Ислам капитализмди кулатып, адамдар Исламга тартылып кетпеши үчүн Исламды жана мусулмандарды системалуу түрдө жаман көрсөтүү маалымат каражаттарынын туруктуу иш-аракетине кирет. Андан тышкары, Америка башында турган Батыштын мусулман өлкөлөрүндөгү кыргындарын, зордуктоолорун жана зомбулуктарын актоо үчүн мусулмандарды жаман көрсөтүү зарыл. Түпкүлүгүндө, Батыш мусулман өлкөлөрүндөгү кен байлыктарды талап-тоноп, кыргындарды, согуштарды алып барууда. Маалымат каражаттары Батышты жакшы көрсөтүп, куткаруучу катары жар салып, ошол эле маалда мусулмандарды жапайы кылып, кудум бул согуштардын себепчиси катары көрсөтүп келишет. Алардын эң эле белгилүү карманган сөздөрү бул: “терроризм”, “экстремизм”, “Ислам орто кылымдарга алып барат”, “Ислам аялды кемсинтет”.

Ирак, Афганистан согушунда “терроризмге каршы күрөшүү” деген ураан алга сүрүлдү. Ал шылтоонун натыйжасында АКШ Ирак жана Афганистанды басып алып, миллиондон ашык мусулмандар кыргын болду. Ошондой эле, Газадагы согушта Батыш маалымат каражаттары өз жери, эли, дини үчүн күрөшүп жаткан мусулмандарды “террорист” деп атап, 70 миңден ашуун мусулмандарды кыргын кылган “Израилди” болсо ар таптан актап, анын бардык аракети мыйзамдуу деп айтып келишет. Ага карабастан, Батыштын маалыматтык блокадасын жарып өткөн социалдык тармактар Батыштын жана “Израилдин” чыныгы жүзүн, кылмыштарын ачыкка чыгарды. ал тургай, Газадагы мусулмандардын бекемдигин көрүп илхамданган батыштыктар Ислам динин кабыл алышканын жарыялашты. Себеби, алар маалымат каражаттары таңуулап келген мусулмандардын жалган элесин эмес, чыныгы мусулмандарды көрүштү, алардын ыйманын көрүп суктанышты.

Учурда АКШ менен “Израилдин” Иранга каршы согушунда да бул абалды көрүүгө болот. Башкача айтканда Батыштын маалымат каражаттары согуштун себепчиси Иран деп көрсөтүүгө урунууда. Андан тышкары, АКШ белгилеген багыттан тышкары чыккан басылмаларга чектөө киргизилиши мүмкүндүгү айтылууда. Тагырак айтканда, АКШнын Байланыш тармагы боюнча федералдык комиссиясынын башчысы Брендан Карр Иран согушундагы АКШнын аракеттирин сындаган басылмалардын лицензиясын жокко чыгаруу менен коркутту. Аткаминер маалымат каражаттарынын иш-аракеттери бийликтин саясатына шайкеш келиши керектигин билдирди. Бул да болсо, маалымат каражаттары бийликке моюн сунарын, моюн сунбагандар чектелип, иш-аракети токтотуларын көрсөтүүдө.

Бул окуялар бүгүнкү күндөгү мусулмандар жана Ислам жөнүндөгү терс пикирлер атайылап алып барылган саясаттын, үгүттүн натыйжасы экенин ырастап турат. Ошондуктан, мусулмандар маалымат каражаттары айтып жаткан нерселерге сокурларча ээрчип кете берүүдөн оолак балушу шарт. “Терроризм”, “экстремизм” жана башка Исламды жек көрсөткөн пикирлер жана терминдер мусулмандарды атайылап жаман көрсөтүү жана Батыштын колонизаторлук саясатын, дүйнөгө өкүмдарлык кылуусун жүзөгө чыгаруу үчүн ойлоп табылып, ишке салынып жатканын аңдап жетишибиз керек.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button