Абактагы китепкана жана идеологиялык басым

Абактагы китепкана жана идеологиялык басым
Өзбекстанда жаңы мыйзам кабыл алынып, ага ылайык соттолгондор үчүн жазасын кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Мамлекет тарабынан дайындалган тизмедеги ар бир китепти окуган жазалануучу абакта өткөрө турган мөөнөтүн үч күнгө азайта алышат. Жылына эң көп дегенде 30 күнгө чейин кыскартууга уруксат берилет.
Бул мыйзам расмий түрдө кылмыш-аткаруу системасын гуманизациялоо жана соттолгондордун руханий-адеп-ахлагын тарбиялоо кадамы катары сунушталууда. Бирок бул сунуш сыртынан инсандык баалулуктарды көрсөтмөкчү болгону менен, бул демилгенин аркасында, мамлекеттик саясаттын “тандалма жана идеологиялык мүнөзү” катылып, таалим жаатында карама каршылыктар бекитилген.
Жеңилдик бериле турган китептерди Республикалык руханият жана таалим борбору аныктайт. Бул, адабият расмий саясатка ылайык болушун жана мамлекеттик аппараттын түшүнүгүнө жараша «туура» адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырышын түшүндүрөт. Тагыраагы, азыркы саясий же идеологиялык багытка туура келбеген идеяларды камтыган чыгармалар четтетилет. Ушундай ыкма аркылуу мамлекет моралдык чыпканын ролун өзүнө алып, соттолгондор жана алар менен бирге бүткүл коом да, руханий түзүм катары эмнени кабыл алышы керек экенин белгилеп берет.
Бул демилгени укуктук практиканын башка тарабы менен салыштырганда, анык көздөлгөн максат белгилүү болот. Диний китептерди окуу жана таркатуу үчүн, айрыкча ислам китептерине кылмыш жоопкерчилиги каралган. Өзбекстан өкмөтү тарабынан, экстремисттик деп түшүнүлгөн китептер үчүн катуу жаза мыйзамдары бекитилген. Бул мыйзамдарга көрө, мындай китептерди көтөрүп жүргөн адамдар, эркиндигинен ажыратылат. Көпбүнчө чыныгы коркунуч туудурбай турган, эл арасында кеңири тараган диний эмгектер үчүн жарандар бул жаза чаранын курбандыгына айланышат. Эл арасында кеңири тараган китептерге, мамлекеттик экспертизадан өтпөгөндүгү үчүн же бийлик тарабынан «расмий» деп таанылган исламга дал келбегендиктен тыюу салынат.
Ошентип, өлкөдө өнүгүү, илим алуу, руханий изденүү көзөмөл куралына айланды. Айрым китептер жаза мөөнөтүн кыскартып жатса, башка китептер камакка жана мөөнөттүн узарышына себепкер болуп жатат. «Руханийлик» “адеп” жана «тарбия» ураандарынын артында идеяларды чыпкалоо саясаты жүргүзүлүүдө. Мамлекет «уруксат берилген адеп-ахлактын» моделин жайып, моралдык жана ички руханий өсүү эркиндигин тыйып, жат идеологияны коомго таңуулап жатат.
Өзгөчө тынчсыздандырып жаткан жери – бул демилгенин алкагына идеологиялык айыптар менен соттолгондор, анын ичинде диний ишенимдери үчүн эркиндигинен ажыратылгандар киргизилген жок . Мыйзам өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга иштебейт. Бирок дал ушул категорияда, өзүнүн көз карашы үчүн “жасалма адилеттүүлүктүн ”курмандыгына айлангандар аябай көп. Бул «гуманизация» баарына эмес, бийлик сунуштаган идеологиялык чектөөлөргө ыраазы болгондорго гана тийиштүү экенин көрсөтөт.
Китеп окуганы үчүн жазаны кыскартуу мыйзамы жөн гана укуктук демилге эмес. Ал мамлекеттин аң-сезимди көзөмөлдөөгө багытталган кеңири саясатынын бир бөлүгү. «Туура» ойлор чектелип, альтернативдүү билим булактарына жетүү басаңдатылган шартта мындай чара чыныгы руханий өнүгүүгө эмес, бийликке болгон лоялдуулукту бекемдөө механизми болуп калууда. Бул демилгеге ылайык, моралдык тандоо эркиндиги тууралуу айтылып жатканда, мамлекет каратып жаткан багытка баш ийүү түшүнүлөт.
Худжад Жамия